ТЫРМАК ТҮБҮНДӨГҮ ЭТТЕН КАНТИП АРЫЛУУ КЕРЕК?

“Кол – айымдын визиттик картасы” дешет. Бирок кээде айрымдардын колунун териси кургап, тырмактарынын түптөрүн эт басып, ал колдун көркүн гана бузбастан, тырмакка инфекция кирип кетишине да шарт түзөт. Тырмактын четине эт (кутикула) өсүп, колуңуздун териси кургап жатса, бул маселеге олуттуу караңыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫРМАКТЫН ЧЕТИНЕ ЭТ ӨСӨТ?

1. Өнөр жай жана башка тармактарда иштегенде коргоочу каражаттардын жоктугу, мисалы, резина кол кап кийбестен жумуш кылуу, үй тиричиликте химиялык каражаттарды көп колдонуу;

2. Маникюр жасатууда гигиеналык эрежелердин бузулушу.

КАМ КӨРҮҮ

  • Эң биринчи эреже – өз убагында жасалуучу пилинг. Буга үй шартында кам көрсө болот. Тырмак үчүн пилингге өсүмдүк майы (зайтун майы болсо жакшы), кумшекер жана суу керектелет.

Бардык азыктарды кошуп, бирдей массага келгиче аралаштырабыз. Даяр болгон массаны тырмактын үстүнө, айланасына сүйкөйсүз. 5 мүнөт кармаган соң колуңузду жылуу суу менен жууп, кургатасыз. Нымдандыруучу жана азыктандыруучу крем сүйкөгөндү унутпаңыз.

  • Ванна кылуу дагы чоң жардам берет. Ал колдун терисин жылмакай кылат. Деңиз тузу жана лимон ширесинин эритмеси жакшы. Аны 5 мүнөт коюу гана жетиштүү. Эгерде териде жара же тытылган жери болсо, ромашканын тундурмасы жардамга келет.
  • Колдун терисиндеги өлгөн клеткалар тырмактын түбүндөгү теринин сыйрылышына алып келет. Ошондуктан алардан арылуу керек. Эң тез жана эффективдүү жолу – атайын гель-ремуверди (кутикуланы жумшарткан каражат) колдонуу. Алар курамына жемиш кычкылдарын камтыйт. Айрымдары эски жана жаш клеткалардын байланышын үзөт. Кээ бири керектүү азыктар менен камсыздап, терини жашартат. Экспресс-ремуверлерди 15 секунд эле коюп, кийинки этапка өтүү керек.
  • Эң негизгиси – тырмактын түптөрүндөгү эттерди алуу. Аны эч качан өз алдынча кеспеңиз. Салонго барганда шаймандардын тазалыгын талап кылыңыз.
  • Массажды далыбыз жана буттарыбыз гана сүйбөстөн, тырмагыбыз да сүйөт. Бул үчүн салондогу процедураларга жазылуу шарт эмес. Жөн гана майды же кол кремди ар бир манжаңызга сиңире сүйкөп, массаж жасаңыз. Укалоого 5 мүнөт гана кетет, андыктан адатка айлантып алган туура.


Жибек Мурсакматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан