“NETFLIX” КӨК БӨРҮ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТТЫ

Белгилүү америкалык Netflix компаниясы ар кайсы өлкөлөрдүн маданиятына жана улуттук спорт оюндарына арналган “Алыскы оюн” (“Away Game”) аттуу документалдык тасмасына кыргыздын улуттук оюну Көк бөрүнү да тартты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Тасманын ар бир сериясы ошол спорттун мекени болгон өлкөнүн маданиятына жана ал спорт түрү кандай маданий жана тарыхый контекстте түзүлгөнүнө арналган. Биринчи сезондун бет ачары 2020-жылдын 26-июнунда болот. Бул боюнча Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Кубатбек Аскарбеков буларды билдирди:

– “Netflix” компаниясы “Планетадагы эң көрүнүктүү спорттун 12 түрү” аталышындагы 12 сериядан турган документалдык сериал тартып жатыптыр. Көк бөрүнү тартуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сунушу болгон. Алар былтыр Президенттин кубогуна карата уюштурулган оюн учурунда келип, тартып кетишкен. Көк бөрү тууралуу бир топ кызыктарды тартышты. Анан өздөрү улакчылар Сейитбек Анарбек уулун жана Манас Ниязовду тандап алып, каарман катары тартышты. Бул тасма интернет айдыңында 1 миллиард жолу көрүлөрүнө компания кепилдик берген.

Тасмага башкы каарман катары тандалып алынган “Сары Өзөн” командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу бул тууралуу кыскача айтып берди:

– Былтыр Чолпон-Атада тартылганбыз. Манас Ниязов экөөбүздү баш каарман катары тандап алышыптыр. Бизге көк бөрүгө кантип, качан аралашып калганыбызды, бул оюн тууралуу бир топ суроолорду беришти.

"Netflix" – кино, сериал жана телешоулор менен камсыздаган америкалык компания. Мультимедияга багытталган. Ал 1997-жылы 29-августта миллиардер Рид Хастингс жана ишкер Марк Рандольф тарабынан негизделген.

2006-жылга чейин компаниянын 5 миллион туруктуу кардары болгон. 2007-жылы "Netflix" өзүнүн онлайн-кинотасмасын сунуштап, киноиндустриясын түп тамырынан бери өзгөрттү. 2016-жылы компания 190 мамлекеттин рыногуна чыкты. Маалыматка ылайык, 2019-жылы абоненттердин саны 167 миллион адамды түзгөн.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан