Жашоо кызык. Кечээ эл арасында кадыр-баркка ээ адам бүгүн жүрбөй калган машинени үй кылып, жалгыздык жана оору менен алышып жашаганга, жардам сураганга аргасыз. “Карагул ботом”, “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларын тарткан режиссёр Темир Азем уулу азыр кант диабетинен жабыркап, инсульт алып баспай калган.
“КИНОГО ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВГЕ ТААСИРЛЕНИП КЕЛГЕМ”
– Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 1955-жылы 15-августта төрөлгөм. Союз убагында кино тармагы өнүгүп жаткан мезгилде тагдыр жолум мени кыргыздын мыкты режиссёру Дооронбек Садырбаевге туш кылды. Экөөбүз тасма тартуунун күнгөй-тескейи тууралуу көп пикир алмашчу элек. Мен анда айылда фотограф болуп иштечүмүн. Бири-бирибизге кат жазып, пикир алышып турчубуз. Ошол каттарды жоготуп алдым, болбосо музейине берсем деп жүргөм. Кийин мени борборго чакырды.
Өзүм Москва шаарында кино тармагында окуп жүргөндө атам айылда жалгыз калып, ага каралашам деп окуумду уланта албай калгам. Башынан эле ушул тармакка кызыкчу элем.
Доке кыргыз элинин биринчи сериалдарын тарткан адам. Үркүн тууралуу тартылган “Кайран эл” деген тасмасына мен жардамчы болуп чогуу тартып калдык. Кийин бийлик ал тасманы көрсөтүүдөн алып салды. Ушул тасманы бүтүрсөм деп аябай аракет кылган эле. Ал убакта кино плёнкага тартылчу. Өзүнүн акчасына плёнка сатып келген. Аябай патриот киши эле. “Кайран эл” тасмасына Касымалы Баялиновдун “Ажар” чыгармасынын монологун тартмакчы болуп башкы каармандын ролуна Оштон бир кызды алып барып тарттырган элем. Кызды карышкыр талап кеткен жерин, кыргыздар топ-топ болуп өлүп калган жерин тартканбыз. Дагы кызык жери – массовка жасаганга акча жок болгондуктан, айла кеткенде милициянын соолуктуруучу жайына түшүп калган кишилерди алып келип тарткан. Самара Токтакунованын күүнү сыздатып турган жерлери да таасирдүү эле. Аттиң, тасманын элге көрсөтүлбөй калганы менин да арманым болду. Ал кезде өзүнчө кино тартуу мүмкүн эмес эле. Бүт баары Москвада чечилчү. Эгемендүүлүктү алгандан кийин өзүбүз деле тартсак болот экен деп, Докеме окшоп өз каражатым менен тартууга кириштим. Докем менин устатым болду. Ага таасирленип 1996-жылы Кожожаштын окуясы баяндалган “Карагул ботом” деген тасмамды тарттым. Аксыдагы Авлетим жайлоосунда тарткам. Тасмага 20га чукул адам катышып, тартуу иштери бир жарым айга созулган.
“ГҮЛНУР АСАНОВАНЫ ТАСМАГА ЭҢ БИРИНЧИ МЕН ТАРТКАМ”
– “Карагул ботом” тасмасына кичинекей эркек бала табылбай калып, ырчы Гүлнур Асанованы тарткам. Тебетей кийгизип эркек балага окшотуп тарткан элек. Гүлнур өзү башкача маалымат берип коюшу мүмкүн. Бирок бул болгон окуя. Мен анын апасына үйлөнгөм. Гүлнурдун апасы менен 10 жылдай жашадым, кийин ажырашып кеттик. Азыр байланышпайбыз.
Ал убакта Гүлнур мектепке бара элек кыз болчу. Ырдаганды жакшы көрчү. Мен сүйлөшүп Гүлнурду телеге чыгарып турчу элем. Алгачкы клиптеринин баарын мен тарткам. Кийин “Туңгуюк” тасмасын тарттым. Фильмдин башкы каарманы эркек бала болчу. Бирок Гүлнур “мен тартылайынчы” деп суранганынан сценарийдеги эркек башкы каарманды кызга өзгөртүп, Алтынай деп атагам. “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак”, “Табышмактуу тагдырлар” тасмаларына Гүлнурду тарттым. “Башкы каарман торпок жетелеп эле кала береби? Аягын бактылуу кылыш керек го” деген көрүүчүлөрдүн сунушунан улам кинонун уландысын тарткан элем.
Ошол тасмаларды, дагы бир топ документалдык, көркөм тасмаларды тарттым. Сыйлыктарым да бар. Эки колу жок бир адамдын турмушу тууралуу фильм тартып, чет өлкөдө өткөн фестивалда да сыйлангам.
“ООРУП КАЛГАНДА ЖАЛГЫЗДЫГЫҢ БИЛИНЕТ ЭКЕН”
– Кийин үйлөнгөн жокмун. Азыр жалгыз жашайм. Көп жылдан бери кант диабети менен алышып келем. Кийин инсульт алдым. Бул дарт колдон, буттан алат экен. Мендей адамдарды “итке мингизип” коёт тура. Жакында тааныш балдар келип видеого тартып кетишкен. Ошолор аркылуу социалдык тармакка тарап кетти. Аргасыз элден жардам сураганга туура келди. Анткени бутум баспай калды. Кан басымым да жогору. Өкмөткө кайрылып, президентке чейин кат жазгам, эч жардам болгон жок.
Учурда убактылуу Аксыда эжемдикинде турам. Кыбырабасам болчудай эмес. Жакшы баса албасам да, анча-мынча видео тартып жүрөм.
Биринчи никемден 5 балам бар. Ажырашканыма көп жыл болду. Апасы балдардын кулагына туура эмес маалыматтарды куюп койгон экен. Ачыгын айтсам, алар карабай коюшту. Жакында барып жолукканга аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок.
“Эмнеге тасмаларыңда оор тагдырларды тарткансың?” деп көп сурашат. Мен "жогору жакта тургандар эл үчүн бир нерсе кылышабы?” деген ойдо тарткан элем. Тарткандарымдын баары коррупцияны чукуган тасмалар. “Чындыктын өчкөн изи”, “Атылган ок” – элдин таламын талашкан тасмалар. Комедия жанрындагы, компьютер менен жасалган тасмаларды тартпайм, көрбөйм дагы. Турмуштун чындыгын көрсөтүш керек. Азыр эки сценарий жаздым, фестивалдык сыйлыктарга татый турган тасма болот деп ойлоп жатам.
Оор тасмаларды тартканым менин тагдырыма таасир берген жок. Ооруп калганыма биринчи аялым менен болгон мамилем себеп болду окшойт. Анткени кант диабети стресстен улам жабышчу дарт тура. Ызы-чуу болуп жашап жүргөн учурумда дарт курч кармаган. Ошол учурда эле дарылансам болмок экен. Кант диабетине көпчүлүк олуттуу карабайт тура, симптомдору да көп байкалбайт. Катуу ооруган учурда баспай калгам, азыр акырын басып жүрөм. Жер төлө сыяктуу жерлерде жашадым. Мен жашаган жерлерге эч ким чыдай албайт болуш керек. Былтыр кышында баса албай калдым. Ошондо да видео тарттырып бирөөгө жөнөткөм. Бирок ал чыгара албай калды окшойт. Дарыгерлер “өтүшүп баратат, жардам сурап элге кайрыл” дегенинен макулдугумду бердим. 2 жыл мурда ооруп жатканымды жалган деп чыгышты. Мага эмне азап? Чың ден соолугумду оору кылып башыма таш тийди беле? Дарыгерлер койгон диагноздорум, маалымдамалар көрүнгөн жер төлөдө жашап жүрүп жоголду. Азыр бир эски машина бар, ошонун ичин үй кылып жашап жатам.
Темир Азем уулуна жардам берүүнү каалагандар үчүн: Элсом: 0773 51 24 06
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg