"АЙЫЛ БАНК" ААКсынын ЛИЗИНГИ ФЕРМЕРЛЕРДИН КЫЯЛДАРЫН ОРУНДАТУУДА

Жеке ишкер Екатерина Николаевна Нудько өмүрлүк жолдошу Евгений менен Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чалдовар айылында жашайт. Алар 2003-жылдан бери жер иштетип, дан эгинин, айрыкча өсүмдүк өстүрүү багытында иш алып барып, райондун жашоочуларына айыл чарба техникаларынын жардамы менен ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап эмгектенип келишет. Үй-бүлөнүн менчигинде Беларусь трактору, чиркегичи бар жүк ташуучу АвтоКамАЗ, Нива СК-5 жана Енисей комбайндары, жер иштетүүдө өтө зарыл болгон башка дагы бир нече жабдуулар бар.

“Дээрлик чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери тынымсыз колдонулуп, эскилиги жеткен эки комбайн тез-тез бузулуп, утур-утур оңдоп-түзөөнү талап кылып, ишти солгундатууда”,- деп белгилейт Екатерина.

Албетте, техниканын иштен чыгышы эң оболу иш өндүрүмдүүлүгүнө, демек, болжонуп жаткан пайдага да кесепетин тийгизет. Ошондуктан алар “Айыл Банкынан” лизингге жаңы комбайн алууну чечишкен.

“Буга чейин эч качан насыя алган эмеспиз, өз каражатыбыз, топтогон жыйымыбыз менен жагдайдан чыгып келгенбиз. Лизинг мүмкүнчүлүгү тууралуу бизге окшоп иштеп жаткан башка фермерлерден угуп, кыйла ойлонуп отуруп, эми гана насыя алууга бел байладык, анткени мындай техниканы дароо сатып алууга кудурет жетпегендиктен, аны лизингге алуу биз үчүн ыңгайлуу вариант болду. Анын үстүнө мамлекеттин алда канча алгылыктуу пайызды сунуштоосу жаралган маселени чечүүгө өбөлгө түздү”,- деп өз ой-пикири менен үй ээси Евгений бөлүшкөн.

Бул жерде “Айыл Банкы” бир нече мамлекеттик программаны ишке ашырып жаткандыгын жана дыйкандар алар аркылуу жеңилдетилген шарттарда кредит алып, көкөй кести көйгөйлүү маселелерин чечип жаткандыгын да баса белгилеп кетүү зарыл. Мисалы, учурда “Мамлизинг-5” программасы боюнча 6 пайыздан тартып жеңилдетилген чен боюнча зарыл болгон техникаларды, же болбосо “Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында 8 пайыздан тартып жеңилдик кредиттерин алуу шарттары бар. Бул шарттар айыл калкынын көптөгөн маселесин чечип, жакшы жашоосуна өбөлгө түзүп жаткандыгы элге маалым.

Екатерина менен Евгений да жогоруда белгиленген “Мамлизинг-5” программасы боюнча VECTOR 410 комбайнын лизингге алышкан. Бул, албетте, аларга дан эгинин коромжусуз сапаттуу жыйнап алууга, эмгек шартын алда канча жакшыртууга, акырында келип кирешени арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

“Албетте, кабатыр болгонубузду жашыра албайбыз, кымбат баага турган техника иш үстүндө кандай натыйжа берип, күткөн үмүтүбүз акталар бекен деген тынчсыздануу да болбой койгон жок. Бирок техникабыз бизге абдан жакты, заманбап жабдуулар, ыңгайлуулуктар каралган комбайн дан эгинин жыйноо сапатын жогорулатып, жеңилди жерден алып, ишенимди толук актады десек болот”,- деп техника ээлери бир ооздон ыраазычылыгын айтуу менен бирге эле, кошумча техниканы лизингге алуу ниетин билдиришкен. Натыйжада ушул жылдын май айында дагы бир жаңы комбайн алардын чарбасындагы техникалар катарын толуктаган.

“Эки комбайн сатып алуу үчүн кыйла узак убакыт каражат топтоого туура келмек. Бактыга жараша, “Айыл Банкынын” фермерлер, жалпы эле айыл калкы үчүн каралган иш-чараларынын аркасында жаңы техникаларга ээ болуп, аларды иштетүү менен бирге кошумча киреше таап, лизинг төлөмдөрүн төлөөгө да мүмкүн болууда. Заманбап техникаларды сатып алуу чечими – бизнести өнүктүрүүгө түрткү берген маанилүү кадам”,- деп ишенимдүү сөзүн жыйынтыктайт Екатерина Нудько.

Учурда чарбада туруктуу негизде эки кызматкер иштейт. Бири – чарба башчысы, ал эми экинчиси – агроном. Мындан тышкары сезон учурунда 5 жумушчу – трактористтер, комбайнер-механизаторлор ишке тартылат. Бүтүндөй Панфилов району боюнча 51 594 гектар айдоо аянты бар. Анын ичинен
37 000 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери, буудай себилет. Демек, жаңыдан сатылып алынган техникалардын, алардын ээси Екатерина менен Евгенийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талап артып, иш багыты күч алууда.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай,
жашоо шартыңызды өзгөртүңүз!

Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан жана
0312 68 00 00, 0556 68 00 00 телефондору аркылуу алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан