16-июнда Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери чек арадагы Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча иш алып барган түйүнүн жардырып салды. Аталган штаб Түштүк Корея менен чектешкен жердеги Кэсон шаарында жайгашкан.
Ушул жылдын 9-июнунда эки жылдан бери биринчи жолу Түштүк Корея менен мамилеси бузулуп, Пхеньян Сеул менен болгон бардык байланышын үзгөн. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон бул окуяга байланыштуу комментарий берип жатып, Түштүк Кореяны "душман" деп атаган. Ошондой эле жардырылган штабды “пайдасыз” деп белгилеп, аны эчак эле жок кылуу керек болгонун белгилейт Түндүк Корея тарап.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg