– Эмне керек сага? Эмне эле жумушумдун эшигин сагалайсың? Менин сенде эч кандай сөзүм жок! Болду, мага күн сайын келе бербечи. Ортобузда кайсы сый мамиле калды эле? Бир келип, бир кетип жүрүп маани-маңыз дегенден эбак эле куру жалак калганыңды сезген жоксуңбу? Же билмексенге салып келе бердиңби? Билбесең, билип ал, экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Өлбө, жаным, өлбө деген мамилеге качан эле чекит коюлган. Аны мен эмес, сен койгонсуң. Жылуулукту башкадан издеп жоголуп кеткениңде бул жакта бирөөнүн жан дүйнөсүндө алай-дүлөй, бороон болуп жатканын ойлодуң беле? Эми эмне болду, мага муктаж болуп калдыңбы? Жок, эми кеч, буга чейин кылганың жетишет.
– Суранам, кел баарын башынан баштайбыз. Ооба, мен жаңылдым, бир мүмкүнчүлүк берчи. Мен баарын оңдойм, убада берем, сен мага керек экенсиң. Сени менен гана өзүмдү толук сезеримди түшүндүм. Мен өзгөрдүм, токтолдум, мурдагыдай жинди эмесмин.
– Жок, мүмкүн эмес. Сен мага кыпындай пайда бере алган жоксуң. Түп ордум менен жоголуп кете жаздадым. Көп аракеттин арты менен азыр баарын жайгарып алдым. Жан дүйнөмдү калыбына келтирип, баштап алган жаңы жашоомо аралашпа. Азыр жүрөгүмдү казсаң да өзүңө карата жек көрүүдөн башка эч нерсе таба албайсың. Ансыз да сен үчүн канча көз жаш төгүлдү, эми буга жол бербейм. Менин айткандарыма ишенбей турсаң керек, ооба, ал кезде чын эле сен үчүн отко да, сууга да кирүүгө даяр болчумун. Азыр жок. Сезимдерди аярлап, аздектей алган жоксуң. Четинен жанчып бырчалап жүрүп отурдуң. Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү кайгыга кептегидей сен кимсиң? Эми мени жайыма кой. Өзүмчүлдүгүңдүн курмандыгы болгум келбейт. Эмне мынча өзүмчүлсүң? Сенин каалооңдун жанында башкалардын тагдыры, убактысы, сезимдери бир тыйынчалык эмес. Кылыгыңдан канчалар жабыр тартты, ким билсин? Жетишет, болду, эми менин жашоомо мурдуңду салчу болбо!- күйүп-бышып жиним менен бир топ нерселерди айттым. Башыңды шылкыйтып маңдайымда отурдуң. Сага эч нерсе сүйлөгүм, сүйлөмөк тургай, жолумдан кезиктиргим келчү эмес. Бирок сүйлөдүм. Көзүмдөн бир тамчы жаш чыккан жок. Бул күчтүү болуп калганымбы же...
– Ишканабызды айланчыктап келе бергениңди токтот, ансыз да эки-экиден шыбырашуулар көбөйдү. Болду менин жолумдан чыкчу болбо! Менин сенде эч кандай сөзүм жок. Мындан аркысына убара болбой эле коёлу, сый бойдон эле калганыбыз жакшы, ушунчаңда токтот. Ызы-чуунун кимге кереги бар? Ортобузда мамиленин болгону чындык, мен аны танбайм. Бирок бул өткөн чак. Эч качан ал учурга кайтып бара албайбыз. Болуп өткөн окуяны оңдоого болбогондой эле, биздин мамилени да калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Мени эмес, өзүңдү күнөөлө. Ошончолук эле жакшылык кааласаң, мага залакаңды тийгизбе. Мен да бактылуу болгум келет, сенин кылыктарың менен күрөшүүгө дарманым жок!
Рахмат сага, сары жигит! Жашоодо көп нерсеге көзүмдү ачтың. Сага эрегишип жүрүп, бир топ ийгиликтерге жетиштим. А сен кеткен жолдор мени сонун мырзага жолуктурду. Сенден издеген күчтүүлүктү, туруктуулукту, камкордукту дал ошол адамдан таба алдым. Сени менин адамым деп ойлочумун, бирок жаңылыптырмын. Жөн эле сага өзүмдү-өзүм таңуулай бериптирмин. Сенсиз жашай албачудай болуп, өзүмдү аябай жарты сезгем. Көрсө, мени көкөлөтүп, алаканына салып, жылуулук бере алган адам башка экен. Мен аны сага алмаштыра албайм. Сүйгөндү билбеген жаным, сүйүү деген ушул экен деп эле сага байланып алганымды айт. Сени жоготуудан коркконумчу... Хм-м... Азыр карап көрсөм, ал сүйүү эмес, жөн гана жиндилик экен. Балким, сен менден кетпегенде көзүм ачылбай, дал ошол жиндиликти сүйүү деген бойдон кала бермекмин. Эшигимди каккылап убара болбо, сен мени эбак эле жоготконсуң...
Мадина