(Башы өткөн сандарда)
Аяна токтоп калган жок. Жүрөгүндөгү жалынды Искендердин аялы бар экени да өчүрө албады. Аял бир көңүлүнө от түшсө, дүйнө кошо өрттөнүп кетерин, жолунда эч бир нерсе тоскоол боло албаcын ошондо түшүндү. Өзү жек көргөн апасынын тагдырын жашап жатканын билбеди. Атасынын эжеси кичүү сиңдисин багып алган эле. Салима ошолордун колунда чоңойду. Сиңдисин анда-санда гана көрбөсө, көп көрчү эмес. Аянага караганда Салима бактылуу балалыкта чоңойду. Анткени эжеси багып алганда кичине кыз эле, өз ата-энесин билген эмес. Бир кокустук болуп калып гана билип калды. Ошол күнү ал Нарындан борборго качып келди. Аянага келди. Эшикти ачканда босогодо көзү шишиген сиңдиси турган эле. Өзү шашып, окууга жөнөгөнү жаткан.
– Салима?
– Мен келдим. Эже...
– Сен биз бир тууган экенибизди билип туруп эмнеге айткан жоксуң?
– Салиш, муну сага ким айтты?
– Өмүр бою укпай калат деп ойлодуңар беле?
Кыз жини келе бөлмөгө кирди. Кичинекей батирди айланта карап турду да, чечкиндүү айтты.
– Мен аларга кайра барбайм, мен сени менен калам, эже. Башынан эле ушундай болуш керек эмес беле? Менин ордум сенин жаныңда.
– Макул, жаным, макул. Кел, отурчу.
Ошол күнү Аяна сиңдисин кучактап отуруп, өткөндөрдү айтып берди.
– Мен 12-13 жаштарда болчумун. Түн ичинде апам менен атамдын урушуп жатканынан улам ойгонуп кеттим. Апам кийимдерин чогултуп жаткан экен. Алардын сөздөрүн анда жакшы түшүнгөн эмесмин. Көрсө, апабыз башка бир адамды сүйүп калып, аны менен кеткенин кийин түшүндүм. Сен кичине элең. Атам экөөбүз сени бага албайт болчубуз. Ошол үчүн сени эжеме берди. Болбосо эмнеге берсин?
– Атам кандай киши эле?
– Атабыз башкача болчу. Жумшак, акылдуу, юрист болгон үчүн элдин баары ага жардам сурап келчү. Эч кимден акча алчу эмес, баарына ак көңүлү менен жардам берчү. Сени, мени аябай жакшы көрчү. Апабыз кеткенден кийин ал сынып калды. Элден уялды, көчөгө да чыккысы келчү эмес. Колунан баары келчү, түрдүү нерселерди жасачу. Ошолорду сатчубуз. Атам кийин көп ичип калган, каза болгонунун себеби да ошол болду.
– Апабызчы?
– Эмне апабыз?
– Кийин келген жокпу, үч жашымда кеткен экен, азыр он алтыга чыктым. Ушуга чейин эч бир кабар алган жокпу?
– Жок, кабар алган жок. Ким менен кеткенин да, кийин жашоосу эмне болгонун да билбейм. Башка бирөөдөн дагы кыз төрөптүр деп уккам. Бирок кайда, эмне кылат кабарым жок.
– Анда биз издейли, эже?
– Кайдагыны айтпачы, издеп алып эмне кыласың?
– Жүзүн көрөм. Ал аябай сулуу аял болгон экен, ээ? Сага окшош болуптур.
– Салиш, ал бизди таштап кетти, бир эркек үчүн экөөбүздү таштап кетти. Түшүнөсүңбү? Сен ошол аялды издейм деп жатасыңбы?
Салима ойлонуп калды. Бирок баары бир апасына болгон боор толгоо күчтүүлүк кылып турган эле.
– Макул, издебейм. Бирок сени менен калам.
– Болбойт, кайра Нарынга кетесиң.
– Кетпейм.
– Кетесиң. Жок дегенде окуу жылын бүтүрүшүң керек.
– Өлтүрсөң да кетпейм.
Салима көк бет кыз эле. Аянадай токтоо эмес болчу. Эрке, кежир кыз болчу. Болбой борбордо калып калды. Жылдын жарымында аны мектебинен которууга туура келди. Эми жанын үрөп иштеши керек. Күндүз окучу, жарыбаган акчага агайынын бир баласына репетиторлук кылчу, түнкүсүн тигүү цехинде иштечү эле. Болгон жакшыны Салимасынын оозуна кармачу.
Бир күнү жумуштан келсе эле бөлмө чаң-тополоң, сиңдиси жок. Жүрөгү оозуна тыгылды. Шашылыш телефонун терди эле, өчүк экен. Эмнени ойлонорун билбей, бөлмөдө ары-бери баса берди. Кимге кайрылуу керек, кимден жардам суроо керек? Оюна Искендер келе калды. Анын “кандай болсо да жардам берем” дегенин эстеди. Кантип анын номерин тергенин билбей калды.
– Алло!- деди уйкусураган үн.
– Искендер байке, бул мен, Аяна. Сиз "жардам керек болсо кайрыл" дегениңизден...- кыз апкаарып кетти.
– Аяна, эмне болду?
– Сиңдим жок. Качырышты аны,- деп ыйлап жиберди.
– Дарегиңди айт, азыр барам.
Искендер Аянаны чаң-тополоң түшкөн бөлмөнүн ортосунда селейип отурган абалында көрдү. Боору ооруп кетти. Кучактай калды.
– Кана, башынан айт, эмне болду?
– Жумуштан келсем жок, телефону өчүк.
– Досторун билесиңби?
– Жок.
– Кимдерге барчу эле?
– Билбейм, эч ким акылыма келбей жатат. Эжеме чалайын десем жүрөгү начар, бир нерсе болобу деп...
Түнү менен Искендер Аяна экөө шаарды кыдырып чыгышты, табышкан жок. Эми милицияга кабар берели деп калганда телефонуна СМС келди. “Эже, мен досторум менен Кант шаарына туулган күнгө кеткем. Кабатыр болбо” дептир тентек кыз. Аяна коркуп кетти. Номерин терип, кыйкырып коё берди.
– Сен эми эсиңе келдиңби, түнү менен издеп чыкпадымбы сени!
– Телефонум өчүп калган, эми...
– Сени менен үйгө келгенде сүйлөшөм!
Телефонду ыргытып, ыйлап жиберди. Искендер ал ыйлап бүткөнчө күтүп турду да, бир топтон кийин колун ийинине койду.
– Аяна, канчадасың?
– 21де.
– Сен өзүңө оор жүк алып алдың. Сен башкалар үчүн жашаганды токтот. Өзүңдүн жашооң менен жаша. Ойно, күл, көңүлүң каалаган жиндиликти жаса. Жашоо бирөө гана, аны башкаларга коротпо. Жаштык кайра келбейт. Карачы, өзүңө түйшүктүн баарын жүктөп алып..
Аяна көздөрүн бакырайта тиктеп калды. Аны менен чындап сүйлөшкөн адам Искендер болчу. Азыр жан дүйнөсүндө болуп жатканын Искендер күзгү менен көрүп жаткандай сезилип кетти. Кучагына бой таштагысы келди. Анын ордуна эрдин кесе тиштеди, бурулуп кетти. Ох, ушунчалык сүйүп туруп, аны айта албаган кандай оор? Жан дили менен ушул адамдыкы болуп туруп, андан бөлүнүү кандай азап? Ийиндери дир-дир эте ичтен өксүдү.
– Ыйлаба эми, баары жакшы болот. Жүрү, сени үйүңө жеткирейин, анан сменди кабыл алышым керек.
Машинеден араң түштү. Буту шилтенбейт. Айтсаң азыр айт, башка бир учур келбейт деп жатты ичинде бир үн. Караса Искендер машинесинен түшүп, бир нерсе деп айтканы жаткан экен. Өзүн токтото албай калды. Кучагына боюн таштады.
– Мен... Мен сизди...
– Айтпа, жарыгым. Эч нерсе дебе,- деди эркек чекесинен сүйүп. Кыз жети өмүрдү башынан кечирип жаткандай сезди. Кимдир бирөөнүн кучагы жылуу болорун, колдору кубаттуу, эриндери ысык болорун билбеген эле. Аялдык бир туюм менен Искендер өзүнүн сезимин айттырбай эле билгенин түшүндү. Кандай бакыт! Искендер катаал турмуштан кайыгып, караан издеген бир кызды калкалап жатам деп ойлоду. Көп болсо кучактады, чекесинен өптү, эмне болуптур? Бирок жаш кыздын чырмалышкан колдору аны жипсиз тушап, бир өмүр аны байлап аларын билген эмес эле. Өмүрүндө эң таттуу да, азаптуу да, жан дүйнөсүн кыйнаган күнөөсүз да, күнөөлүү да сезимдин ортосунда чайналарын кайдан билди? Шатыра-шатман, бир да кайгы билбеген, жаш баладай ишенчээк сүйгөн аялына көңүлүнүн тереңинде сыздаткан күнөөсүн айта албай, миң толгонорун билбеген. Анын карама-каршысы болгон, жүзү муңайым, өмүрү түйшүктүү, токсондогу карыдай токтоо бул сулуу ага эмне деген азаптарды чектирерин билген эмес. Эл көкөлөткөн атактуу, таланттуу Искендер Мусабековдун караңгы тарабы да болорун туйган эмес.
Жашоо сюрприздерге бай. Ачуусун да, таттуусун да кабыл алуудан башка адамда айла барбы?..
(Уландысы кийинки санда)