Данияр Көбөнов: «АМЕРИКАДА ЖҮРҮП ЖАЛКООЛУКТАН АРЫЛДЫМ»

Өткөн аптада Данияр Көбөнов Москвада өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алды. Кезинде “Бээжин-2008дин” алдында Азиянын чемпионунан үмүт чоң эле. Бирок ал медаль биякта турсун, Олимпиадага катышууга жолдомо ала алган эмес. Андан кийин Америкага кетип калган.
Айтылуу балбан бүгүн бизге Бээжинге барбай калгандыгынын сырын ачып, Америкага болгон сапары жана келечектеги максаттары тууралуу ой бөлүштү.

Көбөнов Данияр Өмүрбекович
Туулган жылы – 1982-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Саруу айылы
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 74 килограмм
Грек-рим күрөшү боюнча 2 жолку Азия чемпиону (“Кытай-2005”, “Кыргызстан-2007”), Кореяда өткөн Азия оюндарынын күмүш жана Катарда өткөн Азия оюндарынын коло медалчысы, Дүйнө чемпиондугунун (“Орусия-2010”) коло медалынын ээси.
Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Бактияр деген агасы, Бектияр, Элдияр деген инилери жана Гүлжан аттуу карындашы бар.
ЖОЖду юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

“СУГАТЧЫ ЖЕ КОЙЧУ БОЛМОКМУН”
– Данияр, сизди алгач Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болушуңуз менен куттуктап кетели. Күрөш менен канча жашыңыздан баштап машыгасыз?
– Рахмат. Күрөш менен мектеп босогосун аттагандан тарта эле алектенип келем. Дене тарбия сабагындагы көнүгүүлөргө алымсынбай, өзүм кошумча машыкчумун. 3-класста окуп жүргөндө айылыбызда Аскар Сартов аттуу машыктыруучу күрөш секциясын ачкандан кийин кыялымды ишке ашырууну баштагам.
– Балалык кыялыңыз спортчу болуу беле?
– Ооба.
– Спортчу болушуңузга кимдир бирөө таасирин тийгизген да. Мүмкүн, силердин тукумда балбан спортчулар бардыр?
– Менин спортко жакын өсүшүмө атам Өмүрбектин таасири зор. Ал өзү ушул күнгө чейин спорттун бир нече түрүн сүйүп, алектенип келет. Уругубузда атагы чыккан балбан деле жок. Болгону, учурда иним Бектияр менин жолумду жолдоп, күрөш менен машыгып келет.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Орто окучумун. Спортчулардын көбү окушпайт го. Ошондой эле да. “5” эмес, “2” эмес, “3”, “4” десе болот. А дене тарбиядан, албетте, “5”. Союз убагында айтышчу эле го, “жакшы окугула, окубасаңар, тракторчу болосуңар” деп. Башкысы, окуу эмес, а кызыккан нерсеге берилип, алдыга умтулуу экен. Мага спорт көп нерсе берди. Мен спорттон баарын таптым. Эгер спортчу болбосом, айылда калып, сугатчы же койчу болмокмун.
– Классыңызда атаман болсоңуз керек?
– Классымда 2-атаман болчумун. Анткени 1-атаман улуу бала болчу. Анын үстүнө кичинекей да элем. Күрөшө баштагандан кийин эч кимден коркпой калгам. 8-класстан кийин Бишкектеги спорт интернатына келгем.
– Спорт интернаты, демек, окуу, машыгуулар жана дедовщина...
– Ооба, спорт интернатында окуу кыйын. Ал жак өзүнчө эле кичинекей армия. Анын бүтүрүүчүлөрү жашоого тың болушат. Анткени жаш кезинен таяна турган байкеси жок, өз алдынча болуп тарбияланышат. Кээде курсагың тоёт, кээде тойбойт. Окуу гана эмес, тынымсыз машыгуулар, кечинде дедовщина, эркелеткен эч ким жок... Ушул спорт интернатын окуп бүтүп алганыма сүйүнөм.

“ОЛИМПИАДАДАН КИЙИН ҮЙЛӨНӨМ”
– Жеке жашооңузга келсек. Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Азырынча сүйлөшкөн кызым жок.
– Ишенбейм. Кантип эле ошондой болсун?
– Жок, чын. Сүйлөшкөн кызым жок. Убактылуу эркин жүрүп турууну чечтим. Мүмкүн, көңүлүмө жаккан кыз чыгып калса, ал оюмдан кайтам.
– Үй-бүлө курууну качанкыга пландаштырып жатасыз?
– Спортто көп жылдан бери жүргөндүктөн, аягына чыгып, ийгиликтерге жетишким келет. Үйлөнүү боюнча айтсам, Лондон Олимпиадасынан кийин үйлөнөм. “Спорттун өмүрү кыска” деген сөз бар го. 30 жаштан кийин күрөшө албай калышым мүмкүн. Андыктан күчкө толуп турган кезде көздөгөн максаттарга жетишим керек.
– А кандай кыздар жагат?
– Мага токтоо, аз сүйлөгөн кыздар жагат окшойт. Анткени өзүм көп сүйлөйм. Негизи, ошентип коюшат го. Плюс менен минус тартылат деп. Бир сөз менен айтканда, жылдыздуу кыздар жагат.

АКТУАЛДУУ
– Спортчулар башкаларга караганда патриот келишет. Өз үнү, позициясы болот дегендей. Учурда эл баштап жүргөн лидерлердин кайсы бирин колдойсуз?
– Мекенинин келечегине кайдигер карабаган бардык жаштар сыяктуу мен да өз оюмду айтайын. Билишимче, Өмүрбек Текебаев өз командасы менен эгемендик жылдарында туруктуу бир позицияда болуп келди. Мен бул лидерди биринчи кезекте туруктуулугу үчүн колдойм. Текебаевдин тегерегине учурда өз тармагында көп ийгиликтерге жетишкен адамдар чогулган. Андыктан алар бийликке келип, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошо алат деп ишенем.
– Өзүңүздү келечекте галстук тагынган депутат катары элестете аласызбы?
– Негизи, спорт саясаттан тышкары болот. Бирок кези келсе, саясатка аралашып, спорттун өнүгүшүнө көмөктөшүүгө эмне үчүн болбосун? Албетте, анын баары келечектин иши. Убагы келгенде көрөбүз. Азыр мен үчүн спорт биринчи орунда.

АМЕРИКА
– Сиз тууралуу «нааразы болгондуктан, Америкага кетип калган» деген кептер бар...
– Ушундай сөз чыгып кетиптир. Эч кандай нааразычылык болгон эмес. Ооба, “Бээжин-2008ге” жолдомо ала албай калдым. Аны моюнга алам. Анан Америкадагы досторум: “Нью-Йоркто эл аралык ачык чемпиондук болот, келип күчүңдү сынап көрбөйсүңбү?”- деп калышты. Олимпиадага барбай калгандан кийин жок дегенде ошол жакта күрөшүп көрөйүн дедим. Ал мелдеште 3-орунду ээледим. Айтып коюш керек, спорт интернатында чогуу окуган Бакай Оморов деген досум бар. Ал мени тосуп алып, жардам көрсөтүп жатты. Ошентип, сунуштарды кабыл алып, машыгуу сборлорун өтүп, тажрыйба алмашайын деп калууну чечтим.
– Түшүнүктүү. “Бээжин-2008де” сизден үмүт чоң эле. Бирок сиз жолдомо да ала албадыңыз. Муну кантип түшүндүрөсүз?
– Мен муну эки нерсе менен түшүндүрөм. Биринчиден, чектен чыга машыгууга берилип кеттим. Машыгууну убагында токтото албадым. Бир аз ашыгыраак иштеп алдым. Ошону менен, мындайча айтканда, баягы спорттук калыбына келүү болбой калды. Экинчиден, күчүмдү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгүм болсо да, андан пайдалана албадым. Узакка созулган машыгуулардан кийин Италияда өткөн Олимпиадага жолдомо берчү 1-мелдешке барбай, эс алышым керек болчу. Анан кийинкилеринен жолдомо алмакмын. Бирок баары калыбына келет деп үмүт кылып Италияны коё бере албадым. Натыйжада, Италияда чарчап турган организмим биротоло чарчап калды окшойт. Эми андай каталарга жол бербейм. Не дейбиз, спорт деген ушул да. Дайыма бир калыпта жүрүү кыйын.
– Америкада канча жүрдүңүз? Айтылуу “америкалык кыялыңыз” ишке аштыбы?
– Мен айтпайм, Американы багынттым, “америкалык кыялым” ишке ашты деп. Анткени мен ал жакка акча тапканы барган эмесмин. Эл аралык сборлордо болуп, тажрыйба арттырып келдим. Жанарбек Кенжеев экөөбүз АКШнын курама командасы менен да машыгып жүрдүк. Огайо штатында баш-аягы 1,5 жыл жүрдүк.
– Америка сизди өзгөртө алдыбы?
– Ооба. Кандайдыр бир даражада ошентип айтсам болот. Мурда кичинекей бир көлчүктө жүргөн болсом, азыр жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, кенен ойлонуп калдым. Америкада жүрүп жалкоолуктан арылдым. Америкалыктардын эмгекчилдиги таң калтырды. Асман тиреген имараттары бар Нью-Йорк шаары чоң таасир калтырды. Аны бекеринен Дүйнөнүн борбору дебесе керек.
– Америкалык кыздар биздин кыздардан эмнеси менен айырмаланышат?
– Эми америкалык кыздар, орусча айтканда, “без комплекcов” болушат. А кыргыздын кыздарына тартынчаактык мүнөздүү эмеспи. Анан дагы америкалык кыздар биздин кыздарга караганда сөөк-саактуу келишет экен.

“ЛОНДОНДО АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНСАМ...”
– Келечекке кандай максат­тарыңыз бар?
– Мына 2 айдан кийин Гуанчжоуда жылдын башкы мелдеши боло турган Азия оюндары өтөт. Максатым – ага татыктуу катышып, быйылкы жылды ийгиликтүү аяктоо. Эмки жылдан баштап 2012-жылкы Лондон Олимпиадасына жолдомо берчү эл аралык мелдештер башталат. Аларга катышып, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн колдон келген күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Анан, албетте, башкы максатым – “Лондон-2012де” алтын медаль тагынып, чемпион болуу. Эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиадада алтын медаль тагынган спортчулар чыга элек. Канат менен Руслан ошол чокуларды тосуп турган тосмолорду тешип беришти. Эми ошол тосмону кулатып, жаштарга жол ачып берүү үчүн кезек келди деп ойлойм. Кыргызстандан Олимпиада чокусун багынтуучу спортчу чыгарына ишенем!
– Маегиңизге рахмат. Көздөгөн максаттарыңыздын орундалышына тилектешпиз!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
FIANIT
2010-09-18 09:32:40
Ийгилик сизге! Ойлогон ой, максаттарыныз орундалсын. Саруу, бутун Кыргыз эли сиз менен сыймыктанат.
0
maradona
2010-09-18 13:34:42
Азаматсыз сизге чон-чон ийгилик!!!
0
Titi
2010-09-18 18:27:10
Айда брат алдыга тизгинди коё бер да алга умтул алга, алга кыргызстан!
0
swan
2010-09-18 23:52:47
za tskogo zamush vishla bi
0
TROYA
2010-09-19 12:18:13
silerdei er azamattar bar ekenine kubanabyz brat alga alga alga .
0
kutush
2010-09-19 18:10:15
Биз Кыргызстан эли келечекте сизден коп нерсени умуттонобуз, ийгилик.
0
ХАНЗАДА
2010-09-20 16:44:52
Красавчик, алга!
0
ADILBECHINA
2010-09-20 17:49:05
Удачи вам!!! нам не нужна ЗОЛОТОй медаль=) Лондон ждет вас с золотой!!!
0
Zmei
2010-09-22 11:57:06
Ишине ийгилик! Ден соолугун чын болсун. Дагы коп коп жетишкендиктерди кутобуз! Алга!
0
KOLPOCH
2010-09-24 20:48:52
Данияр салам!
Сару жана Кыргызстан болунгус нерсе!Андыктан атагын алыска чыгып, Кыргызга караан бол. Ылайым, "Чорный" дегендерден алыс бол. Мээнде бир гана "Курош" болсун! Саруу айылынын жашоочулары. Болот аван, Мурат аван, Дастан аван, Тынтчыкбек Аван (радио)Жокилик инин,
0
Ritto
2010-09-27 08:56:39
Talantynar orkyndop Aziyadan iygilikterge jetkile. USA OHIO CINCCINNATInin jigitteri !!! Alga KYRGYZSTAN
0
Expert
2010-10-02 16:07:00
Акыркы суротундо "красава" болуп калыптыр...
0
baykush
2011-09-18 20:16:42
красавчик данияр кобонов кыргыз элин кандай багындырды
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан