ЖАНДУУ, ӨЗГӨЧӨ КИМ ДА МИ

5-июнда Түштүк Кореянын Ильсан шаарында «Baeksang Arts Awards» сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Аземде кино, телевидение жана театр категорияларында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар өз ээсин тапты. Телевидение категориясында «Жылдын мыкты жаңы актрисасы» наамын жеңип алган Ким Да Мини тааныйт чыгарсыз. «Итэвон класс» дорамасында социопат, ошол эле учурда тайманбаган, ойлогонун ачык айткан, максаты үчүн күрөшө билген Чо И Сонун ролун катыра аткарган. Ошол ролу үчүн ал «Жылдын мыкты жаңы актрисасы» наамын алып отурат. Бирок бул наам алгачкысы эмес... Актрисанын кыска, бирок нуска карьерасы, жеке жашоосу тууралуу алдыда сөз кылалы.

Толук аты-жөнү: Ким Да Ми

Туулган жылы: 1995-жыл, 9-апрель

Туулган жери: Түштүк Корея, Паджу шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

Бою: 170 сантиметр

Жылдыз белгиси: Кой

Лейбл: AND Entertainment

Фильмографиясы: «Римдиктерге 8:37», «Марионетка», «Жез кемпир» («Ведьма») жана «Итэвон класс» дорамасы

КИМ ДА МИ КИМ?

– Өзүңдү кандай сүрөттөйсүң деп көп суроо беришет. Мм... Мен көп ачылып-чачыла бербейм, тааныбаган адамдарга түнтмүн десем болот. Бирок такыр эле шаан-шөкөттөн алыс, көңүл ачканды билбеген адам да эмесмин. Мындайча айтканда, интроверт да, экстроверт да эмесмин, ортодо жүрөт окшойм. Ошо, орточо эле адаммын.

– Мени бир нерсе менен таң калтыруу оңой эмес, кызуу кандуу да эмесмин, майда-барат нерселерге нерв коротуп жиндене бербейм. Кичинемде актриса болом десем, баары таң кала беришчү «сенде же байкаларлык талант болбосо, же өзгөчөлүк жок болсо, кантип актриса болосуң?» деп. Бирок андай адамдарга эч нерсе далилдегим келбейт. Үйдө отуруп алып кино көргөндү жактырчумун, андагы жаккан сценаларды жаттап алып, башымдан өткөн окуя сыяктуу кайра берилип кайталайт элем. Ыйлаган жерлерин окшоштура албай калсам, чуркап барып көзүмдүн тегерегин суулап келе калчумун. Азыр деле үйдө отуруп алып кино көргөндү жакшы көрөм.

– Эмнени жактырам? Уктаганды. Бир жолу үйдөн такыр чыкпай 2 жума эс алгам. Эң көп уктаганым 15 саатка созулган, дагы деле уктай бермекмин, бирок жата берип белим ооруганда туруп ары-бери басканга туура келди. Негизи жакшы уктап эс алсаң, кылган ишиң да ийгиликтүү болот, ден соолугуң да чың болот.

– Тамак жегенди сүйөм. Үйдө жүрсөм тамак же уйку десе, уйкуну тандамакмын. Жумушта уйку жок да, андыктан ал жакта тамакка көңүл бурам. «Итэвон класска» тартылып жатканда «бүгүн эмне жейм?» деп эле жүрдүм. 3 маал тамактан сырткары, арасында сөзсүз шам-шум кылам. Менин мындай табитимден улам ата-энемдин көңүлү тынч.

КЫЯЛГА КАРАЙ ЖОЛ

Ким Да Ми кандай адам экенин элестеттиңизби? Эми анын карьерасына көңүл бурсак. Да Ми киного болгон кызыгуусун үйдө телевизор көргөн бөлмөдө эле таштап салган эмес. Мектепте окуп жүргөндө Кино академиясына барып, актёрдук чеберчилик боюнча сабак алган. Мектептеги театралдаштырылган сценкалар Да Мисиз өтчү эмес. Кичине да болсо тажрыйба топтогон ал мектепти аяктагандан кийин Инчон улуттук университетинин театралдык искусство факультетине тапшырган. Анын алгачкы дебюттук ролун «Римдиктерге 8:37» тасмасынан көрө аласыз.

АТАКТУУЛУК

Атактуулук Ким Да Миге карьерасынын 2-жылы эле келген. Режиссёр Пак Хун Жондун 2018-жылы тарткан «Жез кемпир» триллери ага дээрлик бир канча өлкөгө жеткен атактуулукту алып келген.

Кичинекейинде илимий изилдөөлөрдүн экспериментине айланган кыз жарым жан болуп жаткан жеринен аны карып калган түгөйлөр таап, багып алышат. Кадимки жашоого кайткан кыз эс-тутумун жоготкон болот. Жылдар өтүп мектепте окуп жаткан кыз өткөнүн эстей баштайт, ал профессионал киши өлтүргүч болуп чыга келет. Триллер, фантастика жанрындагы бул тасманын кыскача мазмуну эле кызыгуу жаратат бекен? Баш каармандын ролун аткарган Ким Да Ми тасма жарыкка чыккандан кийин престиждүү кино сыйлык тапшыруучу ар кайсы уюмдардан 20га жакын сыйлык алган. «Жаңы жылдыз», «Жылдын жаңычылдыгы», «Жылдын мыкты жаңы актрисасы» «Жылдын популярдуу актрисасы» жана башка сыйлыктар Да Минин куржунунда.

КЕЛЕЧЕКТЕ МЫКТЫ РОЛЬ КҮТӨБҮЗ!

Каарманыбыздын кино дүйнөсүнө аралашканына аз гана убакыт болду. Ал тартылган тасмалардын саны бир колдун манжасына жетет. Бирок алган сыйлыктары көп. Кино сынчылар, азыркы учурда күч алып бараткан хейтерлер бир ооздон Да Мини «өзгөчө, жасалмалуулугу жок, жандуу ойногон актриса» деп сыпатташат. Анын сериалда тартылган дебюту да ийгиликтүү болду. «Итэвон класс» дорамасындагы каарманыма такыр окшош эмесмин, аныкындай амбиция менде жок»,- дейт ал. Жашоодо кандай экенин билбейбиз, бирок аталган дорамадагы Чо И Со көпчүлүккө жакты. Ошон үчүн ал «Жылдын мыкты жаңы актрисасы» наамын алды да.

Да Миден келечекте мыкты роль күткөндөр арбын. Алардын катарында мен да бармын. Жакынкы аралыкта Да Мини «Жез кемпир» тасмасынын экинчи бөлүгүнөн жана кытай тасмасынын ремейки болгон «Салам, менин жакын адамым» тасмасынан көрөбүз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан