БОЙДОК ЫРЧЫ МЫРЗАЛАР КИМДЕР?

Өткөн саныбызда бойдок ырчы кыздарыбыз жөнүндө жазып, бир аз чычалаттык эле, аны окуган бойдок ырчы жигиттерибиз мыйыгынан күлүп, жылмайып калышкан болчу. «Күлгөнгө күлө жетет, аркасынан кубалай жетет» болуп, эми бул санда ырчы мырзаларыбызга кезек келди. Анда эмесе, кыздарга бойдок ырчы мырзаларыбызды сунуштаган азил-чыны аралаш макала назарыңыздарда.

Султан Садыралиев
«Сүйө албас сени мендей эч ким» деп ырдаган Султан, кыязы, башкача сүйөт окшобойбу?! Башкача сүйгөндө кандай, жарымы казакча, жарымы кыргызчабы? Эмнеси болсо да, бул жигитти өмүрлүк жар кылам дегендерге кеңеш: бул жигитти мактаарда этият болууңузду эскертебиз. Кантсе да Султанда казактын каны бар эмеспи, бир аз эле мактап койсоңуз, сизди тааныбай калышы мүмкүн. Анткен менен 21 жаштагы бул жигитибиздин машинасы бар. Учурда кыздар жигиттерди машинасына карап сүйүп калышпадыбы.

Мирбек Иманбеков
Бир гана Таластын эмес, жалпы кыргыздын кыздарын тамшандырган Мирбек Иманбековго «өмүрлүк жар болом» деген кыздар көп. Ушунча кыздын жүрөгүн өзүнө багындырууда Мирбекке анчалык деле кыйынчылык туулган эмес. Анткени, Мирбектин кыздарды бир секундда имерип ала турган куралы бар. Ал – бетиндеги эки уячасы. Айта кетсек, 22 жаштагы Мирбектин үйү болбосо да, сизди каалаган жериңизге жеткирип тура турган машинасы бар. Бирок, бир жаман жери: Мирбекке турмушка чыккан кыз ага өзүнүн атын улам эскертип туруусу керек. Себеби, 10 балалуу болгондон кийин деле «жада калса, жаным, сурабаптырмын атың ким деп» деп элдин көзүнчө уят кылышы мүмкүн.

Чыңгыз Мырзаев
«Кайрылуу» деген ырынын клибинде сүйгөн кызын атасы башкага берип койгондо таарынып, «Айдын перисин» издеп асманга учуп кеткен эле. Ал жактан эч кандай майнап чыкпаган соң өзүнүн концертинде аркан менен асмандан жалгыз түшкөнүнө күбө болгонбуз. Кандай болгон күндө да, Чыңгызга баш байлаган кыздар жалгыз эрке келин болуп өтөт го, чиркин. Ал эми келечектеги келинибиз тың чыкса, Чыңгызды өзү семиртип алаар. Кыздар, 24 жаштагы бул ырчы мырзабыздын жашай турган үйү да белен, машинасы да бар. Андыктан, шашылгыла.

Замир Мырза
Замир Мырзаны сүйүп калсаң, анда «өлдүм» дей бер. Анткени, ал алгач сизди жамгыр жаап жатканда бийлетип, болушунча сынайт. Сынаганда да кандай сынайт билесизби? Билбесеңиз билип алыңыз: мугалим окуучудан экзамен алып жаткандай сынайт. Мына ушул жамгыр алдындагы бий экзаменинен өткөн­дөн кийин колду булгалаган боюнча Ош жакка сапар тартасыз. Анан да Замирди сүйгөн кыздар арык, денеси аппак болушу зарыл. Себеби, Замирдин денесине салыштырганда сиздики кара болуп турса өзүңүз да уялсаңыз керек.

Урмат Усенов
«Кыргыздын мачосу» аталган Урматтын басканы да жай, сүйлөгөнү андан жай. Урмат «шашкан шайтандын иши» деген принцип менен жашайт көрүнөт. Бирок, Урматты күйөө кылам десеңиз, жолуңуздун болгону. Анткени, өзүнүн жеке бизнеси бар, канча калың кааласаңыз төлөп бергенге күчү жетет. «Тынбай жазам sms» деп жашынып алып арзуусун жалаң гана sms аркылуу билдирген Урмат башы бош эмес экенин өткөндө өзү кыйытып өттү эле. Бирок, муну көңүлүңүзгө албаңыз, урматтуу бийкеч. Азырынча үйлөнбөстүгүн да белгилеп кетти. Балким, Урматтын чыныгы махабаты сиз болуп калаарсыз.

Кубаныч Сатаев
Атасынын жолун жолдоп, жалаң түштүк кыздарга ашык болгон Кубанычка кайсы кыз буюруп турду экен? Эгер сиз Кубанычка ашык болуп калсаңыз, «кантип акча табабыз?» деп ойлонбой эле койсоңуз болот. Анткени, бул ырчы жигитке атасы бир өмүргө жете турган ырларын калтырып кеткен. Ал ырлар улам эскирген сайын жаңы аранжировка жасатып алып, ырдап акча таба берсеңер болот.

Мирбек Атабеков
Таластын бул ырчы жигити алгач «Сени гана» деп сиздин жүрөгүңүздү багындырып алат. Андан кийин жакпай калсаңыз, сиз менен «Не моя» деп коштошуп коюшу мүмкүн. 21 жаштагы бул ырчы мырзабыздын ата-энесинин чоң үйү бар. Бирок, машинасы жок. Тапкан акчасынын баарын продюсери экөө таксиге кетирип жүргөн убактары.

Сапар Сопубеков
10 жылдан ашуун убакыт Айчүрөк эжесинин колунда тарбияланып жүрө берип, мүнөзү да жумшак, назик болуп калды Сапардын. Бул мырзабыздын жашы 30дан ашып калса да, үйлөнүүгө умтулбагынында күмөн бардай. Же «азырынча жанымда Назми бар» деп кыздар жөнүндө ойлонбой жүргөндөгүсүбү? Кой, Сапар, эрте күндү кеч кылбай аракет кыла бер. Назмини бирөө илип кетсе, жалгыз калып жүрбө. Баса, кыздар, Сапарды Назмиден кызганбай эле койгула, биздин билишибиз боюнча, экөөнүн ортосунда чыгармачылыктан башка байланыш жок.

Азиз Жетигенов
Алина Жетигенова баласы Азизди көлөкөгө бакканбы же кичинекейинде өзү сабизди көп жегенби, айтор, боюнун узарганы токтобой койду. Эчтеке эмес, «бою пастын ою пас» демекчи, бул жигитке жеткен да арманда, жетпеген да арманда. Анткени, Азиз жарымын орусча, жарымын кыргызча ырдаса да, өзүнүн жубайын бакканга кудурети жетет. Эмне, Алина эжеге келин болсоң жаманбы? Кайненең Алина ырдаса, кайынсиңдиң Азель бийлесе, таежең Назира күлдүрсө, күйөөң ырдаса, демек, сен ал үйбүлөгө алпаруучу болушуң керек. Чыгармачыл үйбүлө деп ушуну айт!

Темир Назаров
Вай-вай, Оштон чыккан ырчы жигит Темирди сүйгөндөр көп болсо керек, аа? Ата-энесинин карыганда тапкан эрке баласы Темирге «Гүлнара Калдарованын сиңдиси Мунараны кудалап койгон» деп да жүрүштү. Андан кийин «калп» деп да чыгышты. Кайсынысы чын, кайсынысы калп, ким билсин? Эмнеси болсо да, эми Темирге кыргыз кыздар жетишпей жаткансып, орус кыздар да жармаша баштаган имиш. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да. Темир, сахнага гана эмес, өзүңө да кайтып келчи, суранабыз.

Акбар Сүйүнбаев
Башында чыкканда «Махабатым» деп ырдап чыкты. Анан эле анын махабатын ким талашты билбейбиз, «Ал менин махабатым» деп ырдап калды. Акбар, коркпо, Султанга ыр жазып бергени гана болбосо, ал сенин эле махабатың. Билебиз, сенин Таласка күйөө бала болооруңду. Бирок, кыздар, аракет кылсаңар, балким, келечекте Акбар силердин махабатыңар болуп калышы мүмкүн.

Ильяз Абдразаков
Эки жашабай эле «Арманым» деп сыздаган Ильяз арман эмне экенин өзү деле билбесе керек. Малыш болсо да артынан сыздаган кыздарды «Эркем, ай» деп эркелетип койгонун кантесиң? Бирок, азаматсың, Ильяз, өзүң теңдүүлөр нанды «нана» деп жүргөндө өз күчүң менен нан таап жегенге жараган. Караторусунан келген Оштун бул жигити 19 жашта, машинасы бар. Мындай жүрүш менен кетсе, малыш кезинде эле дагы далай ийгиликтерди багындырат го. Бул жигитке турмушка чыккан кыз эч өкүнбөйт, анткени, азыртадан эле Ильяз келечегинин фундаментин куруп алды көрүнөт.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан