Жылдыздар турмушунан
Кыргыз элинде "дос күйдүрүп айтат, кас сүйдүрүп айтат" деген макал бекеринен айтылбаса керек. Досуна, жакынына сын айтууну анын жаман адаттардан арылуусуна жол көрсөтүү, кеңеш берүү деп түшүнсөк болот.
Кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү бири-бирин кантип сындаганына көз жүгүртөлү.
Канат Кадыржан: "ИСЛАМ ЧОЮЛУП СҮЙЛӨЙТ"
– Ар бир адамдын кемчилиги болбой койбойт. Кесиптешим Исламды (Сатаров) “сын тегирмениме” салсам, биринчиден, анын чоюлуп шашпай сүйлөгөнүн жактырбайм. Экинчиден, бир нерсени макулдашып жакшы эле баш ийкешип кетет да, эртеси унутуп калмайы бар.
Мүнөзүнөн сырткары келбетине да сын айта кеткеним туура эле болсо керек. Мага Исламдын узун чачы жакпайт. Кыскартып алса, менимче, ага жарашмак. Жаш жигит болгондон кийин салмагына да көңүл буруп, бир аз арыктаса. Унутуп бараткан турбаймынбы, жанагы колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөн тоголок сумкасын алмаштырып алса дээр элем.
Ислам Сатаров: "КАТУУРААК БОЛСО..."
– Канаттын (Кадыржан) көп нерсени ичине катып сырдуу жүргөнүн көп жактыра бербейм. Мисалы, бир нерсе сурасаң, “жок” же “бар” деп кыскача эле жооп берип коёт. Жаман көрүп жатканын же жакшы көрүп жатканын түшүнө албай кыйнала берем. Сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү деп маалкаткандай көрүнөт. Өзүнчө мамлекет болуп ойлонуп жүрө бергени одоно көрүнөт. Радиодон сүйлөгөнүн угуп, сөзмөр, шайыр жигит экен деп ойлойсуң. Бирок сүйлөшө келсең, таптакыр башка адам болуп чыга келет. Мүнөзү өтө эле жумшак. Дайырга (Исмадияров) “минт, тигинт” деп продюсерлик кылбай, тескерисинче, ал Канатка үйрөтүп жаткандай сезиле берет. Ошол себептен кичине катуураак бол деп кеңеш берер элем.
Нурзада Жолдошова: "ЧЫҢГЫЗ – "КӨЗ БООЧУ"
– Чыке – чыныгы кыргыз да. Эфирге жок дегенде 15 мүнөт кечигип келет. Бир жолу мен сынак тапшырып, ага ишенип жумушка кечигип келдим. Келсем, ал да жумушка келе элек экен. Ошондо жинимдин келгенин айтпай эле коёюн. Жумушка кечиккени аз келгенсип, уюлдук телефондун жаагын айрый сүйлөшө бергени жакпайт. Баса, баарынан да айтпай эле дайынсыз жоголуп кетмей "көз боочулук" адаты бар.
Алексей Филатов: "ЗАРИНАНЫН ЧАЧЫ ТАЖАТТЫ"
– Мага Зарина Хасанованын көп жылдан бери бир эле чач жасалгасы менен келатканы жакпайт. Бул мени гана эмес, элди деле тажатса керек. Чачы коюу, өзү болсо жаш. Ошого жараша чач жасалгасын ай сайын болбосо да жылына бир жолу өзгөртүп турса, эң сонун болмок.
Анын дагы бир кыжырга тийген нерсеси – иши чыгып калган адамдын жанын сыгып алганга чейин алпарганы. Көгөрүп жатып эле өзүнүн максатына жетет. Мындай мүнөз кыздарга көп жараша бербейт.
Сема: "ДОБРДУН МУЗЫКАЛЫК БИЛИМИ ЖОК"
– Мен рэпер Добрду сындап көрөйүн. Ашыкча "туздап" жиберсем, ал таарынбаса керек. Сынды уга билген кишиге айтуу керек. Добрдун музыкалык билими жок. Кээде ырларын угуп отуруп, үнүнүн тембри жетпей калган жерлерин көп байкайм.
Экинчиден, кийинүү стили жакпайт. Нукура кыргыз баламын деп эле, чөп чапканы чыккансып калпакты баса кийип жүрө берген болбойт да. Мисалы, чет элдик репэрлер ырдаган ырынын маанисине карата кийинишет. Ошондуктан Добрга музыкалык билимге ээ болуп, анан жакшы стилисттерге кайрылуусуна кеңеш берип кетер элем.
Добр: "СЕМА АЛГАНЫН КАЙТАРБАЙТ"
– Сема байкенин бийлегени өзүнө таптакыр жарашпайт. Айтылган тамашаларды өзүнө кабыл алып, таарынып калмайы бар. Акыркы учурда жалкоолуктун сазына малынып алды окшойт. “90-60-90” деген ырынан кийин бир да хит ыр жарата элек.
Ии, баса, Сема байкенин алган нерсесин убагында кайтарбаган жаман адаты бар. Баягы “Супер-Инфо” гезитинин кубогу үчүн өткөрүлгөн футболдук таймашта тизеге таккан “щиткимди” алган болчу. Ошону азыркыга чейин кайтарып бере элек.
Бахияна Сатылганова
forum@super.kg