ЖАБЫК УНААДА 5 СААТ БОЮ КАЛГАН 2 НАРИСТЕ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ

АКШнын Оклахома штатынын Талса шаарында 5 саат бою жабык унаанын ичинде калган эки наристе каза болду. Аларды атасы унаанын ичинде калтырып, үйүнө кирип уктап калган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жарыялашты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 31 жаштагы Дастин Ли Деннис аттуу адам унаасы менен ишемби күнү күндүзү 2 баласы менен дүкөнгө барып, келген соң үйүнө кирип уктап калган. Ойгонгондон кийин, болжолдуу беш сааттан соң балдарын таппай калган. Ал 5 сааттан кийин 4 жаштагы кызын жана 3 жаштагы баласын унаадан үйүнө алып кирген. Окуя болгон жерге дарыгерлер келген, бирок наристелердин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Алардын өлүмүнүн себептери азырынча так аныктала элек. Балдар 5 саат бою унаанын ичинде көзөмөлсүз калган. Учурда балдардын өлүмүнө себепчи катары атасы полиция кызматкерлери тарабынан кармалды деп жазылат маалыматта.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2020-06-28 16:26:17
Кудай сактай кор, былтыр дагы Америкада эгиз балдарын садикке алып баратып унутуп олтуруп алды эле. Кантип баланы унутат,кызык! Байкуш балдар ысыкта дем жетпей кыйналганын элестетсем....
0
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан