ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-ИЮНДАН 28-ИЮНГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Көргөн аян түштү туура чечмелөө кажет. Аптадагы аракет, чыгармачылык жашооңуздун өзгөрүшүнө түрткү берет. Ишке жөндөмдүүлүгүңүз жакшы жыйынтыктарга жеткирет. Көптөн бери мамилеңиз жакшы болбой келген адам доско айлана баштайт. Материалдык абалыңыз жакшырат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Акыйкаттык, акылмандык бийлик жүргүзүүчү апта. Кээ бир иштердин бүтүшү үчүн акча, айрымдардын кеңеши керек болот. Каалооңуз менен материалдык абалыңыз дал келбей нерв чыңалышы мүмкүн. Күтүлбөгөн кырдаалда башкалардын тилине кирбөө кажет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Алдоо, иллюзия, ыңгайсыз абалдар, мамилелерде олку-солкулук көп күтүлчү апта. Конокко чакырышат же мейман күтүшүңүз ыктымал. Өзүмчүл, сараң болбой, суранычты аткаруу оң. Ден соолугуңузда маселе жаралса дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнөн чыкпоо сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Абалды туура баалоо кыйынга турат. Андыктан маанилүү иштерди кийинкиге калтыруу керек. Күтүлбөгөн жактан акча же буюм келет. Сизге жакпаган адамдарга көңүл буруп маанай түшүрүүнүн кажети жок. Бир кездеги кол үзгөн досуңузга кез келесиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Тагдыр сыноолорду жиберет. Чечкиндүү, кайраттуу болсоңуз баарын жеңип чыгасыз. Сынган же жоголгон буюмдун ордун тургуза албайсыз. Ошол себептүү аяр болуу керек. Керексиз байланыштардан качып, убакытты туура колдонуңуз. Туугандардын келиши күтүлүүдө.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Майда чырларга көңүл бурууну жыйыштырсаңыз бардык нерседен утасыз. Боорукерлик, кайрымдуулук сезимдер ойгонот. Үйдөгүлөрдүн талабы боюнча бир жакка барып келүүңүз мүмкүн. Жагымдуу жаңылык көңүлүңүздү ачат. Алыстагы жакын адамдардан жакшы кабар угуп кубанасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Бир жаңылык тең салмактан чыгарат. Таасирдүү адамдын айтканынан баш тартпоо керек. Турак жай, жер тилкеси, мурас маселелери оң жакка чечилет. Жаңы тааныштардын пайдасын көрө баштайсыз. Апта аягында күтүүсүз бурулуш орун алат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кыялданууну коюп, реалдуу, ишке ашчу демилгелерди колго алыңыз. Сизге жашыруун болгон чындык калкып чыгып, аны териштирүүгө киришесиз. Үйдүн жайлуулугу үчүн кылган аракетиңиз үзүрүн берет. Өнөкөт оорулар козголушу ыктымал. Коомдук жайларда мыйзам бузбаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Айрымдар колдоочу адамынын арты менен жаңы ишке орношушса, кээ бирлер жаңы өнөрдү өздөштүрүүгө киришет. Чакан кечеге чакыруу алышыңыз мүмкүн. Жеке мамилелер ойдогудай өнүгүшү үчүн комплименттерди аябаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Ашыкча иштөөгө чекит коюңуз. Жаңылыштык кетирип, жакын адамыңыздын көңүлүн калтырбаңыз. Бир кыялыңызды үйдөгүлөр ишке ашырып берет. Сатып алуулар ойдогудай болот. Үйдөгү иштер сизсиз деле бүтөт. Жеке иштериңизге көбүрөөк көңүл буруңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада күтүлбөгөн окуялар чыгып пландар өзгөрөт. Андыктан баарына даяр туруңуз. Апта бузулган режимди калыбына келтирүү менен өтөт. Достор менен баарлашуудан жаңы нерселерди билесиз. Бирөөнүн көңүлүнө карап, өз пландарыңыздын ишке ашпай калышына жол бербеңиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

"Ойчул ойлонгуча тобокелчил тоо ашат" демекчи, аптада тобокелдикке баруу керек. Натыйжасы жакшы болот. Жеке кызыкчылык үчүн бирөөлөр менен талашып-тартышууга жетесиз. Банктан насыя албай, тапкан акчаңызга жараша иш кылсаңыз баш оорудан оолак болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан