БИР КҮНДӨ ҮЙ-БҮЛӨ ЖОК БОЛДУ

Бул каргашалуу окуя 20-августта болуп өттү.
“Бишкек шаарындагы 8-линия көчөсүндөгү №9-үйдө бойго жеткен кыз менен өспүрүм баланы өлтүрүп кетишти” деген кабар саат 18.00 чамасында телефон аркылуу милиция кызматкерлерине келип түшкөн. “Сиз кимиси болосуз?” деген суроого ыйлаган кыз “мен өлгөндөрдүн эжеси болом” деп жооп берген.

ТӨРТ ЖАНСЫЗ ДЕНЕ ТАБЫЛДЫ
Өлүм болгон жерге прокуратура кызматкерлери жана Бишкек шаардык ИИБдин жетекчиси Зарылбек Рысалиев башында турган милиция кызматкерлери барышкан.
Окуя болгон заңгыраган 2 кабаттуу үй бизнесмен Жолдошбек Керимкуловдуку болчу. Керимкуловдун 3 кызы жана 1 уулу бар эле. Кыздары – Асел, Наргиза, Элиза жана уулу – Адилет. Асел турмушка чыгып, өз алдынча түтүн булатканына бир канча убакыт болгон. Ал эми 20 жаштагы Элизаны жакын арада турмушка узатышмак. Той үстүбүздөгү айга пландалгандыктан, кызуу даярдык көрүлүп жаткан.
Каргашалуу күнү 23 жаштагы Наргиза өзү иштеген Чүй облустук сотунан адаттагыдай эле кечки алтыда үйүнө келген. Үйүнө кирип, ашканада кечки тамак даяр экенин көргөн. Экинчи кабатка чыгып эч кимди таппаган соң үйдүн чачылганынан көрүп, жакындарын издей баштайт. Ал түз эле жер төлөгө бет алып, ал жерден сиңдиси Элизанын жана Адилеттин диванда жаткан жансыз денелерин көрүп, эси чыккан боюнча милиция кызматкерлерине телефон чала баштаган.
Милиция кызматкерлери келгенде Наргиза инисинин, сиңдисинин денеси менен кошо от жагуучу жерде жаткан апасынын өлүгүн көрсөткөн. Анан алар атасынын сөөгүн табышкан. Үй ээсинин денесинин көрүнүшүнөн улам катуу сабалып өлтүрүлгөнү билинип турат. Апасын канкорлор көкүрөккө атышыптыр. Ал эми Элиза сол капталынан жаткан. 15 жаштагы Адилеттин жакындарына жардам бергени байкалып турду. Кыязы, жакын адамдарына ок атыларда аларды коргойм деп өзүн тосуп берген. Ок баланын жаагын жарып кеткен.

КЫЛМЫШТЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Милиция кызматкерлеринин айтымында, үй-бүлө талап-тоноочулукка учураган. Керимкуловдун Ат-Башыда чакан дүкөнү жана май куюучу жайы болгон. Бирок “аны сатып жиберген” деген маалымат бар. Балким, кол салуунун себеби Элизанын тоюдур деген божомолдор жок эмес. Себеби үй-бүлө тойго деп акча камдаган жайы бар эле.

ЗАҢГЫРАГАН ҮЙ ДАРОО КӨЗГӨ УРУНАТ
Жолдошбек Керимкулов кошуналары менен да мамиле кылчу эмес экен. Күн сайын эртең менен унаасы менен кетип, кечинде үйүнө кеч кайтчу.
8-линия көчөсү Жумушчулар шаарчасы аймагында жайгашкан. Чапаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатканда сол жак беттен чоң бетон көпүрө көрүнөт. Ошол көпүрөдөн өтүп түз барганда асфальты жок тар 8-линия көчөсү бар. Маркумдардын үйү мына ушул жерде жайгашкан. Тегерек-четтеги үйлөр эски болгондуктан, заманбап жаңы салынган эки кабаттуу Керимкуловдун үйү дароо эле көзгө урунуп, башкалардан айырмаланат.

КОШУНАЛАРЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Окуяны изилдеп көрүү максатында маркумдардын үйүн көздөй бет алып, кошунасына жолугуп сүйлөшүп көрдүк.
– Саламатсызбы, кошунаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Эмне айтышты да билбей турам. Жолдошбек Нарын облусунун Ат-Башы районунан эле. Кошуналарынын эч кимиси менен сүйлөшчү эмес. Мен саламдашканым эле болбосо, ушунча жашап ал киши менен сүйлөшүп да көргөн жокмун. Болгону, эртең менен унаасын айдап чыгып бара жатканын көрчүмүн. Кечинде кайсы маалда келгенин билчү деле эмесмин. Жубайы үй кожойкеси болчу.
– 20-август күнү катуу кыйкырык же ок атылууларды уккан жок белеңиз?
– Мен бир аз ары жашагандыктан, эч нерсе угулган жок. Алардын тосмосу чоң болгондуктан, үйүндө ким жүргөнү да билинчү эмес. Керимкуловдор өздөрү менен өздөрү болуп, тынч жашашчу. Окуя болгон күнү саат 18.40 чамасында Жолдошбектин үйүн милиция кызматкерлери каптап кетти. Кийин төртөөнү өлтүрүп кеткенин уктум, башка эч нерсе билбейм.

ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫБЫ?
Кылмыш ишин иликтөөнү Ленин райондук Ички иштер бөлүмү менен Бишкек шаар­дык ­ИИБинин кызматкерлери бирдикте жүргүзүшүүдө. Баш калаанын ИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Рафик Мамбеталиев өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирген бул кандуу окуя боюнча шектүү катары кармалгандар бар экенин билдирди. “Учурда адам өмүрүн алып кеткен кандуу кылмыштын бетин ачуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Кылмышкерлерди кармап, жазага тартууга тоскоол болбошу үчүн тергөө-иликтөө боюнча маалыматтарды азырынча жарыялабайбыз. Атүгүл али ачыла элек кылмыш тууралуу ЖМКларга маалымат тараткан тергөөчүнү кызматтан алууга аргасыз болдук. Кылмышкерди сөзсүз түрдө табабыз жана коомчулукка жарыя кылып, тиешелүү жазасын алуусуна чара көрөбүз”,- деп билдирди ал.

Мухаммед Мадоморов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aminali
2010-09-18 05:21:38
Jatkan jerleri jailuu bolsun....KIZDIN jigitine jaman boldu,jaw balada emne kynoo,"FATIMA ZUXRA"degen kinodo bar go bir kyndo baarinan ajiragan.
0
talaibek
2010-09-19 09:27:40
Чындыгында жаман эле болуптур.
0
edikad
2010-09-20 11:28:16
[adm] адамдардын уй-булосундо да дал ушундай окуя болсун ылайым, канкорлорду Кыргызстандан тазалаш керек...
0
Papinadochka
2010-09-24 16:06:28
жаткан жерлери жайлуу болсун. Мен бул жашоодо эч нерсеге деле тан калбай калдым!!!
0
Milashka
2010-09-26 21:45:50
Жаткан жерлери жайлуу болсун, арбактары колдосун.Жаш оспурумдордо эмне куноо, тийбей эле коюшса болмок.
0
nestan
2010-12-15 15:05:56
Рахматы болсун, бечаралар! Текебаев бийликке келсе, бандиттер жоголот деп атпады беле?
0
MRM
2011-11-29 14:02:23
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан