КУРСАКТАГЫ БАЛА ООРУЛУУ БОЛСО... ТӨРӨГӨН ОҢБУ ЖЕ БОЙДОН АЛДЫРЫШ КЕРЕКПИ?

Бала – бакыт. Эне үчүн курсакта тогуз ай көтөргөн баласынын жарык дүйнөгө тубаса оорулуу төрөлүшү оор сокку болору бышык. Дарыгерлердин "убагында текшерилип тургула" деп талап кылганы да ушундан улам. Эгер курсактагы бала тубаса дарт менен төрөлөрү билинсе эне эмне кылышы керек? Төрөш керекпи же бойдон алдыруу керекпи? Алдыда ушул жаатта адистер жана энелер ой бөлүшөт.

“ТАНДОО АЛДЫНДА ТУРАМ”

Атын атагысы келбеген келин Миң-Куштан болот. Ал учурда 5-наристесин жарык дүйнөгө алып келүү алдында турат. Бирок баланын патология менен төрөлөрү аныкталган. Алдыда эне-баланы адистердин дагы бир топ изилдөөлөрү күтүп жатат. Эгер бала төрөлгөндөн кийинки операцияларды көтөрө алса жана ооруну айыктырууга мүмкүн болсо, анда жакшы.

– 3 уул, 1 кызыбыз бар. Жалгыз кызыма түгөй кылып алсакпы деп бешинчи бала тууралуу ойлонуп жүргөнбүз. Бирок жакын арада боюмда болот деп күткөн эмесмин. Күтүүсүз болуп калды. 4-баламда кош бойлуулукту оор көтөрүп, кыйналып төрөгөм. Кайрадан боюмда болгондон кийин канча жума болгонун билбей эле каттоого турууга бардым. Кыз экен, бирок патология менен төрөлөт деп жатышат.

Өзүбүз Бишкекте батирде турабыз. Баланын оору менен төрөлөрүн айтсак, кайненем атайын айылдан келиптир. “Түйүлдүк чоңоюп кете электе алдырып сал. Оорулуу кыздын азабын өмүр бою тартасыңар. Андан көрө ушул төрт балаңарды аман-эсен чоңойтуп, батирлеп жүрбөй, үйүңөрдү бүтүрүп алгыла”,- деп жатат. Ал тургай аборт жасатууга акча да таштап кетти. Жолдошум бул боюнча эч нерсе дей элек. Ал эми дарыгерлер “бала төрөлгөндөн кийин оорусун айыктырууга үмүт аз. Ал үчүн кымбат операциялар, процедуралар керек” дешүүдө. Алдыда кош бойлуулуктун экинчи “үч айлыгы” (триместр) турат. Бала чоңоюп кете элегинде чечим кабыл алышым керек, оор тандоонун алдында турам.

“АЙРЫМ ВРАЧТАР “АДАМ БОЛБОЙТ, АЛДЫР” ДЕЙ БЕРИШЕТ”

Дагы бир каарманыбыз Жанат Кубатбекова 1 жашар кызына операция жасатуу үчүн Түркияга кетүү алдында турат. Баласын айыктырууга үмүтү чоң.

– Кызым Айша 2019-жылы 21-февралда төрөлгөн. Боюмда 29 апта болгонунда УЗИге текшерилсем, патология менен тууларын айтышкан. Кызымдын диагнозу: миеломенингоцеле (spina bifida, омурткалардын кыр аркаларынын өспөй калып, жүлүндүн кабыкчасынын сыртка чыгып калышы), гидроцефалия (башта жүлүн суюктугу болгон ликвордун ашыкча топтолуп калышы). УЗИ жасаган врачтар бойдон алдырууну сунушташты. Гинекологдор “мөөнөтү чоң, алдырууга кеч” деп баш тартышты. Ошентип төрөдүм. Төрөлгөндө 4 омурткасы деформацияланып, жүлүн кабыкчасы сыртка чыгып, башына суу толуп туулду. Булар нерв булчуңдарга, бут-кол кыймылдарына, акыл-эстин өсүшүнө терс таасир этет экен.

Башы килейип турса, өзү араң жан жатса кызыма боорум ачып, “эми кантип жашап кетет, эмнеге муну жарык дүйнөгө алып келип кыйнадым экен?” деп өкүндүм. Бирок биринчи дарылатуудан кийин башынын көлөмү кичирейип жакшы болуп калды. Анан бул оору тууралуу сураштырып, окуп, Айшаныкындай диагноз менен төрөлгөн башка балдардын апаларын таап, алар дарылатса болорун айтып жатышты. Элден акча чогултуу аракетин көрдүк. Азыр керектүү каражат топтолуп калды, бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу Түркиядагы обсервация жана башка маселелерге дагы көп акча керек экен. 1-июлда жолго чыкканы турабыз.

Кош бойлуу кезинде баланын оорулуу төрөлөрүн билген энелерге эмне деп кеңеш бермекчимин? Текшерүүлөрдөн тыкыр өтүү керек. Каттоого туруу үчүн эрте барыш керек. Анан айрым врачтар “адам болбойт, алдыр” деп жөн эле айта беришет. Акыркы чечим баары бир эненин колунда. Эч бир эне баласын өлүмгө кыйбайт. Чоң мөөнөт болуп кеткиче эрте ойлонуу керек. Антпесе чоң тандоого кептелип стресс болуп, курсактагы баланы ого бетер кыйнайсыңар.

“ПАТОЛОГИЯНЫН ООРДУГУНА ЖАРАША КЕҢЕШ БЕРИЛЕТ”

Энелерди тандоого туш кылган түйүлдүктүн патологиясы, анын түрлөрү, кандай учурда энеге бойдон алдыруу кеңеши берилет жана башка көйгөйлөр тууралуу УЗИ диагностикасы врачы, хирург, урогинеколог Калдарбек Бахтахунов айтып берди.

– Курсактагы баланын патологиясынын көп түрлөрү болот. Мисалы, Даун синдрому, Патау, Эдвардс синдрому сыяктуу хромосомалык оорулар болушу мүмкүн. Бул жагдайда энелерге баланы бойдон алдыруу сунушталат. Ал ооруларды бала төрөлгөндөн кийин да дарылоого мүмкүн эмес. Ал эми эрди, таңдайы жырык төрөлүүсү, курсак көңдөйүндөгү грыжа сыяктуу төрөлгөндөн кийин дарыласа боло турган патологиялар да бар.

Мунун баары эле кош бойлуулук мезгилинде аныктала турган дарттар. Андыктан кош бойлуу аял өзүнүн дарыгери, гинекологу, генетиги менен тыгыз байланышта болуп, текшерүүлөргө олуттуу мамиле жасашы керек. Мисалы, кийин баланын шал болуп баспай калышын шарттаган баш мээнин, жүлүндүн патологиясы да аныкталышы мүмкүн. Бул учурда ата-энеге бала өмүрүн майыптар арабасында өткөрөрүн жакшылап түшүндүрүү керек. Ал эми эрини жырык төрөлгөн баланын эрдин тигип койсо жакшынакай эле жашап жатпайбы.

“200 СОМДУ АЯБАЙ БАРДЫК ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮҮ КЕРЕК”

– Азыр УЗИ, допплерден тышкары скрининг деген изилдөө бар. Кош бойлуулуктун 11-аптасынан 14-аптага чейин алгачкы скрининг жүргүзүлөт. Дал ушул учурда баланын тулкусу менен башы бириккен аймагынын жоондугуна, жүлүнгө жана омурткаларга, буттарынын узундугуна, мурун сөөктөрүнүн узундугуна карап Даун синдромун аныктоого болот. Муну УЗИден деле көрүү мүмкүн. Эгер жогоруда саналган органдар күмөн жаратса лабораториялык кошумча изилдөө сунушталат. Мында скрининг жасалып, баланын Даун экендигин даана аныктоого мүмкүн. Бул учурда айла жок, энеге бойдон алдыруу сунушталат.

Бойдон алдыруу боюнча кеңешти УЗИ же скринингге тарткан врач эле айтып койбой, адамды репродукциялоо борборундагы адистерге, генетиктерге жиберебиз. Алар синдром тууралуу кенен түшүнүк беришет. Мисалы, көптөн бери балалуу боло албай, бала жытына зар болуп жүргөн энелер же көптөгөн аракеттер менен бойдо болтуруп бала күтүүнү пландап жаткан энелердин бойдон алдыруу сунушуна макул болуусу абдан оор.

Кош бойлуу аял менен маселе жаралбашы үчүн гинекологдорго төмөнкүдөй талаптар коюлат: 11-аптадан 13-аптага чейин 1-скрининг, 16дан 20-аптага чейин 2-скрининг жасалышы керек. Бирок айрым гинекологдор скринингдин жыйынтыктарын көзгө илбей, кош бойлуу аялдын 200 сомун аяганына макул болуп, катуу талап койбой скринингге тартуу мезгилин өткөрүп жиберишет.

Кыргызстанда курсактагы баланы изилдөөдөн өткөрүү үчүн шарттар бар. Мисалы, УЗИ кызматы 400 сом, ал эми скрининг десе эле кымбат процедураны ойлошот экен. Ал 600 сом, УЗИден 200 сомго эле айырма. Андан соң убакыт өтүп, түйүлдүк чоңойгондон кийин, тактап айтканда, 22 аптадан кийин допплерге тартып да кээ бир ооруларды аныктап калышат. Бул учурда да бойдон алдыруу тандоосуна кептелген энелер бар. Мисалы, кальций, фолий кычкылдыгы жетишпегендиктен баш сөөктүн капкасы ачык бойдон калып, мээси көрүнүп калган балдар болот. Андай баланы төрөйм дегени менен төрөлгөндө эле өлөт, жашай албайт.

“ИСЛАМДА БАЛА ООРУЛУУ БОЛСО ДА 4 АЙДАН АШКАНДАН КИЙИН АЛДЫРГАНГА БОЛБОЙТ”

Ар бир жасаган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз деген ишеним бар. Айрым энелер баланын патология менен төрөлөрүн билсе да, ушул жоопкерчиликтен коркуп баланы бойдон алдырышпайт. Ислам дининде бул маселе боюнча кайсы жол шариятка туура келерин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний маселелер бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу айтып берди.

– Кандай гана жан болбосун, аны Кудай жараткандан кийин өлүмгө кыюуга эч кимдин укугу жок. Негизи эле бойдон алдыруу шариятка таптакыр туура келбейт. Бирок бала туулгандан кийин азап чегип оор дарт менен оорушу дарыгерлер тарабынан аныкталса, анда түйүлдүккө 4 ай болгонго чейин бойдон алдырса болот дешет аалымдар. 4 айдан ашкандан кийин оорулуу төрөлөрү билинсе дагы, баланы сактап калып жарык дүйнөгө алып келүү шарт. Ошондой эле төрөт учурунда эне менен балага бирдей коркунуч жаралса, анда баланы эмес, энени сактап калыш керек. Кош бойлуу аял бир эле дарыгерге барып, ал чыгарып берген жыйынтык менен эле бойдон алдырып салбашы керек. Адам дагы, аппарат дагы жаңылат. Ошондуктан бир нече текшерүүлөрдөн өтүп, бир нече адистерге барып, баланын ден соолугу тууралуу толук маалымат алгандан кийин гана бойдон алдыруу же алдырбоо маселеси жөнүндө ойлонуу керек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sakura715
2020-06-29 13:25:04
Баласын да өзүн да кыйнап эмне кереги бар?
+3
AykaMer
2020-07-02 10:16:22
Эне көзү тирүү кезинде любой кыйынчылыкка чыдап тарбиялай берет ооруулуу баласын. Бирок көзү өтүп кеткенден кийинчи? Баланы ким карайт? Оорулуу баланы төрөрдөн мурда ушуну ойлош керек да. Азыркы заманда бала энесин карабай кеткен учурлар бар,бир тууган бир тууганына карамак беле,тем более оорулуу болсо. Келечеги жок баланы төрөп кыйнаштын кереги жок деп ойлойм.
+2
Asyl.jazi
2020-07-03 13:09:11
Менин дагы боюмдагы 16 недель болгондо узиге тушсом ичегилери жок, анын ордуда суу толуп турат деген эле. Канча текшеруудон оттум, бутум жеткен жерге чейин бардым, баары бир диагноз айтышты. Торолсо дагы сразу чарчап калат, жашай албайт дешти. 20 недель болуп кетти. Озум ишенбей журо бердим, акыры кайненем, апамдар врач менен суйлошуп алып барып таблетка менен торотуп алды.
0
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан