Мезгил үнү
Кыргыз тилинин кадыры жөнүндө сайрап эле келе жатабыз. Өткөн саныбызда борборубуздагы көрнөк-жарнактардын, айрым азык-түлүктөрдүн туура эмес, ката жазылганы тууралуу сөз козгогон элек. Мына ошондой “туптуура” жазуулардын уландысы бул санда.
МУСУЛЬМАН АШКАНАСЫ
Фучик көчөсүнөн бери келатканда Чүй проспектисинде бир чоң имарат турат. Ар кай жеринде көрнөк-жарнактар чапталганынан улам эмне болгон имарат экенин аңдап биле албайсың. Ошол имараттагы “Мусульман ашканасы” деген жазууга көзүм түштү. Биз, кыргыздар, мусулманбыз да, туурабы? Анан эмнеге “мусульман” деп жазышыбыз керек?..
УНААЖУ
Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кайрылып, машинаңызды жуудуруп көрдүңүз беле? Назар салыңыз, “унаажу” деген жазууну, балким, эмкиде байкап каларсыз. Эмне үчүн орусчасы бадырайып “автомойка” деп жазылып турат да, кыргызча которо келгенде эле “унаажу” болуп калат? Калган тамгалары түшүп калган го дейин десең, жок, боёк менен эле жазылып турат. “Унаа жуучу жай” деген жакшынакай сөздүн “унаажу” болуп калганына күйбөгөн жериң күл болот экен.
МАЙАНА ДОЛБООРУНУН АРТЫКЧЫЛГЫН КӨР!
Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде бакыйган банктын кеңсеси турат. Сыртындагы акча алчу жерде (банкомат) мындай жарнак көңүлдү бурат: “ДКИБнын майана долбоорунун артыкчылгын пайдалангысы келгендер колуңарды көтөргүлө!!!!”
Бул сүйлөмдүн маанисин түшүнүү үчүн орусчасын окуш керек. Анткени “майана”, “артыкчылгын” деген сөздөрдү түшүнүү кыйын. Орус, түрк, англис тилдеринде иш жүргүзгөн “Демир-Кыргыз” Эл аралык банкы кыргыз тилине кайдигер карайт өңдүү. Анда эмне үчүн “маяна”, “артыкчылыгын” деген жөнөкөй кыргыз сөздөрү минтип кор болуп ката жазылышы керек эле?!
ТУЗДУН МАЙДИЛЫГЫ
Колума йоддолгон “Экстра” тузу тийди. Сыртындагы ар түркүн тилде жазылган жазуулардан улам Кыргызстандан чыгарылбай, четтен алынып келинген го деп ойлопмун. Кайдан?! Бишкекте эле чыгарылган биздин туз экен. Артындагы кыргызча жазуусун окуп коюңуз:
Туздун майдилыгы 1,2 мм
Сактоо мөөнөту 6 ай
Сактоо мөөнөту бүткөндөн кийин тузкошулмаларына ажырайт
Тилибиз минтип кор болуп жатканына, кыргыз эмес, киргиздердин кайдигерлигине капа тартабыз, калайык. Тилибиздин эртеңин, келечегин биз ойлобогондо башка бирөө ойлойбу?
Мындан сырткары кыргыз тилиндеги үндүү тамгалар түшүп калып жазылган көрнөк-жарнактар толтура. Калган каталарга кийинки сандарыбыздан күбө болосуздар.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg