ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ 150 МЕТРЛИК ЖАРДАН КУЛАП КАЗА БОЛДУ

Өспүрүмдөр арасында альпинизм боюнча Дүйнө чемпиону франциялык 16 жаштагы Люси Дуади 150 метрлик жардан кулап каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык Дүйнө чемпионунун үйүнөн алыс эмес жердеги тоодо болгон. Ал достору менен тоодо жүргөн учурда 150 метрлик жардан кулап кеткен. Өз кезегинде Франциянын альпинизм боюнча федерациясы Люси Дуадинин каза болгондугуна байланыштуу аза күтүп жаткандыгын жар салды.

Люси Дуади Токиодогу Олимпиада оюндарына киргизилген боулдеринг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиону.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан