Партиялар парады
Өткөн аптада Кыргызстандагы ири жана орто партиялардын тизмеси менен тааныштырган элек. Бул жолу БШК тарабынан тизмеси катталган кезектеги партияларга көз жүгүртөбүз. Алардын арасында Аскар Акаев жана кечээ эле бычак жеп, өзүнө келе албай турган Валерий Хон өңдүүлөр да бар.
“ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН”:
Токтайым Үмөталиева, Мурза-Али Бөрүбаев, Мурат Назарматов, Каныбек Сагынбаев, Бактыгүл Мурзакматова.
Бул партиянын тизмеси да ойго салбай койбойт. Алсак, моюнуна “калктын казынасын эңшерип ийген” деген айыпты жүктөй Акаев менен кошо Орусияга качкан бир кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин уулу Александр Танаев тизменин алдыңкы катарында жүрөт.
“АДИЛЕТТҮҮЛҮК. ЭРКИНДИК. МЕКЕН СОЮЗУ” ПАРТИЯСЫНЫН
башкы беш сабын 24-март окуясынан кийин кыска мөөнөткө президенттин милдетин аткаруучу болгон Ишенбай Кадырбеков, Михаил Фомченко, ырчы Роза Аманова, Юрий Крупнов, Фронтбек кызы Жамал ээлеген.
Бул партиянын тизмесинен Ишенбай Кадырбековдун уулу Медер Кадырбековду да учуратууга болот.
ЛИБЕРАЛ-ПРОГРЕССИВДҮҮ ПАРТИЯ:
Нурлан Баяман, Искандар Субанкулов, Мирант Төрөгелдиев, Перизат Топоева, Майрамбек Адылбеков.
Айтмакчы, Нурлан Баяманды “Кыргызпатенттин” мурунку башчысы Улан Мелисбектин тууганы деп айтышат. Ал эми бир кезде партиянын лидери болгон экс-депутат Максат Кунакунов дагы ушул партиянын катарында.
ООГАНСТАНДАГЫ СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИ ЖАНА
БАШКА ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОГУШТУК ЧАТАКТАРДЫН
КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ:
Болотбек Мамбеталиев, Абдимажит Алымкулов, Александр Нефоросных, Табассум Мадаримова, Акбөкөн Таштанбеков жана башкалар.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛДИК-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ:
УКМКнын “Альфа” атайын бөлүмүнүн президенти Артур Медетбеков, Эркинтур Молдогазиев, Сыргак Кожомкулов, Тажиниса Абдурасулова, Эмиль Гамидов.
Партиянын баш сабында турган Артур Медетбековдун бир тууганы Турар Медетбеков үй-бүлөсү менен тизмеге катталган. Бул жерде анын уулун жана кызын да көрүүгө болот.
“МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ” ПАРТИЯСЫ:
Темирбек Асанбеков, Кеңеш Чанчарбаев, Султанбек Жамалов, Гүлнара Айдаралиева, Насыр Мусаев.
Эл арасында бул партия тууралуу “Акаевдердики” деген имиштер жүрөт. Буга алардын катарында Аскар Акаев деген фамилиянын бар экени себеп. Таң калбаңыз, бул кишинин аты гана экс-президенттикине окшош. Өзү ОшМУда окутуучу.
“7-АПРЕЛЬ ЖАШТАР КЫЙМЫЛЫ” ПАРТИЯСЫ:
Чоро Сүйөркулов, Мирлан Бекитаев, Эрмек Мамырканов, Гүлнара Асаналиева, Темирболот Сатаркулов.
Аталган партиянын катарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси Ильгиз Айтматовдун кызы Жамиля Айтматова да шайлоого катышат.
КРНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК КАЙРА КУРУЛУШУ ПАРТИЯСЫ:
Июль айында кол салууга дуушар болгон Валерий Хон, Алевтина Фомина, Игорь Ратченко, Алмазбек Асаналиев, Улан Сопиев.
Кызыктуусу, бул партиянын тизмесинин жарымынан көбү “ВОССТ” ЖЧКсынын кызматкерлеринен турат. Анын ичинде жетекчисинен баштап айдоочусуна чейин орун алган.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШЫЛДАР ПАРТИЯСЫ:
Наргиза Абдылдаева, Юрий Августовский, Жолдошбек Исаев, Карим Ханжеза, Заира Абдрахманова.
Аталган партиянын лидери Эркин Булекбаев Каржы полициясы кызматын башкарып калгандыктан, тизмеден анын бир тууганы Орумхан Булекбаевди кезиктирдик. Ошондой эле “Ай, жеңелер” ыры менен таанылган Санжар Кошбай уулу да бул партиянын катарында.
“ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН”:
Өкмөтбек Алмакүчүков, Бакирдин Бекбоев, Алымбек Чаткалбаев, Татьяна Масиевская, Марат Казакпаев.
КЫРГЫЗСТАНДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭЛДИК ПАРТИЯСЫ:
Марат Надырбеков, Абдыгул Чотбаев, Урмат Алымкулов, Нурайым Неелова, Турат Сагындыков.
КЫРГЫЗСТАНДЫН КОММУНИСТТЕРИНИН ПАРТИЯСЫ:
Бумайрам Мамасейитова, Николай Байло, Шерали Эгембердиев, Тагайбек Жаркынбаев, Ракия Кыргызбаева.
Партиянын мурунку лидери Исхак Масалиев тизмеге илинбегени менен, анын кызы Каныкей Масалиева 28-орунда.
“АК САНАТ”:
Болот-Адыл Байгазиев, Настарбек Мамаев, Айбек Алымкулов, Аида Айтиева, Талантбек Базиев.
Аталган партия өзүнүн катарына президенттик администрациянын мурунку башчысы Дастан Сарыгуловдун бир тууганы Баян Сарыгуловду да кошушкан.
“КАГАНАТ”:
Бул партия манасчылардан куралган десе болот. Талантаалы Бакчиев, Нургалы Асаналиев, Дөөлөтбек Сыдыков, Гулнура Акматова, Эрмек Нургазиев жана башкалар.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЙ КУРУУЧУЛАРЫНЫН ПАРТИЯСЫ:
Экс-депутаттар Кубанычбек Исабеков, Бейшенбек Абдырасаков, ошондой эле Маратбек Жумабеков, Турдукан Жумабекова, Нурлан Асанбеков жана башкалардан куралган.
КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН СОЮЗУ:
Нурдин Султанмуратов, Гульмиза Сейталиева, Исхар Сулайманов, Уркуя Эркинбаева, Сабина Талиева.
“АК ТИЛЕК”:
Сабырбек Зайыров, Кумарбек Стамкулов, Ыкыбал Аднаева, Камбар Пусуров, Бактыгул Абдыжалиев.
ДАГЫ ДАЛАЙ КЫЗЫК БАР
Баса, “Бүтүн Кыргызстандын” курамында филармониянын экс-директору, “ак жолчу” Керим Тураповдун кызы Айтурган Турапова жана ырчы Эрмек Маматов да шайлоого бара жатышат.
Ал эми “Республика” партиясы ишкер жана саясатчыларды гана эмес, Ален Офойо өңдүү спортчуларды да тизмесине кошкон.
“Акыйкат” партиясынын тизмесинен куудул Күмөндөр Абылов менен “Бриллиант жылан” чыгармасынын автору Чолпонбек Абыкеевди кезиктирүүгө болот.
КСДПнын депутат болчу тизмесинен маркум Медет Садыркуловдун 31 жаштагы кызы Айжан Садыркулованы көрө аласыз.
Дагы бир кызык жагдай “Жалал-Абад” минералдык суусун чыгарган “Келечек” фирмасынын кожоюндарына байланыштуу. Жалал-Абаддын байларынын бири катары саналган бир тууган Тумановдордун кичүүсү Токтогул КСДПда болсо, улуусу Кубанычбек “Ар- намыста” жүрөт.
Маркум, экс-депутат Руслан Шабатоевдин бир тууганы Сымбат Шабатоева “Ак шумкар” партиясына катталган.
Эльвира Караева
koom@super.kg