Чоробек Исаев: «БИР УУРТАМ «АРШАН», «ТАНдын» АРТЫНДА ЭБЕГЕЙСИЗ ЭМГЕК БАР». «АРШАН» фирмасынын жетекчиси менен кызыктуу маек

Ысыкта чаңкоону кандырган максым, чалап сыяктуу кыргыздын баа жеткис суусундуктары бар. Далайдын суусунун кандырган «Тан» жана «Аршан» суусундуктарын чыгарып, өлкө аймагына таратуу менен гана чектелбестен, ири шаарларда эрте жаздан кеч күзгө чейинки сезондо ачык сатуу түйүндөрү аркылуу ар бир кардарына жеткирүүнү ийгиликтүү жолго койгон ишкананын башчысы Чоробек Исаев менен кызыктуу маек курдук.


- Саламатсызбы, Чоробек мырза. Ишканага кирип келе жатканда эле талкандын жыты мурунду өрдөп кетти. Алгач сиздер чыгарган суусундуктардын жасалуу технологиясынан кеп салсаңыз.

- Суусундуктар 100 пайыз экологиялык таза продукциядан жасалат. «Аршандын» негизги өзөгүн түзгөн арпа, буудайды Суусамыр өрөөнүндө эгин эккен дыйкандардан буюртма аркылуу түз алабыз. Анткени бул өрөөндүн эгининин сапаты биз койгон бардык талаптарга жооп берет. Ал эми жүгөрү Токтогул районунан алынып келинет. Алынган эгиндин баары ушул жерден куурулуп, талкан жасалып, бышырылып, ачытылып, даяр болгон продукция дыкат текшерүүдөн өткөндөн кийин гана сатыкка чыгат. Организм үчүн бир катар пайдалуу витаминдерге бай «Аршан» суусундугу чаңкоону гана кандырбастан, негизги курамы тандалма дан эгиндеринен жасалган талкан болгондуктан, күч, энергия берип, адамды ток тутуу касиетине да ээ.

Ал эми «Тан» суусундугу болсо экологиялык таза сүттөн жасалат. Бизге жарандар «Сүзмө аласыңарбы?» деп көп кайрылышат. «Тандын» эң негизги өзөгү болгон булак суусу 150 метр тереңдиктен сордуруп алынат дагы, бир нече чыпкалоодон өтүп, организм үчүн колдонууга оптималдуу даражага чейин жумшартылат. Андан кийин нак сүттү алабыз, анын майлуулугун, кычкылдыгын текшерип, тиешелүү иштетүүдөн өткөндөн кийин гана айран уютулат. Андан ары бардык стандарттарга жооп берген өзүбүздүн технологиялык процесстер менен иштелип, жыйынтыгында элибиз сүйүп, баалап ичкен «Тан» суусундугу пайда болот.

- Узак жылдар бою үзгүлтүксүз иш жүргүзүү үчүн такшалган, күчтүү команда керек экендиги талашсыз. Канча адамды жумуш менен камсыз кыласыздар?

- Биздин ишибиз сезонго байланыштуу экенин билесиздер. Ишкананын өзүндө продукцияны даярдоо үчүн жалпы 70-80дей киши иштейт. 7-8 ай бою көчө соодасын жүргүзүү үчүн жүздөгөн кыз-келиндерди жалдайбыз. Ошону менен бирге сезон учурунда сатуу орундарына суусундукту жеткирүү, челектерди толуктоо, алмаштыруу иштери менен алектенген дагы 50дөй айдоочу бар.

- Былтыр сиздердин продукцияны сатып отурган аял бир жолу гана колдонулуучу стаканды майлык менен аарчып, кайра иштетип жатканы тартылган видео тарап кетти эле.

- Биз ал эже менен сүйлөшүп, маселени иликтегенбиз. Сатуучу эже өтө сарамжалдуулукка көнгөн аял экен. Сурасак, «ал өзүм колдонгон стакан болчу. Өзүм ичип жаткандан кийин бир жолу эле колдонуп ыргытып жибербей, күн бою бирөөнү эле колдоноюн деп чүпүрөк менен тазалап, өзүнчө алып койгом. Аны менен кардарларды тейлеген эмесмин»,- деди. Стакандар челектеги продукциянын литрине жараша, запасы менен берилет. Анан калса суусундук сатып алып жаткан кардар сатуучу стаканды жабык таңгактан алып жаткандыгын көрүп турат. Андыктан бул багытта эч кандай маселе жаралышы мүмкүн эмес. Кардарларыбыз кабатыр болбой эле коюшса дегим келет.

- Ушул жерден эл арасында айтылып жүргөн дагы бир кеп тууралуу сурай кетейин. «Танды» бөксө куюп, көбүк кылып эле сата беришет, бул сатуучулардын кайсы бир деңгээлде суусундук арттырып калууга болгон аракети»деп айтып калышат. Ушул сыяктуу майда бирок маанилүү маселелерди кандай чечесиздер? Бирдиктүү белгиленген норма барбы?

- Беш кол тең эмес. Кандай гана иш болбосун, адамдык факторлор иштеп кеткен учурлар болот да. Чындыгында «Тан» суусундугу газдалгандыктан, алгач куйганда үстү көбүк болуп калуусу нормалдуу. Муну эске алып, биз кыздар жаңы ишке кирип жатканда, кардардан күтө туруусун суранып, көбүк тарагандан кийин толтуруп бериш керек экенин айтабыз, үйрөтөбүз. Ошондой эле бардык талаптарга жооп берип, отурган жерин таза кармап, норманы так аткарып, бир да даттануу түшпөгөн кыз-келиндерге артыкчылык катары сый акылар да берилет. Алардын иштеп жатканын көзөмөлдөөчү, рейтингин чыгаруучу атайын супервайзерлер иштешет. Мунун баарын сатуучу кыздарыбызга мүмкүн болушунча эрежелерди карманып иштөөсүнө, кардарлар менен ишеним мамиледе болуусуна аракет кылуу үчүн дем-шык, мотивация берүү максатында жасайбыз.

- Стакандардын жасалышын айта кетиңизчи. Желим бөтөлкөлөр да кызыктырат...

- Бул стакандар талапка ылайык жасалат. Бир нече катмар болгонуна карабай, күн нурунан тез чирийт, ошондуктан жер кыртышына зыян алып келбейт. Анын үстүнө колдонулган стакандар таштандыга төгүлбөстөн, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Ал эми бөтөлкөлөр болсо, Бишкек Эркин экономикалык аймагынан чийки зат иретинде алынып келинет. Алар ишкананын ичинде өзүбүзгө керектүү формада үйлөтүлүп, биздин стандарттагы бөтөлкөлөр даярдалат.

- Азыр өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал көңүл борборунда турат. Сиздердин ишмердүүлүк санитардык талаптарга канчалык деңгээлде жооп берет?

- Азыр санитардык-гигиеналык талаптарды толук аткаруу менен иш алып барып жатабыз. Ар бир сатуучуга бет кап, антисептик, кол кап беребиз. Ошондой эле кардарлар колдорун зыянсыздандыруу үчүн дагы ар бир столдун үстүнө антисептиктер коюлду.

- Ар күн сайын даярдалган продукцияны кантип текшересиздер? Ким сыноодон өткөрүп берет?

- Өндүрүлгөн продукция эң оболу ишканабыздын технологдорунун, санитардык кызматкерлеринин дайымкыдай тыкыр көзөмөлүндө. Андан кийин суусундуктарыбыздын түздөн түз сынчысы – биздин туруктуу дегустаторлор – кардарлар, башкача айтканда эл. Эртең менен биринчи партия сатыкка чыкканда эле ар кайсы точкалардан маалыматтар келе баштайт. Дайыма күтүп ичкен мисалы, ЦУМдун тегерегиндеги таксисттер же автобекеттеги, базарлардагы кардарларыбыз өз пикирлерин айтып турушат. Ошого жараша биз дагы ката кетирбей, ишеничтерди актоого аракет кылабыз. Кардарларыбыздын мындай ой-пикири биздин жасап жаткан ишибиздин чыныгы абалын көрсөтүп турган индикатор десек болот. Башкача айтканда, күнүмдүк эмгегибиздин күзгүдөн көрүнгөн так көчүрмөсү. Демек, кандай болсо да кардарлардын пикири биз үчүн өтө баалуу.

- Көчө соодасын жоюп, автоматташтыруу оюңуздарга келди беле?

- Албетте, бул бара-бара ишке ашчу нерсе деп ойлойм. Биз продукцияны сатуу жолун автоматташтырууну ойлонуп жатабыз. Өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдө суусундук алуу үчүн кардарлар дүкөнгө кирбейт, же атайын сатуучу издебейт, сиз айткандай баары автоматташтырылган. Бул жаатта дагы ойлонуп, иштеп чыкчу көп жагдайлар бар. Учурда Бишкек шаарында 400дөй точкабыз бар. Ошондой эле Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта шаарларында, жайкы туристтик сезон учурунда Чолпон-Ата шаарында да точкалар ачылат. Суусундук сатылуучу орундарды туш келди жайгаштырып же бекер отуруп алган жокпуз. Ар бир точка жайгашкан жер үчүн жергиликтүү бийлик казынасына ижара акы төлөп турабыз.

- Кайсы компаниянын продукцияларын атаандаш катары көрөсүздөр?

- Бизнес тынымсыз изденүүнү, өз тармагындагы маалыматтардан кабардар болуп турууну талап кылат. Ансыз өсүү болбойт эмеспи. Биздин продукция 2004-жылы сатыкка чыга баштаган. Андан бери канчалаган компаниялар максым, чалап сыяктуу суусундуктарды чыгарып, бирок улантып кете албай жабылып калышты. Чалапты көчө соодасына эң алгач биз алып чыктык. Мисалы, биз сыяктуу улуттук суусундуктарды өндүргөн «Шоро» фирмасы максымды бизден мурда алып чыгышты, бирок чалапты кийин кошушту. Эки суусундук тең эле алмустактан бери келе жаткан кыргыз элине гана таандык азык. Андыктан мен бул жерде кандайдыр бир айыгышкан атаандаштык бар дегенден алысмын. Тескерисинче, бул компаниялар бири-бирине атаандаш эмес, ар бири өз технологиясы менен өндүрүп, эл аралык аренага алып чыгууда бирдиктүү улуттук идеяны карманышы керек деп эсептейм. Суусундуктардын рецепти эч кимге сыр эмес. Аны даярдоо жолун да ар бир кыргыз билет. Демек, ата-бабалардан мурас калган улуттук азык, өлбөстүктүн суусундугу - кыргыз брендин дүйнөгө жайылтуу негизги талаштуу маселебиз болушу керек деп ойлойм.

- Өзүңүз жаш болгонуңузга карабай, компаниянын ийгилигин арттырып келе жатыптырсыз. «Аршан» ишканасын жетектеп келе жатканыңызга көп болдубу?

- Бул ишканага 2009-жылы жетекчи болуп келгем. Анда мен 23 гана жашта элем. Өзүңүздөр билгендей, «АЮ Холдинги» көп тармактуу, ар түрдүү багыттагы бир катар ири ишканалар топтомун ичине камтыйт. Ошолордун биринде иштеп жүргөнүмдө, «Аршан» фирмасын өнүктүрүү, ишин дагы да алдыга жылдыруу керек болуп жатат» деп чакырышкан. Билимим боюнча системдик программист, бирок ушул фирмадан ордумду таптым десем болот. Үй-бүлөлүүмүн, 4 балам бар.

- Өзүңүз жетектеген ишкананын же болбосо жеке ийгилигиңиздин формуласы менен бөлүшө кетсеңиз?

- «Аршандын» ийгиликтеринин башаты бул – өндүргөн продукциясынын сапаты. Ошондой эле кардарлар менен түздөн түз карым-катышта болгон тейлөө кызматындагы персоналдардын кесипкөйлүгүнө, тазалыгына дыкат көңүл буруу. Ар бир кызматкер менен жекече сүйлөшүп, алардын арыз-муңун, ой-пикирлерин угуп, жаралган маселесин дароо чечип бергенге аракет кылуу өз кезегинде алардын ишине берилүү менен мамиле жасоосун камсыздайт. Башкача айтканда, кызматкерлердин алдында «мен жетекчимин!» деген менменсинүү болбошу керек.

- Сиздер аткарган иштин өзгөчөлүгү эмнеде? Балким жаш ишкерлерге айтчу кеңешиңиз бар чыгар?

- Биздин жумуш сезондуу болгондуктан, аба ырайынан көз каранды. Жаратылыштын ар кандай кубулуштары күтүүсүз сюрприздерге бай эмеспи. Ошондой учурларда ыкчам чечимдерди кабыл алуу абдан маанилүү. Сезон учурунда биздин кызматкерлер талыкпай иштешет. Муну баса белгилеп кетүү керек. Дээрлик 6-7 ай бою 16 сааттан иштеп, 1 жылга тете ишти жасап коёбуз. Жаш ишкерлерге айтарым, баштаган иш начарлап, жемишин бербей жатса, кол куушуруп отуруп калбаш керек. Алдына бийик максаттарды койгон адам гана жеңилүүгө жана ийгиликсиз кадамга макул болбой, тескерисинче чыйралат.

- Балким, эмгек жолуңузда эсте калган, же болбосо сизди таасирленткен учурлар болгон чыгар...

- Эң оболу учурдан пайдаланып «Аршан» фирмасынын ар бир кардарына ыраазычылыгымды айткым келет. Жогоруда белгилегендей, ишканабыз «АЮ Холдингинин» курамында. Анын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго да өзгөчө ыраазычылыгым бар. Миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылып, артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге унаа, батир, эс алууга путевкаларды ыйгарып, компания кызматкерлерин баалаган жана сыйлай билген бирден бир ишкана деп эсептейм. Сөзүм куру болбошу үчүн мисал катары ийгилик тажрыйбамдан эсте калган бир учурду айта кетейин. Талыкпаган эмгектин арты менен 2012-жылы бүтүндөй сезон бою, 6-7 ай дем алышсыз, жалгыз бир менеджерим экөөбүз иштеп, «Аршан» ишканасынын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткенбиз. Азыр ошол эки киши жасаган жумуш бир нече менеджерге бөлүнгөн. Анткени мен өзүм иштеп, жумуштун кандай оор экенин жон терим менен сездим. Бир ууртам «Аршан», «Тандын» артында эбегейсиз эмгек бар. Албетте, ал ийгилик көздөн далдоо калган жок. Холдинг негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов эмгегимди баалап, ошол жылы батир белек кылган. Материалдык жагын айтпаганда да, бул мага өтө зор моралдык да колдоо болду, муну бийик ишеним деп түшүндүм.


Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан