УУРДАГАН БУЮМУН САТА АЛБАЙ, КАЙРА ЭЭСИНЕ КАЙТАРГАН УУРУ

Англиянын Фентон шаарынын тургуну уурдап кеткен буюмдарды кайтарып бергени келген ууруну үйүнөн кармап алган. Кызыктуу окуя тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 30 жаштагы Уэйн Харрингтон шаардагы үйлөрдүн бирине оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандан пайдаланып уурулукка кирген. Колуна тийген буюмдарды алып качкан ууру аларды соодалай албай койгон. Ал буюмдарды ыргытып жиберүүнүн ордуна уурдаган жерине кайра алып барууну чечкен. Ошол күнү үйдүн кожойкеси үйүндө болгон. Үстүңкү кабаттын жарыгы күйүп турганын көргөн аял полиция чакырууга жетишкен. Полиция ууруну кармап, өз үйүн тинтүүгө алганда стулдар, чач кырккан кайчы, күзгү, ноутбуктун кабы сыяктуу буюмдар табылган. Кийинчерээк уурулук кылган адамдын ичкиликке берилип, наркотикалык каражат колдонору аныкталган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан