64 ЖАШТАГЫ АЯЛ 23 ЖАШТАГЫ БАГЫП АЛГАН БАЛАСЫНА ТУРМУШКА ЧЫКТЫ

Индонезиянын Түштүк Суматра шаарында 64 жаштагы Мба Гамбренг аттуу аял 23 жаштагы жигитти багып алган. Бир жылдан кийин багып алган баласы ага үйлөнүү тууралуу сунушун билдирип, экөө баш кошушканын чет элдик басылмалар жарыялашты.

Мба Гамбренг 2019-жылы Арди Варасты асырап алган. Бир жылдан кийин аял багып алган баласына үч кызы турмушка чыгып кеткенин, өзү дагы турмушка чыгуу ою бар экенин айткан. Мындан улам Варас багып алган апасына үйлөнүү тууралуу сунушун киргизген. Гамбренг таң калганын айтып, бул сунушка макул болгон.

Той алдында Варас ага 100 миң Индонезия рупийин (528 сом) калың катары төлөп берген. Үйлөнүү тоюнда экөө бактылуу экенин билдиришкен.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
taalay25
2020-06-22 10:48:04
Ээ койгулачы 22 жаштагы бала кантип бироонун асырандысы болсун
+3
orun
2020-06-24 14:48:35
Ошол жигитке турмушкс чыгыш үчүн эле багып алган го
+2
ashuular_plus
2020-06-26 16:32:20
528 сом калың, ой боорум ай )))
+1
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан