Индиянын Ладакх провинциясынын Кытай менен чектешкен жеринде жаңжал чыкты. Анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгонун “Reuters” басылмасы жазды. Кытай тараптан 43 адам жабыркаганы, арасынан каза болгондору да бар экени айтылды.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү болгон. Индия бийлиги “Кытай тарап чек ара тартибин бузуп киргенден улам ок атышуу орун алды” деп билдирди. Кытай бийлиги Индия аскерлерин күнөөлөп жатат.
Дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөлөрү саналган Индия менен Кытайдын ортосун “Макмагон сызыгы” аталышындагы чек ара бөлүп турат. Индия чек араны таанып, ал эми Кытай бийлиги “чек бул жерден бөлүнөрүн тааныбайбыз” деген позицияда.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg