РЕЖИССЁР ЫРЫС ЖООМАРТОВА КЕЛИНДҮҮ БОЛДУ

Тамашалуу «Шаардык келин Шарапат», «Айылдык келин Алёнка», «Менин ырым хит болот», «Быйыл сөзсүз күйөөго тием» жана башка тасмалардын режиссёру, актриса Ырыс Жоомартова келиндүү болуп, кубанып турган чагы. Ырыс айым тойду карантиндин шарттарына ылайык өткөрүшкөнүн айтат:

– 10-июнда уулум Айбек үйлөнүп, Наргиза аттуу келиндүү болдум.
Уулум менен келиним жумуштары боюнча чет өлкөгө кетишмек. Ошондуктан эки жашты тез арада баш коштурдук. Үлпөт той 10-июнда тойканада болду. Тойго кудаларыбызды, туугандарыбызды жана досторубузду чакырдык. Тойкананын администрациясы коноктордун санын, аты-жөнүн тактап киргизди. Калган катташтарыбызды үйгө бөлүп чакырып жатабыз. Баары карантиндин шарттарына ылайык өтүп жатат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан