ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ КУТТУКТАБАЙ КОЙГОНУ ҮЧҮН СҮЙҮКТҮҮСҮНӨ БЫЧАК САЙГАН

Англиянын Манчестер шаарынын тургуну сүйүктүүсү туулган күнүндө телефон чалып куттуктабай койгону үчүн ага бычак сайды. Окуя тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Женет Кернс аттуу 45 жаштагы аял Алан Пирс аттуу 60 жаштагы киши экөө 3 жылдай мамиле куруп келишкен. Кийин Кернс сүйүктүүсүн жөнү жок кызганып, “мага жакшы көңүл бурбай жатасың, башканы таап алган болсоң өлтүрөм” деп коркутуп баштаган. Мындан улам экөөнүн мамилеси солгундап, Пирс жубайынан кетүүнү чечкен. Бирок ортодогу мамилени толук үзүшкөн эмес, Пирс Женет Кернсти туулган күнү менен куттуктап СМС билдирүү жазган. Бир аздан кийин Кернс анын үйүнө келип, “мага телефон чалып куттуктабайсың” деп уруш чыгарган. Пирс полиция чакырган, ачууланган Кернс ашканадан бычак алып келип сүйүктүүсүн сайып салган. Полиция келип, эси ооп жаткан Пирсти ооруканага жеткирип, аялды кармап кетишкен.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан