АКШнын Лос-Анжелес шаарынын 27 жашар тургуну көкүрөгүн чоңойтуп куурчакка окшошкусу келген, ал буга 70 миң доллар короткон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Сафайр Сейнт аттуу кыз көкүрөгүн 7-размерге чейин чоңойткон, мурдунун формасын өзгөрткөн, бетине ботокс сайдырып тарттырган жана эриндерин чоңойттурган. Мындан тышкары ал өзүн акылсызыраак кыла турган 4 сааттык гипноз-сеанска барат. Муну менен ал “чоңдорго арналган куурчакка” окшошууну көздөөдө.
Эми ал жамбашын чоңойттуруп, кабыргаларын алдырууну да көздөөдө.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg