«BTS’тин» генийи Rap Monster

Америкалык атактуу «Billboard» музыкалык журналы «BTS» тобунун февраль айында чыккан «Map of the Soul: 7» альбомун 2020-жылдын эң мыкты альбомдорунун ТОП-50лүгүнө киргизди. Журнал альбомдун мыктылардын катарына кошулушу боюнча: «BTS» өзүнүн канчалык мүмкүнчүлүгү кенен экенин ар бир чыгармасы, аны элге тартуулоо техникасы, музыкадагы жаңычылдыктары менен далилдеп келе жатат. Топ эле эмес, анын музыкасы да көлөм жагынан да, амбиция жагынан да өсүп жатат»,- деп жазган. Дүйнөнүн мен-мен деген музыканттарын иргеген журналдын сүймөнчүгүнө айланган «BTS» 13-июнда 7 жашка чыгып, туулган күнүн белгиледи. Дал ушул популярдуу топтун лидери, рэпер RM бүгүн гезитибиздин K-POP рубрикасынын каарманы.

Толук аты-жөнү: Ким Нам Жун

Псевдоними: RM (Rap Monster)

Туулган жылы: 1994-жыл, 12-сентябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Ильсан шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, карындашы бар

Бою: 181 сантиметр

Жылдыз белгиси: Бийкеч

Лейбл: Big Hit Entertainment

«BTS» тобунун лидери, рэпер, музыкант, продюсер, модель

ГЕНИЙ НАМ ЖУН

Адам баласына жалкоолук сапат эс тартканы жабышат окшойт. Наристе кезде баарын билгиси, кармагысы, жегиси, баскысы, чуркагысы, чукугусу, көргүсү келет. Дүйнөнү тааныганга аракет кылат. Бир орунда отурса же жаткызып койсо ыйлайт, ага кыймыл керек, чарчабайт. Эс тартып чоңойгону ал сапаттар калып, адам жанынын тынчын издей баштайт. Бүгүнкү сөз кылып жаткан каарманым андай жалкоо адамдардын катарына кошулган эмес. Эмгекчилдиги, дүйнө таанымынын кенендиги, билимге умтулганы менен жашынан эл оозуна алынды. Ким Нам Жун 7-класстар арасында өткөн англис тили боюнча тестте рекорддук көрсөткүчкө жакын 850 балл алган. Дүйнө жүзү боюнча бул көрсөткүчкө 1 пайыз гана окуучулар жетишет. IQ тести – 148 балл, бул генийлердин көрсөткүчү.

«ДОСТОР» СЕРИАЛЫНАН АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНГӨН

Нам Жун учурда өз эне тилинен сырткары англис, япон тилдеринде эркин сүйлөйт. Англис тилинде акценти жок таза сүйлөөгө сабактан сырткары америкалык «Достор» сериалы таасир бергенин айтат. «Апам ошол кезде популярдуу болгон «Достордун» дисктерин алып келип берген. Сериалдагы Мэттью Перри, Женнифер Энистондун сүйлөшкөндөрүн көрүп, алардын мимикаларына чейин туурачумун. Акценти жок сүйлөгөндү ошол тасмадан үйрөндүм окшойт»,- дейт ал. Учурда Нам Жун америкалык кесиптештери менен тыгыз иштешет. «BTS’ти» топ катары, Нам Жунду RM аттуу рэпер катары тааныган америкалык күйөрмандар көп.

RUNCHA RANDA – RAP MONSTER

Ким Нам Жун «BTS’ке» чейин эле музыка чөйрөсүндө таанымал ырчы, рэпер болчу. Ал мезгилде Runcha Randa аттуу псевдоним менен белгилүү болчу. Кесиптеши, досу, рэпер Zico экөө бир нече ыр чыгарганга да үлгүрүшкөн. 2010-жылы Big Hit Entertainment агенттиги менен келишим түзүп, топтун эң алгачкы мүчөсү катары кабыл алынган. 3 жылдан кийин гана топ дебют жасап, анда Rap Monster псевдоними менен чыккан. Топко көптөгөн ырларды жазып, продюсерлик кызматты да аркалаган Rap Monster: «Эл алдына чыгууда кыйналган жокмун, анткени буга чейин деле сахнада болчумун. Ыр жазууда же башкада да кыйынчылык болгон жок. Бир гана бийден кыйналдым, хореографтардын бир топ эле нервин алдым окшойт»,- деп эскерет. Азыр так секирип бийлеген рэперде бийден кыйынчылык болгону байкалбайт.

ЖЕКЕ ЫРЧЫЛЫК КАРЬЕРАСЫ

«BTS» тобунун аткаруусунда сөзү, обону RM’ге таандык ырлар ондоп саналат. Кичинекейинде кандай аракетчил болсо, Нам Жун азыр деле чыгармачылыкта тынбай эмгектенип келет. Топ менен катар жеке карьерасын, атын түптөй алды. Аны менен чогуу ыр жаздырууга бир гана корей ырчылары эмес, чет элдик музыканттар да кызыгышат. Анын жеке ырчы катары 2015-жылы жарык көргөн «Rush» ырлар топтому (микстейп) ошол жылдын мыкты хип-хоп альбомдорунун тобуна кирген. Бул альбомдо анын корей эле эмес, чет элдик кесиптештери менен аткарган ырларын да уксаңыз болот. Анын америкалык ырчы Мэнди Вентрис менен аткарган «Fantastic» дуэтин «Марвелдин» «Фантастикалык төрттүк» киносунан уга аласыз. Популярдуулугу арткан рэперге 2017-жылы америкалык «Fall Out Boy» рок-тобу байланышка чыгып, «Champions» ырынын жаңы версиясын бирге аткарууга чакырышкан. Ыр музыкалык чарттарда ийгилик жараткандан кийин ага клип да тартылган. Башка өлкөлөрдүн музыка дүйнөсүнө саякат жасаган RM ошол эле жылы америкалык атактуу рэпер, музыкант Wale менен биргеликте «Change» дуэтин чыгарган.

Америкада RM’ди топтун мүчөсүнө караганда жеке ырчы, рэпер катары көбүрөөк таанышат. Анын калемине таандык 60тан ашык ырды өзү эле эмес, көптөгөн башка музыкалык топтор, жеке ырчылар аткарып жүрүшөт. RM’дин 2018-жылы чыккан «Мonо» ырлар жыйнагы да ийгиликтүү болду. Азыр ал Кореядагы мыкты рэперлердин тизмесинде.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sakura715
2020-06-22 23:22:22
Псевдоними илгери рэп монстр болгон азыр просто РМ,а так дуйнодогу эн мыкты лидер.Бардык жагынан идеал,БТС учун эн мыкты ата!Коп кпоперлер биринчи очередде Намджунду тааныйт го.Чынында мындай адамдар аз.

Супер дагы кутом БТСтин калган мемберлери жонундо инфолорду
+1
vikidiki
2020-06-23 05:55:06
Чет элдик журналисттер менен маектешүүгө барганда берки мемберлер үчүн жооп берип,кокус алар туура эмес жооп берсе оңдоп турганы жакшы.
+1
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан