КЫРГЫЗ ЭЛИ ЧЫГААН АКТЁРУНАН АЙРЫЛДЫ

Кыргыз эли дагы бир залкар талантынан айрылды. Кино жана театр актёру, Бопуш аты менен калың элге таанылган талант Марат Жанталиев 9-июнь күнү 59 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды. Комедиялык, драмалык ролдорду ийине жеткире аткарган сүймөнчүк актёрду замандаштары, жакындары эскеришет.

МАРАТ ЖАНТАЛИЕВ ТУУРАЛУУ:

Марат Жанталиев 1961-жылы 3-мартта Нарын районунун Лохол айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси болчу. Ата-энеси айылга белгилүү, абройлуу дарыгерлерден болгон. Ата-энеси Марат Жанталиевдин актёр болушуна каршы чыкканына карабай ал 1978-жылы Москва шаарындагы Кинематографиялык институтка тапшырып, өтүп кеткен. Ал аталган окуу жайдын кино актёр бөлүмүнө өткөн алгачкы кыргыздардын тобунда эле. Алгачкы актёрлук жолу "Кыргызфильм" кино студиясында башталган. Биринчи жолу режиссёр Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Саяк аттуу баланын ролун аткарган. Кийин Мелис Убукеевдин «Улуу манасчы» киносунда Саякбай Каралаевдин жаш кезиндеги образын жараткан. Таланттуу актёр театрда жана кинодо комедиялык ролдору, айрыкча Бопуш аты менен калың элге таанымал болду. "Күлкүлятор", “Алтынчы күнү кечинде” ситкомдору менен элди күлкүгө бөлөй алды. Бир канча спектаклдерде, “Президент жана бомж”, “Саякбай”, “Айыл өкмөтү”, “Чиркин өмүр” жана башка тасмаларда ойногон. Өмүрүнүн акыркы жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип жаткан.

Актёрдун артында 30 жыл бирге түтүн булаткан өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева, 2 уул, 1 кызы калды.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: “ӨЗҮ ЖАРАТЫП ЖАТКАН ОБРАЗЫН КӨРҮП ЧОЧУП КЕТТИ”

– 2016-жылы “Саякбай” тасмасын тартууну баштадык. Марат Жанталиев режиссёр Мелис Убукеевдин “Улуу манасчы” тасмасында Саякбайдын жаш кезин ойногон эмеспи. Менин тасмамда “Саякбайдын карыган кезин Марат ойноп берсе” деп божомолдоп жүргөм. Кастингге көп актёрлорду чакырдым. Марат сырткы келбети менен туура келди. Бирок аябай арыктап калыптыр. Ошондо “Марат, мен сени Саякбайдын образында көрүп жатам. Бирок съёмкага 2 ай калды. Семирбесең сени тарта албайм. Башка бирөөгө токтолгонго мажбур болом. Анткени чыпалактай Саякбай болуп калат экенсиң” дегем. Ал “болду-болду, ушунун айласын табайын” деп кеткен. 2 айга жетпей “пробага келип кетесиңби?” деп чакырсам кадимкидей бети толмоч келип, курсагы чыгып калыптыр. Мурут чаптап, тебетей, чепкен кийгизсек эле Саякбайдын өзү болуп калды.

Маратты эл куудул Бопуш катары кабыл алып калышкан да. Саякбайдын ролуна Мараттын бекилгенин укканда баары каршы чыгышты. Жадакалса Кинематография департаментинен чалышты. Теңтуштарымдан да “куудулду тандап алып киноңду өлтүрүп алба” деген сын-пикирлерди көп уктум. Бирок өзүм Саякбайдын образында Маратты гана көрүп жаттым.

Тартуу иши башталганга чейин өзүн экрандан көргөн эмес. Бир жолу мониторумдан көрүп “ой, бул Саякбай турбайбы” деп өзү жаратып жаткан образдан чочуп кетти. Марат тартылган кадрларды бир дубль менен эле тартып жаттык. “Мындай кыл, тигиндей кыл” деп багыт берген жокмун. Марат башынан аягына чейин образдан чыккан жок. Өзү да “мен ойногон жокмун, ишенесиңби, мени бирөө ойнотуп жатат” деди. “Саякбай сени колдоп, жардам берип жаткан экен” дедим.

Аягында Саякбай бүркүт менен коштошуп жаткан жерин да бир дубль менен аткарды. Тасмага тартылган бүркүт жаш барчын болчу. Жакшы уча алчу эмес. Ошентсе да адамдын сөзүн түшүнөт экен. Коштошуп учурса асманда айланып учуп, кетип калды. Ээси 4 сааттан кийин токойдон таап келди.

Мараттын ооруп жүргөнүн билчү эмесмин. Бутун сындырып алган эле. Ошентсе да “Түркияны көрүп кал, чогуу баралы” деп, барып келгенбиз. Маратты колтуктап алып жүрдүм. 2 телекөрсөтүүгө катышып келди. Калган учурда номерде эле телевизор көрүп отурду.

Карапайым, жаман сөз сүйлөбөгөн, ич күйдүлүгү жок сонун адам эле. “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземинде “Мыкты актёр” наамын Мараттан башка эч ким албайт, ушундай образ жаратып жатса” деп турганда “Апамды издеп” деген тасмада башкы каармандын ролун ойногон кичинекей бала (ред.: Азамат Уланов) алып кетпедиби. Маратты сооротоюн деп барсам, ошол балага жан дили менен кубанды. “Жаш баланын өркүнү өссүн, жаш бала алсын” дегенде таң калдым. Башка адам болсо ичи күймөк. Анткени мындай аземдерде жаман абалда калган далай актёр, актрисаларды көргөм да.

Залкар атка татыган талант ар дайым жүрөгүбүздө болот.

Эгемберди Чалабаев, Кыргыз Эл артисти: “МАРАТТЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ ЖАШТАР КӨП ЖҮРЧҮ”

– 1983-жылдары Марат Москвадан ВГИКти бүтүрүп келди. Ошондон баштап курдашпыз. Кудайым Мараттын боюна талантты, өнөрдү сиңирип койгон экен. Комедиялык актёр катары гана эмес, драмалык актёр катары да ролду ийине жеткире ойногон инсан экен. Театрга Элвира Ибрагимова деген режиссёр келип, анын “Келиндер козголоңу” спектаклинде чалдын образын жаратты. Чалдын жан дүйнөсүн жеткиликтүү ачып бергенине, актёрдук жөндөмдүүлүгү биз күткөндөн да бийик экенине таң калдым.

Жаштар Мараттын тегерегинде байыр алып көп жүрчү. Бүгүн алар: “Улуу актёрлордон сын-пикирлерди укканда кандайдыр бир иренжип, капа болуп калчубуз. Марат байке атадай мамиле кылып, ар бир образыбызга сүңгүп кирип, түшүндүрүп берчү. Театрга Марат байке келбей калса сагынып турчубуз”,- деп ыйлап жатышат.

Мараттын интеллектуалдык маданияты да өтө бийик болчу. Мисалы, кайсы адам болбосун буюм алса, сыйлык алса үйүнө сүйүнчүлөп барат эмеспи. Марат "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган кезде үйүнө барбастан, театрга келип, театр жамааты менен сүйүнүчүн тең бөлүшкөн.

Жараткан кээ бирине талантты берсе, кээ бирине адамдык сапатты эле берип коёт эмеспи. Маратыма, бейиши болгурга адамдык сапатты да, өнөрдү да берген экен. Аз өмүр сүрсө да менин кесиптешим, досум, курдашым саз өмүр сүрдү.

Марат ооруканага көрүнүп жүрчү. “Капас” спектаклимден роль берейин десем “ошону тим эле койчу. Азыр доктурга көрүнүп жатам, жакшы боло албай жүрөм. Жакшылап дарылангандан кийин ойнойм” деген эле.

Акыркы жолу 2-июнда чогулушта жолуктук. Мен аны Марчелло Мастроянни (ред.: италиялык актёр) деп койчумун. “Марчелло, кандай, новому бою готов?” десем, “всегда готов!” деп тамашалаштык эле.

Марат досумдун жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун!

Айнура Тургунбаева, актриса: “ООРУКАНАДА КОМАГА ТҮШҮП КАЛЫПТЫР”

– Бопуня бирөөгө жаман сүйлөбөгөн, бирөөнү сөкпөгөн, сырга бекем, алтын киши болчу. Ал менин эң жакын досум болду. Сырымды да, ырымды да Бопушка айтчумун. Эркек киши менен аялдын ортосунда достук болбойт дешет. Бирок мен достук болот деп айта алам. Экөөбүздүн чогуу иштеп, дос болуп жүргөнүбүзгө 30 жылдай убакыт болуптур. Мен Бопушту азыр гана, көзү өткөндө мактап калган жокмун, көзүнүн тирүүсүндө деле маектеримде анын жакшы адам экенин айтчумун. Экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы билчүбүз, эмнени ойлоп, эмнени айткыбыз келип жатканын да бир көз караштан түшүнчүбүз. Ал эми чыгармачылык жагына келсек, бул киши таланттын таланты болчу.

Бопуштун бөйрөгү, ашказаны ооручу. Карантиндин алдында бөйрөгүн доктурга көрсөткөндө доктур дары жазып берген эле. Ооруканага жатып дарыланайын деп жатса карантин болуп калды. Карантинден кийин дарыланам деп жүргөн. Аңгыча эле минтип бөйрөгү иштебей калып, байкушум ошондон үзүлүп кетти. Мен анын ооруканага түшкөнүн угуп барсам, комага түшүп калыптыр. Сүйлөшө албай калдым. Ага чейин 2-июнда театрга келген. Жакшынакай болуп, маскасын кийип келип, чогулушка катышып кеткен эле.

Ырыс Окенова, режиссёр: “АР БИР РОЛУНА ДЫКАТ МАМИЛЕ КЫЛАР ЭЛЕ”

– Мен Марат байке менен 2012-жылы “Президент жана бомжду” тартканда иштешип калдым. Ал ар бир ролуна дыкат мамиле кылар эле. Тартуу иштерине чейин өзүнчө отуруп алып ар бир эпизодго даярданып калчу. Ал жөнөкөй, жайдары, эч кимге зыяны жок, эч кимдин көңүлүн калтырбаган, жүрөгү таза, күлүп-жайнап жүргөн киши эле. Ал кишиге көбүнчө комедиялык образдар туш келип жатты. Бирок байке олуттуу образдарды да мыкты деңгээлде аткармак. Потенциалы күчтүү актёр болчу. Ар бир ролу үчүн ыраазы болуп, ал ролду алганын жаш баладай кубанып айтып берчү эле. 2012-жылы кинобуз чыккандан кийин биз пиар иштеринин алкагында телеберүүлөргө, радиоберүүлөргө катышып жаттык. Бир ирет Марат байке радиоберүүгө кечигип калды. Алпаруучу экөөбүз эфирден “Эмгек сиңирген артист Марат Жанталиев жолдо келе жатат” деп айтып койдук. Эмнегедир наамды алган деп ойлоп жүрүптүрбүз. Эфирге келип, “мени аябай кубандырып койбодуңарбы. Мен наам ала элекмин. Оозуңарга май, ошондой болсо кана?!” деген эле. Ошондо деле жашы 50дөн ашып калган да. Байке наамды кеч алды деп ойлойм. Ага "Эмгек сиңирген артист" наамы 2 жыл мурун эле берилди да. Өкүнүчтүү, эрте кетти. Кыргыз маданияты дагы бир чоң жоготууга учурады.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты мезгилсиз дүйнө салган Марат Жанталиевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Динара Абдыкадырова, Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан