«ЗААРАМ ТАМЧЫЛАП ЧЫГА БЕРЕТ». Уролог кеңеш берет

Кыргызда "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт. Учурда илдеттин түрү көп. Бул жолу окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги Урологиялык борбордун эндовидео-урология бөлүмүнүн башчысы Абдиталып Адиев жооп берет.

«ЭҢКЕЙГЕНДЕ, ОТУРУП-ТУРГАНДА ЗААРАМ ЧЫГЫП КЕТЕТ»

– Жашым 40та. Дааратканага барып заара ушатып келгенден 5-20 мүнөт убакыт өткөндөн кийин заарам тамчылап кетет. Көбүнчө кыймылдаганда, эңкейгенде, түздөнүп отурганда тамчылайт. Простатитпи деп УЗИге текшерилсем таза чыкты. Бул эмне оору болушу мүмкүн?

Өмүрбек, 40 жашта, Ош облусу


– Негизи 40 жаштан баштап эркектерде урук чыктагыч бездин аденомасы (залалсыз шишик) жолуга баштайт. Сыягы, сизде да аталган оору бар окшойт. Урук чыктагыч без аркылуу заара чыгаруучу түтүкчө өтөт. Аденомада урук чыктагыч без чоңоёт да, заара чыгаруучу түтүкчө кысылат. Ошондуктан заара ушатканда заара толук чыкпай калып калат. Анан адам кыймылдаганда тамып кетет. Сиз УЗИни мыкты тартуучу адисти таап, кайра түшүңүз, жалпы жана эркин ПСА (простатспецифический антиген) анализин тапшырууңуз керек. Анализдин жыйынтыгына жараша сизге так диагноз коюлат.

«БАЛАМДЫН ЖЫНЫС МҮЧӨСҮ БАТ-БАТ СЕЗГЕНЕТ»

– Менин балам 2 жарым жашта. Жыныс мүчөсү бат-бат эле кызарып, шишип, учунан ак суюктук агып калат. Марганцовка менен жууп, Левомеколь сүйкөсөк 3-4 күндө жакшы болуп калат. Бул эмнеден жана кантип биротоло калтырсак болот?

Мээрим, 29 жашта, Бишкек шаары

– Мээрим, сиздин баяндооңуз боюнча айтсак, балаңыз баланопостит оорусуна чалдыгат. Баланопостит 3-5 жаштагы эркек балдар арасында эң көп жолукчу дарт. Аталган ооруда баланын жыныстык мүчөсү кызарат, шишийт, ириң чыгат, кычышат же ачышат. Бул балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болот. Анткени аларда жыныстык мүчөнүн башы өзүн каптап турган териден улам толук ачылбайт. Ушундан улам жыныстык мүчөнүн баш жагында жайгашкан без тарабынан бөлүнүп чыкчу смегма заты теринин алдына топтолуп калат. Ал жерде бактериялар көбөйүп, жыныстык мүчөнү сезгентет. Мындайда ата-энелер сиз айткандай калийдин перманганаты (марганцовка) кошулган суу менен жууп, Левомеколь сыйпаса бир нече күндө дарт жоголот. Бирок канча бир мезгилден кийин кайра кайталанат. Андыктан баланопоститтен биротоло арылтуу үчүн баланы сүннөткө отургузуу керек. Ошондо жыныстык мүчөнүн башы ачылып, смегма топтолбой калат.

«ТАБАРСЫКТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЛЕЙКОПЛАКИЯ ООРУСУН КАНТИП АЙЫКТЫРАТ?»

– Мага жакында эле "табарсыктын моюнчасынын лейкоплакиясы" деген диагноз коюшту. Врачтар биопсия жасап, анан лейкоплакияны күйгүзүп жок кылууга болот дешти. Башка дарылап айыктыруу жолдору жокпу? Аталган оору эмнеден келип чыгат?

Зуура, 44 жашта, Жалал-Абад облусу

– Лейкоплакия – чанда кездешчү, өнөкөт цистит оорусуна окшош оору. Дартка жыныстык жактан жугуучу оорулар, мисалы, хламидия, учук вирусу, гонококк, булардан тышкары ичеги таякчалары, стрептококк жана башка оору козгогучтар жеткирет. Дарттын стадиясына жараша дарылоо ыкмасы жүргүзүлөт. Алардын ичине дары-дармек менен айыктыруу, лазер менен күйгүзүү, операция жасоо кирет. Дарылоочу врач анализдердин жыйынтыгына карап, ыкмалардын бирин тандайт.

«УРУК КАЛТАМДА КИСТА БАР»

– Урук калтамда киста бар экени 2 ай мурун билинди. Балдар менен мушташа кеткенде жука чурайга сокку алып калгам. Киста ары-бери жыла бергендей сезилет. Аны операция жасап алышабы?

Мирбек, 26 жашта, Нарын облусу

– Кистанын өлчөмү 1-2 сантиметрден чоң болуп, оорутса, анда операциялык жол менен алынып салынат. Көлөмү кичине болсо, оорутпаса алдыртуу сунушталбайт.

«УРУК КАЛТАМ ООРУЙТ»

– Урук калтам дайыма ооруйт. Оор жумуш жасаганда оорутуу күчөйт. Текшерилип УЗИге тартылсам урук бездери жайында экен. Урук чыктагыч безде фиброз табылды. Бул эмнеден келип чыгат жана кантип дарылап айыктырууга болот?

Эмил, 24 жашта, Бишкек шаары

– Фиброз – бул урук чыктагыч бездин өнөкөт сезгенүүдөн (простатит) улам анын тутумдаштыргыч ткандарынын калыңдашы.

Мындай болгондо урук чыктагыч бездин иштөөсү бузулат. Бөйрөктө да өзгөрүүлөр башталат. Оорутуу жыныстык мүчөгө, урук калтага, жамбашка, ал тургай түз ичегиге да берилет. Сиз урологго текшерилип, анализдерди тапшырып, УЗИ текшерүүдөн өтүүңүз керек. Анализдердин жыйынтыгына карап дарылоо ыкмасы тандалат.

«БИР БӨЙРӨГҮ ЖОКТОР КАН БАСЫМ ООРУСУ МЕНЕН ЭРТЕ ООРУЙБУ?»

– Апамдын бир бөйрөгү тубаса жок. Азыр жашы 59да. Кан басымы бат-бат көтөрүлөт, бул ооруга чалдыкканына көп жыл болду. Биздин угушубузча, бир бөйрөгү жоктор кан басым оорусуна эрте чалдыгышат экен. Ушул сөздүн чындыгы барбы? Бөйрөгүн ооруга чалдыктырбоо үчүн эмне чараларды көрсөк болот?

Айзуура, 32 жашта, Токмок шаары

– Тубаса бир бөйрөк менен төрөлгөндөр көп эле. Жалгыз бөйрөктүн кесепетинен кан басым көтөрүлөт деп айтууга болбойт. Башка себептерден улам да кан басым көтөрүлөт. Андыктан себебин тактоо үчүн бөйрөктү УЗИден, бөйрөктүн кан тамырларын ультра үндүк допплерографиядан (ультразвуковая допплерография сосудов почек) өткөрүү керек.

Жалгыз бөйрөктү оорулардан сактоо үчүн суукка чалдыкпай, ачуу тамак-ашты жебей, спирттик ичимдиктерден баш тартып, оор жумуштарды жасабай, сергек жашоо образын карманып, туура тамактануу зарыл. Бөйрөк ооруганда учурунда дарыгерге текшерилип, дарылануу керек.

«ЧОҢ ЭНЕМ 5 КҮНДӨН БЕРИ ЗААРА УШАТА АЛБАЙ КАЛДЫ»

– Чоң энем 78 жашта. 5 күндөн бери заара ушата албай калды. Денеси шишип кетти. Бөйрөгү иштебей калышы мүмкүнбү? Кайсы врачка көрсөтүү керек?

Шамил, 35 жашта, Бишкек шаары

– Эгер табарсык же жатын ылдый түшүп кеткен болсо, табарсыктан заара чыкпай калышы мүмкүн. Заара чыгаруучу түтүкчө кысылат да, заара чыкпай калат.

Эгер шишип кетип жатса, анда урологго көрсөтсө, ал катетер койдуруп берет. Катетер койгондо табарсыкта заара бар же жок экендиги айкын болот. Заара бар болсо катетерди алдырбай дарылоону баштоо керек. Жыйынтыгында жакшы болуп калат. Кокус жатын же табарсык ылдый түшүп кеткени аныкталса, операция ыкмасы сунушталат.

Окурман, сизде ар кайсы тармактагы адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Суроолорду densooluk@super.kg электрондук дарегине кат аркылуу жибериңиз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Altynbekova.01
2020-06-29 09:52:02
Иии кантип 5 кундон бери журот.
+1
assanov97
2020-06-29 10:07:29
Мурда жума сацын чыкчыле
0
AidaKurman
2020-07-01 22:48:47
Жакшы жооптор бар экен. Анан да 78 жаштагы энеге боорум ооруду. 5 кундон бери эмне кылып отурушту болду экен, больницага алып барбай?
0
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан