Медер Итибаев: «ОМУРТКА ООРУЛАРЫН ДАРЫ-ДАРМЕКСИЗ АЙЫКТЫРУУГА БОЛОТ»

Кесип

Манжасы менен массаж жасап, оорулуу адамдардын алкоосуна арзыган чыгыш медицина чебери Медер Бишкек менен маек. Медер мырзанын убактысы тар экени кабылдамасында кезек күтүп отурган кардарларынан эле маалым болду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • Чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери – Медер Бишкек 1974-жылы Өзгөн районунун Кароол айылында туулган.
  • Түпкү теги Аксыдан болот. Өзгөндө таене-таятасынын колунда өскөн.
  • Ош шаарындагы Барпы атындагы №38-мектепти бүтүргөн.
  • Медициналык орто окуу жайды аяктаган. Мындан сырткары экономикалык билими бар.

– Мен билген Медер Ошто иштеп жүрчү эле, анан качан борборго келип Медер Бишкек аталып калган?
– Борбор шаарыбыз Бишкек биздин 9-атабыздын атынан коюлган. Ошон үчүн адабий псевдоним катары 2004-жылдан бери өзүмдү Медер Бишкек деп атап жүрөм.
– Чыгыш медицинасына кандайча кызыгып калдыңыз?
– Он үч жашымда 4 жолу бутум сынып, сөөктүн кулгуна (остеомиелит) оорусуна чалдыктым. Өтүшкөн бронхит, гайморит, ашказан, баш, жүрөк оорулары менен жабыркап, көрүүм да начарлап, «стресстин чоң атасына» туш болуп, депрессияга чөмүлүп калдым. Мен азыр ошол сыноону Кудайдын белеги деп түшүнөм. Кыйынчылык көрбөгөн же тагдыр түйшүгүнөн качкан адам кайсы багытта болбосун, спорттобу, искусстводобу, илимдеби, бизнестеби же саясаттабы, эч качан чоң ийгиликтерге жетише албайт.
Толук айыкпаган үчүн башка жолдорун издеп жүрүп, чыгыш медицинасына туш болдум. Алла мени устатым Макен Исаковго кезиктирди. Устатымдан кытай массаждарын үйрөнүп, тай-цзицюань, ци-гун, йога, япондун шиацу сыяктуулары менен машыктым. Кытай медицинасы менен алектенип жүрүп, бутумдун иштешин жакшыртып, бронхиттен, гаймориттен айыктым. Көзүмдүн көрүүсүн толук калыбына келтирип, андан сырткары кунг-фунун багыты- нын бири тай-цзи боюнча инструктор болууга жетише алдым.
– Устатыңыз бар экен. А сиз өзүңүз шакирттерге устат боло алдыңызбы? Бул өнөрдү артыңыздан улантуучу балаңыз барбы?
– Өзүм айыгып кеткен соң чыгыш медицинасына болгон кызыгуум күчөп, Кытайга барып бул жаатта тажрыйба топтоп келүүгө туура келди. Спорт багытында небере-чөбөрө, шакирттеримди кошкондо 8 000ден ашык окуучум бар. Алдыңкы окуучуларым бүгүнкү күндө Казакстан, Татарстанда ушул өнөр боюнча иштеп жүрүшөт. Ал эми өзүмдүн 3 балам бар. Убагы келгенде аларга кенен маалымат берип, үйрөтөм.
– Сиз айтып өткөн кытайдын тай-цзи, ци-гун өнөрлөрүнө элдин кызыгуусу кандай?
– Абдан жакшы. Туура, мамлекеттик деңгээлде өнүктүрө албасак да, Кыргызстандын бир топ аймактарына жайылтып, сергек жашоо образын элибизге тартуулап турабыз.
– Композитор Кадыралы Артыков да кабылдамаңызда отурат. Кадыралы агай бул жерге жөн келбесе керек...
– Кадыралы агай менен кардар эмес, ага-инидей мамиледемин. Агай менин жасап жаткан иштеримди дайыма колдоп келет. Бир аз сыркоологонун угуп, ага өзүм чалгам. Бүгүндөн баштап агай экөөбүз ден соолукту чыңдап, машыга баштайбыз.
– Илимий медицина сиздерге кайчы пикирлерин айткан убак болгонбу?
– Чыгыш медицинасы дегенде эле бардык ооруларды айыктырат деп түшүнбөө керек. Биз илимий медицина менен дайыма кеңешип турабыз. Аппендицитти же башка ооруну кантип кол менен айыктыра алабыз? Биздин илимий медицина абдан өнүккөн, бирок ооруга диагноз коюуда, оорунун алдын алууда жана дарылоодо бурмаланган эмес, таза, анык чыгыш медицинасы менен бирге иш алпарса, өтө зор ийгиликтерге жетишмек.
– Азыркы убакта бизде кытай медициналык борборлору абдан көбөйүп кетти. Кытай медицинасынын биздин медицинадан кандай айырмасы бар?
– Кыргызстанда иштеген кытай дарыгерлери чыгыш медицинасы менен алектенишпейт. Рефлексо-терапияны кошпогондо, кадимки биздин медицинанын программасы менен иштешет. Анык кытай медицинасын билген мыкты адисти килейген Кытайдын өзүнөн да табыш кыйын. Элдин аң-сезиминде «кытай дарыгерлери күчтүү болот» деген ишеним болгон үчүн улуту кытай болсо эле азгырылып, алданып калган учурлар абдан көп. Кытай медицинасынын чеберлери Кыргызстанга караганда Европа өлкөлөрүнө көп барышат. Кыргызстанда миң сом турган процедура Германияда, Францияда 2-3 миң доллар. Кыргызстанда анык чыгыш медицинасын жакшы билген бир да чыныгы адисти жолуктурбадым. Бизде иштеген кытай доктурларынан адамдын денесиндеги меридиандар – энергетикалык каналдар тууралуу сурасаң, түшүнүктөрү жок. Бирок денедеги чекиттерге ийне сайышат. Бул деген Пифагордун таблицасын билбей туруп, жогорку математикадан сабак бергендей эле кеп.
– Ай-ий, анда кытай дары-дармектерине ишенсе болобу? Анткени кытай дарысын ичип алып, ар кандай ооруларга чалдыккандар кездешет экен...
– Кытайдын дары-дармексиз дарылоо ыкмалары дүйнөдө теңдеши жок өнүккөн. Дары-дармектерди даярдоо жагынан Кытай алдыңкы орунда турганы менен, Кыргызстанга келген кытай дарыларын лабораториядан жакшылап өткөрмөйүн, ишениш кыйын. Кытайдын дарысы эмес, момпосуюн, жер-жемиштерин жеп алып, канчалаган мекендештерибиз ар кандай ооруларга чалдыгып жатышпайбы.
– Сиздин омуртка аралык грыжа оорусун дарылоодо кепилдик берериңизди угуп жүрөбүз. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Биздин борбордон дарылоо-профилактикалык курсун өтүп, Император-Каган массажын алган соң ци-гун-терапия, йога-терапия, тай-цзи-терапия көнүгүүлөрүн кайталап машыгып өмүр сүрүшкөн пациенттер буга далил. Омуртка аралык грыжа оорусунан айыктырууда биз нейрохирург-врачтар менен кеңешип, иш жүргүзөбүз. Жыйынтыгында омуртка аралык грыжаны операциясыз айыктырууга 98 пайыз кепилдик беребиз.
– Кайсы партияга мүчөсүз? Шакирттериңиз саясатка, кримчөйрөгө аралышып кетпегенби?
– Эч бир саясий партияга мүчө эмесмин. Биздин чөйрө башка, криминалга тиешеси жок. Саясатка аралашпаганым менен, улуттук маселеде тикеден тик турам. Мурда ХИПКке, Манастын Кароол чокусун сырттан келип казып киришкенде каршы чыгып, активдүү катышкам. ЕККУнун полициясына жүз пайызга каршы экенимди ачык эле билдирем. Ошондой эле кыргыздын ыйык жеринде жашап, алтын кыргызыма каршы чыккандарга караманча каршымын!
– Улутчулдук күчтүү өнүккөн деңизчи...
– Мен улутчул эмесмин, мекенчилмин. Менин "Кыргыз кыргыздан соода кылат" деген китебим чыккан соң ала топучан өзбек туугандарга жакпай калыптыр. "Кыргызым" деп эле бизди бөлө берет экен" дешиптир. Чынында, мен бөлбөйм. Биздин өзүбүздүн салтыбыз, тилибиз бар. Эзелтен эле салт-санааны колдонуп келебиз. Анан биздин жөрөлгөлөргө, салтка түшүнбөгөн башка улутка таң калам.
– Иниңиз Алтынбек Итибаев "маркум депутат Санжар Кыдыралиевди өлтүрдү" деп абакта отурат. Абалы кандай? Чын эле күнөөлүү беле?
– Инимдин ден соолугу азыр начар. «Санжарды өлтүргөнгө буйрук берген» деп күнөөлөнгөн Мурас деген жигит өз эрки менен келип, 1 жума сурак берген соң күнөөлүү эмес экенин далилдеп чыгып кетти. Иним болсо буйрукту аткаруучу болуп, 1 жыл 2 айдан бери абакта отурат. Санжардын иниси, карындашы менен деле сүйлөшкөм. Бир жолу барайын деп камынып алгам. Анан иниси Орунбектин "кылар ишти иниси кылып койсо, агасы жумушун таштап Ошко мага келгени жатат" деген сөзүн угуп алып айнып кеткем. Мурда иним окуя кандайча болгонун айтчу эмес. Азыр баарын айтып берип жатат.
1-эле күнү Алтынбектин башына пакет кийгизип, 7 саат сабашыптыр. "Моюнуңа ал" деп акча да сунуштаган экен. Бир жолу уктап жатса айбаттуу жигиттер келип, омурткасы сынгыча сабашыптыр. Мен да чыдап турам, баары адилет чечилсин деп. Азырынча күчкө салып моюнуна алдыргандардын атын атабай эле турайын. Себеби ИИМдин жана УККнын кызматкерлери Алтынбектин күнөөсүз экенин билишет. Инимдин 3 баласы бар, аялы кетип калды. Азыр ишти генпрокуратурага өткөрүштү. Өзүм стрессти жай кабыл алганым менен, иним Алтынбектин 3 баласынын жана ата-энемдин ыйы муун-жүүнүмдү бошотуп жиберүүдө.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aminali
2010-09-18 05:37:13
Maga jagat uwul insan azamat.
0
Turman
2010-09-20 15:55:57
Фигня, ему не стоить верить. Он же баба натуральная.Ни какой он не мекенчил, он лох.Кайра-кайра катын алгандан башка колунан эч нерсе келбейт. Биринчи уй-булонду. оз ата-эненди сыйла, анан мекенин жонундо ойлонсон аферист.Двуличный [adm]
-1
Turman
2010-09-20 15:58:04
Ата-земдин коз жашы дебей, уч катыным муун жунумду бошотуп жатат десен ошондо окшошот.:)
0
Turman
2010-09-20 16:09:33
Ай уяты жок уч балам бар дейт, беш балам бар,алтынчысы жакынды жарык дуйного келет десен. Мейли уч балан бар дейли, калгандары асмандан тушуп калдыбы, же алардын атасы ким экенин билбейсинби? У тебя комплекс неполноценности дорогой мой. Сенин кандай экенинди эл абдан жакшы
-1
Aigewa
2010-09-21 09:04:05
Menim4e jakwy insan go! Baaryna jardam beret
0
lucky
2010-09-24 09:07:14
Turman, uspokoisya. Vse cho ty napisal eto polneishiy bred. Ya Medera Itibaeva ochen daje uvajau, on na samom dele Patroit. Takih ludei v KG vsego lish edinisy.
0
Turman
2010-09-24 17:08:48
Lucky ты значить его знаешь, я то знаю, сколько мы вместе ходили. Может быть что рядом с тобой он одевает свою маску.
0
elvira1980
2013-03-13 19:53:54
Э озундун колунан бернерсе келеби келбегенден кийин жонеле жаза бербечи коп башты оорутпай, ал медицина жагынан мастер башкаврачтарга караганда бул жакшыраак айыктырат сен озун биринчи барып корчу анан билесин кандай экенин коп башты оорутуп,коп быдылдай бербегин.
+1
Dairbek_nasa_s
2015-10-05 09:40:53
Бул киши мен абдан ардактаган адам. мен бул кишиден чыгыш онорунун бардык турун уйронгум келет жана ага бир азда болсо шыгым бар бирок жолуугуга эч качан шарттар болгон эмес. Озуно жолукпасамда "Тай Цзи сыры ачылсын" атуу китебин алайын деп коп издедим бирок жолуктуралбай койдум. Ага сизден сурануу магада дуа кылып койун чыгыш спорт онорунун чебери болушка... Рахмат
0
Рано
2023-04-26 02:40:00
Медер Итибаевдин иштеген жеринин адресине ким билет?
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан