БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сегиз күндө шаарды жакшы эле билип калдым. Эртеден кечке басып, үйгө чарчап келем да диванга кулайм. Шаардын өзүндө жашагандар деле менчелик түрө кыдырып чыкпаса керек.

Юлайдан кабар барбы деп күндө эртең менен подъезддин эшигин карайм. Тогузунчу күнү да, онунчу күнү да белги болгон жок. Шаар менен таанышууну улантып жаттым.

Он биринчи күнү кечинде сегиздерде үйгө келсем эшиктин сол жагында "п" деген тамга жазылып калыптыр.

Кат бекитип кетиптир, эч кимге байкатпай алып, үйгө кирип окудум.

"Эртең кечки саат 10до 12-03 сени үйүңдүн артында күтөт, экөөң келе бергиле. Сырт кийимиң, бутуңа кийгениң да кара же көк түстө болсун, жаныңарга ашыкча буюм албагыла. Калганын 12-03 түшүндүрөт",- деп жазыптыр Юлай.

Эртеси саат 10до үйдүн артына өтсөм Албан туруптур, Ауди 80 минип алыптыр. Түн ката бир жакка жөнөдүк.

– Ерхандар бир жерде корпоративде экен, 12-01 Ерханды ошол жерден кармайбыз деп жаткан окшойт,- деди бир маалда.

– Алар көпчүлүк болуш керек, кантип кармайт элек?

– Билбейм, дагы бирөөлөр бар окшойт да. Бизди андай иштерге аралашпайсыңар деди эле го. Мейли, бара берели, көрө жатарбыз.

– Башка балдар да барабы?

– Билбейм, аны Юлай эле билбесе.

– Ерханды Юлай бир "умный" жол менен кармайт деп ойлоп жаттым эле.

Албан мени таң кала карап койду да:

– Биз издеп жатабыз, Самат, Ерхан өтө сак экен. "Уюкка" кирип кетип чыкпай жатат. Качантан бери аңдыйбыз, деги бир сыртка чыкканын көрбөдүк. Ерхандын ресторанга келгенинен деле күмөнүм бар. Менин оюмча, Юлай Ерханды "уюгунан" чыгарайын деп эле бир нерсе уюштурду окшойт.

– Балким.

Шаардан сыртка чыгып токтоп, машинаны калтырдык да, он мүнөттөй жөө басып бир токойлуу жерге жетип токтодук. Албан рациядан Юлайга "келдик" деп кабар берди. Юлай тез жетип келди. Үстүндө десанттардын кийими, бутунда берца, үч автомат асынып алыптыр. Жүрөк шуу дей түштү, согушка келгендей эле даярданып келиптир. Албан экөөбүз бири-бирибизди тиктеп алып, кайра экөөбүз тең таңдана Юлайды карадык.

– Сөз мындай, балдар, азыр мен силерди эки жерге коюп кетем. Рациядан "огонь" дегенде асманга бир мүнөттөй автоматтан ок аткылап, анан дароо кетип калгыла. Болду, силердин ишиңер ушул. Ме, кол кап, кийип алгыла,- деп экөөбүзгө ыргытты. Атып бүткөндөн кийин автоматтарды ошол жерге таштап койгула. Манжаларыңардын изи калбасын,- деп катуу дайындады да, экөөбүзгө бирден автомат карматты. Баарыбыз бир жакка чуркап жөнөдүк. Ерхандар токойдун арасында, балык ферманын чакан ресторанында майрамдап жатышат дейт.

Он беш мүнөт токойдун ичи менен басып, Ерхандар отурган жерге жакындап келдик. Мени ресторандын батыш тарабына калтырып, Албанды ээрчитип түндүк тарабына кетти. Токойдун чок ортосунда жыгачтан курулган ресторан экен. Тегереги бүт балык кармаган көлмөлөр. Короодо көп деле киши байкалбайт. Кароолчу окшойт, жашы 50дөн өтүп калган бир киши көлмөлөрдү айланып сууга бирдемелерди чачып жатат. Балыктарга жем берип жатат окшойт дедим ичимден. Дубалдын ары жагынан түтүн чыгып жатат, демек, очогу ошол жакта экен. Ресторанга кире бериште 3 жол тандабас, бир кичи автобус турат. Короонун ортосунда бир ак алабай байлануу.

Бир жоон дарактын артына бекинип, рацияны текшерип, автоматымды даяр кармап отурдум. Беш мүнөттөн кийин Юлай менин жаныма келип, рациядан шыбырап бирөөлөргө буйрук бере сүйлөп жатты. Сүйлөгөнүнө караганда, бул жерде бизден башка балдар көп эле окшойт. Үч мүнөттөй ар кимге ар кандай буйруктарды берип отурду. Бир маалда кулагымдагы наушниктен Юлайдын үнү чыгып калды:

– 12-02, кандай угуп жатасың?

– Жакшы, 12-01.

– Макул, даярдан!- деп коюп эңкейе чуркап жанымдан өтүп кетти.

Он мүнөттөн кийин ресторандын ичинен автоматтын, тапанчанын үндөрү угулуп, ызы-чуу башталып кетти. Кыйкырган, бакырган үндөр, топурап туш-тарапка качкан адамдар. Эмне кыларымды билбей туруп калдым, Юлай мага буйрук берген болсо укпай калдымбы деп рациямды текшерсем иштеп эле жатат. Үч мүнөттөн кийин менден төрт-беш метр арыраак жерден эки автоматчан адам чуркап өтүп кетти. Акырын башымды көтөрүп карасам ресторан тараптан топ караан көрүндү. Жанагы экөөнүн артынан куугандар эле го. Рациямдан "огонь" деген Юлайдын үнү чыкканда, башымды көтөргөндөн чочуладым, жаткан жеримден ресторан тарапка каратып, асманга ата баштадым. Мени менен бир эле маалда ар тараптан, үч-төрт автоматтан ок атылып жатты. Бир магазинди түгөттүм да, жашынып артты көздөй чуркап жөнөдүм. Артты карасам Албан да чуркап келатыптыр. Токойдон чыгып машинага жетип, зуу койгон бойдон шаарга кирип кеттик. Артыбызда куугун жок экенине көзүбүз жеткенде Албан мени үйүмө жакын жерге таштап, өзү андан ары кетти. Коркуп калганбызбы же шашкандыкпы, экөөбүз жолдо бир да жолу сүйлөшкөн жокпуз.

Үйдөн чыкпадык. Эртеси телевизордон жанагы ызы-чуу чыккан ресторанды көрсөтүштү. Анда айтылгандарга таянсак, белгисиз адамдар акчасын алдын ала төлөп ресторанды бир суткага алышкан экен. Бир официант аял минтип сүйлөп берди:

– Кардарлар келишкенде эле таң калгам, ресторанды айлантып куралчан адамдарын коюшту. Чоң залды даярдаган элек, столдорду алдырып салышып жерге төшөк салдырышып, дасторконду да жерге жайдырышты. Биздин тамактарды жешкен жок. Койду өздөрү алып келип союшту. Тамак-ашын да өздөрү даярдашты. Биз болгону алардын айтканын кылып жаттык. Башында жакшы эле отурушкан, кийин байкадым, баары наркомандар экен. Бири-бирине шприц сайып, өздөрүнчө эле бака-шака түшүп жатышты. Чоңубузга айтсам, “бир күн чыдап койгула, акчасын жакшы төлөштү, силерге да ашыгы менен төлөп берем” дегенинен унчукпай калдым. Булар жергиликтүү жашоочулар эмес, сүйлөгөндөрүнө караганда башка жактыктар.

Саат он бирден өтүп калган, ашканада отурганбыз. Иттер үрүп калды, сыртка чыга калсам маскачан, десанттардын формасын кийген, колдоруна автомат кармаган 2 адам залга чуркап кирип аткылай баштады. Залда жыйырмадан ашык адам отурган. Мен дароо ашканага качып кирип, эшикти ичинен бекитип алдым. Сыртта ондон ашык адамдар жүргөн, тигилер менен аткылашып калышты. Биз ашканада столдордун түбүнө кирип жашынып жаттык. Залда, коридордо тополоң, кыйкырыктар, жардам сураган үндөр угулуп жатты. Айнектер талкаланып, биз отурган бөлмөнүн эшигине да бир нече ок тийди. Анан токтоп турган машиналар от алып, келгендер кетип калышты. Кароолчубуз келип "чыга бергиле, кетишти, эч ким калбады" дегенде гана чыктык. Ресторанда ал атышуудан кийин эч ким калбаптыр. Өлгөндөрдү, жарадар болгондорду, баарын алып кетишиптир.

Бул окуя телеканал, радиолордон түшпөй калды. Окуяны облустук милициянын атайын бөлүмү иликтөөгө киришиптир. “Окуя эмнеден келип чыкканы, кимдер экени азырынча белгисиз” деп айтылып жатты.

Ошол бойдон төрт күн мага эч кандай кабар болгон жок. Сыртка чыкпай жата бердим. Бешинчи күнү кечки саат алтыларда рациядан Юлай:

– 12-02, кечки саат 10до сени үйүңдүн артынан 12-03 күтөт, калганын ошол айтат,- деп өчүрүп койду.

Кечинде чыксам Албан күтүп туруптур, мени көрүп эле:

– Келдиңби, машинаңды айдап жолго чыгып оңго буруп тур. Мен жашыл Жигулиде жаныңдан өтүп баратып зажигалка жагып тамеки күйгүзүп өтөм. Артта калып калбай артымдан айдай бер. Кечигип жатабыз, тезирээк барыш керек,- деп ары жакка чуркап кетти. Бир маанилүү сүйлөшүү болорун билип турдум.

Жолго чыгып Албандын машинасынын артынан ээрчий айдап жөнөдүм. Шаардын четинде жаңы конуштар бар, токой менен чектешет. Албан ошол токойго жетейин деп калганда токтоду. Мен андан элүү метрдей өтүп барып, бийик өскөн камыштардын жээгине жетип токтодум да, экөөбүз токой аралап жөнөдүк...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tentek1
2020-06-22 09:53:33
Дагы бир жума.
-1
Baktyluumun98
2020-06-22 11:05:15
Кино
-1
temirov76
2020-06-22 13:12:52
Голливуд пикчерс
-3
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан