ЫСЫКТА КОЛТУККА ТУУРА КАМ КӨРҮҮ

Күн ысый баштаганда көп адамдардын көйгөйү, тактап айтканда, ашыкча тердөө башталат. Колтук, алакан, таманда тер бездери көп жайгашкандыктан, дененин дал ушул бөлүктөрү көп тердейт. Бүгүн биз колтуктун ашыкча тердөөсү, дененин бул бөлүгүнө үй шартында туура кам көрүү боюнча кеңештерди сунуштайбыз.

КОЛТУГУҢУЗ КӨП ТЕРДЕСЕ...

Кийимди туура тандаңыз. Синтетикалык кийимдерди кийүүдөн качып, пахта, бамбук, зыгырдан токулган кездемеден тигилген кийимдерди кийиңиз.

Жеке гигиенаны сактаңыз. Колтукту күнүгө эртең менен жана кечинде антибактериалдык самын же гель менен жууп туруңуз. Болбосо кандай гана каражат колдонбоңуз жакшы жыйынтыкка ээ болбойсуз.

Туура тамактаныңыз. Ашыкча тердөөгө, денеден жагымсыз жыттын чыгышына жеген тамагыбыз да себепчи болот. Мисалы, куурулган тамактар, эт, ачуу ичимдиктер, сарымсак, пияз жана калемпир, ошондой эле татымалдар ашыкча тердөөгө, жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет.

Ромашка тундурмасын колдонуңуз. Ромашка гүлүнүн терчилдикти айыктырууда жардамы чоң. Андан тундурма даярдоо үчүн 5 аш кашык ромашкага бир литр суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатуу керек. Андан соң банкага куюп, оозун жаап, эки саатка тыныктырып коёбуз. Даяр болгон тундурмадан күнүнө 5 маал колтукка сүртүү шарт. Мындан сырткары жатарда таза дакиге тундурмадан сиңирип, колтукка 20 мүнөткө компресс жасоо да жакшы жыйынтык берет.

Дары-дармектерди колдонуңуз. Бүгүнкү күндө дарыканалардан терчилдикке каршы түрдүү дары-дармектерди табууга болот. Алсак, дриколор, драй-драй, гидронекс жана башкалар. Мындай каражаттар терчилдик менен гана күрөшпөстөн, анын келип чыгуу себептеринин алдын да алат. Бул каражаттарды колдонууда сөзсүз дерматологдон кеңеш алып, колдонуу эрежелерин, өлчөмүн туура сактоо шарт.

КОЛТУКТУН ТЕРИСИ ЭМНЕГЕ КАРАРЫП КЕТЕТ?

Буга ар кандай факторлор себепчи болот.

Тукум куучулук фактор.

Гормоналдык баланстын бузулушу.

Косметикалык каражаттарды туура эмес тандоо.

Туура эмес кам көрүү.

Түктөрдөн арылууда туура эмес каражат тандоо.

КОЛТУКТУН ТЕРИСИН ҮЙ ШАРТЫНДА АГАРТУУ

Картошка ширеси

Картошканын ширеси колтуктун терисин агартуучу табигый касиетке ээ. Ал үчүн күн сайын аны колтукка сүртүп, 20-30 мүнөт өзү кургаганча күтүп, андан соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Процедураны жыйынтык болгонго чейин жасай берүү керек.

Лимон жана кумшекер скрабы

1 аш кашык кумшекерге жарым стакан лимон ширесин аралаштырып, колтукка сүйкөп, 15-20 мүнөт күтүп турабыз. Андан соң жылуу суу менен жууп, кургактайбыз. Бул табигый скрабдын курамындагы лимон ширеси терини агартуучу, өлгөн клеткаларды жибитүүчү касиетке ээ болсо, кумшекер аларды тазалап түшүрөт. Эскертүү! Аталган скрабды кечинде, жатарда колдонуу шарт. Болбосо күндүн нуру менен лимон ширесинин таасиринен улам терс жыйынтыкка кептелип калышыңыз толук мүмкүн.

Кокос майы

Кокос майын такай колдонуп жүрүү колтук астындагы терини агарткандан сырткары жагымсыз жыттан арылтып, терини нымдаштырып турат. Ал үчүн жатарда колтукту антибактериалдык самын же гель менен жууп, териге кокос майынан сүртүп, сиңип кеткенче жеңил укалоо керек.

Суутектин кычкылы (перекись водорода)

Колтуктун терисинин карарышына каршы дагы бир таасирдүү каражат – суутектин кычкылы болуп саналат. Аллергия чакырбашы үчүн бул каражатты колдонууда абайлоо керек. Аны колтукка сүртүп, 10 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп, кургактап коюу керек.

Алма уксусу

Алма уксусун суу менен теңме-тең аралаштырып пайдалануу керек. Эгер териңиз өтө сезимтал болбосо, өзүн эле пайдаланууга болот. Бул табигый кычкыл колтуктагы бактерияларды жок кылып, алардын андан ары көбөйүшүнө бөгөт коё алат. Ошондой эле терини агартып, жагымсыз жыттан арылтат.

Депиляция

Шугаринг жана воск менен депиляция жасоо түктөрдөн гана арылтпастан, өлгөн клеткаларды да алып түшөт. Мындан улам тери агарат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NSKA
2020-06-23 08:34:44
Драй-драй эң сонун жардам берет, бир жолу сүрткөндө 3-5күнгө чейин жетет.
0
kulundu.89
2020-06-28 10:24:14
Айавай жакшы кенеш экен мен баарыны жасаймын
0
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан