Тамила Маматова, скульптор: “ТҮШҮМДӨ АЙТМАТОВ АЙКЕЛДЕРДИ КӨТӨРҮШҮП ЖАРДАМ БЕРДИ”

Cкульптура – өзгөчө сырдуу өнөр. Айрыкча айкелчилик кесипти айымдардын аркалашы Кыргыз коомунда көп кездеше бербеген көрүнүш. Бул жолу жаш скульптор Тамила Маматова менен кесиби, кесибинин ысык-суугу тууралуу баарлаштык. Баса, анын колунан жаралган Чыңгыз Айтматовдун көлөмдүү айкели учурда коомчулукта кызуу талкууга түшүп, көпчүлүк мактоо айтып жаткан учур.

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 7-октябрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Келте айылы

Билими – Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясы;

Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура мамлекеттик академиялык институту (Санкт-Петербург ш.)

“СКУЛЬПТУРАНЫ ФИЗКУЛЬТУРА ДЕП...”

– Быйыл күз айларында 33кө толом. Скульптура багытында 2 билимим бар. Биринчиси Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынан, экинчиси Санкт-Петербург шаарындагы Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура мамлекеттик академиялык институтунан алган билимим. Ата-энем экөө тең медицина кызматкерлери. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин апам бизди жалгыз чоңойтту. Бул өнөргө бала кезимден эле кызыкчумун. Анда скульптура тууралуу кайдан түшүнүк болсун? Ылайдан, пластилинден ар кандай фигураларды жасай берчүмүн. Ошондой эле акварель краскаларды колдонуп сүрөт да тартчумун. Кыл калем таппай, малдын кулагындагы жүнүн кесип алып кыл калем жасап иштеген күндөрүм да болду.

Бир жолу Леонардо Да Винчи тууралуу 5 бөлүмдөн турган даректүү тасманы көрүп чыктым. Ага аябай таасирленип, искусство тармагына кызыгып калдым. 7-класста окуп жүргөндө коңшу айылда мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун эстелиги коюлуп, ачылышына баргам. Үйгө келгенден кийин мен да жасап көрөйүн деп колума тийген шаймандар – бычак, мык сыяктуу нерселерди колдонуп катып калган топодон элечек кийген аялдын айкелин жасагам. Апам мунумду көрүп, “скульптор болосуңбу?” деп сурап калды. Мен буга чейин андай сөздү укпаптырмын, “физкультура” деп угуп алыптырмын. Кайра сурасам, апам скульптор деген кесип болорун, алар белгилүү адамдардын эстеликтерин жасашарын айтып берди. Ошондо гана айкелдерди скульпторлор жасашарын билгем. 9-классымда коңшу Баймак деген айылда Ыманалы Наркулов деген өз алдынча скульпторлукту өздөштүрүп алган адам тууралуу угуп калдым. Сабактан чыккандан кийин 2 аптада бир жолу ошол кишиге барып, ал кишинин билгендерин үйрөнүп жүрдүм.

“ОШТОГУ ОКУУМДУ ТАШТАП БАСА БЕРДИМ”

– Жогорку окуу жайга тапшырууга мезгил келди. ОшМУга тапшырдым, бирок ал жакта мен каалаган факультет жок экен. Бир жыл окугандан кийин Оштогу окуумду таштап, Бишкекке баса бердим. Көркөм сүрөт академиясына тапшырып, 5 жыл окугандан кийин Санкт-Петербургдагы окуу жайга тапшырдым. Ал жерде көбүнчө практикага басым жасалат экен. 3-курстан баштап чыгармачылыкка аябай берилдим. 4-курста Италияга, Түркияга, өзүбүздүн Кыргызстанга ар кандай фестивалдарга чакырууларды ала баштадым.

Мени портретчи скульптор деп коюшат, анткени адамдын портретин жакшы түзөм. Айтматовдун портретин түзүүдө аябай кыйналдым. Айкелдин портретин түзүү үчүн 1 жыл устаканадан чыкпай эмгектендим. Анын көп портретин жасап көрдүм, акыры сиздер көрүп турган 3 метр бийиктиктеги айкел жаралды. Мүнөзү оор киши экен, окшоштуруу кыйынга турду. Түшүмө да кирчү, көп ойлонгондуку го. Түшүмдө скульптураларды көтөрүшүп, мага жардам берип жүрчү. Улуу инсандын көзү тирүүсүндө өзүн көрүп, анан айкелин чегем деп кыялданчумун, бирок андай болгон жок. Өксүк дебейм, улуу жазуучунун портретин дипломдук иш катары даярдоо мен үчүн сыймык болду. Тепкич менен бийиктикке чыгам, кайра түшөм. Кээде түшө албай калам. Ошентип түшүп-чыгып жатып эле чарчайсың. Бирок бул мен үчүн ырахат тартуулаган, чарчасаң да жагымдуу чарчаткан иш болду. Дипломдук ишиме чейин Айтматовдун 2 метр бийиктиктеги туруп турган фигурасын жасагам. Азыр ал Санкт-Петербургда. Убактысы келгенде ал дагы өз ордун табат деген ишеничтемин.

“РЕКТОР “ТООНУН ЧОКУСУНА КОЁСУҢАРБЫ?” ДЕП УРУШТУ”

– Скульптуранын алгач каркасы темирден ширетилип жасалат. Андан кийин ага керектүү каражаттар чапталып, иш кызый баштайт. Дипломдук ишти баштаардын алдында жетекчим менен кеңешип, бийик айкел жасаарымды айттым. Бирок окуу жайда “устакананын полу көтөрө албай, түшүп кетет” деп чоң эстелик жасоого уруксат бербей коюшту. Мен мындай каршылыкка көнгөн жокмун. Беттегенимди бербей, эч кимге айтпай эле 3 метрлик айкелди жасап салдым. Дипломдук ишимди тапшырардын алдында Италияга чакырылып, ошол жакка кетмей болдум. Кетерге 1 апта калганда агайымды чакырып келип эстеликти көрсөтсөм таң калып, оозуна сөз келбей эле “мен аябай кубанычтамын, мыкты болуптур” деп чыгып кетти. Кийин ректорубуз эстеликти көрүп таң калды, андан кийин “кыргыздар муну эмне кыласыңар? Кайда батырасыңар? Тоонун чокусуна коёсуңарбы?” деп урушту. Мен актанууга сөз таппай калдым. Ошол себептен дагы дипломдук ишиме “4” деген баа коюшту окшойт.

“АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИ ОРДУН ТАБА ЭЛЕК”

– Чоң ишке, албетте, чоң каражат кетет экен. Эстеликти Кыргызстанга алып келүү да абдан оор болду. Италияга барганда эмгектериме кичине гонорар чыккан. Ошол каражаттын баарын эстеликти бул жакка алып келүүгө жумшадым. Азыр эми Айтматовдун эстелиги ордун таба элек. Учурда Бишкектин четинде жайгашкан устаканамда турат. 2018-жылы жасалып бүткөн. Бүгүнкү күнгө чейин эстелик Кыргызстандын бир жеринен орун тапса деп демөөрчүлөрдү издеп көрдүм. Азырынча жыйынтык боло элек. Идеалымда эстелик көлөмүнө жараша ачык асман алдында, ачык жерге коюлса дейм. Мисалы, Бишкек шаарында жаңы сейил бактар көп эле курулуп жатат. Айтматовдун айкели борбор калаа үчүн ашыктык кылбайт деп ойлойм. Кыргызстанда маданияттын башка өкүлдөрү сыяктуу эле скульпторлорго да колдоо жок. Азыр биздин тармак менен багыт алган өнөр адамдарынын баары эле өз арабасын өзү сүйрөп келе жатышат. Экономиканы өнүктүрүү аракетин көргөн сыяктуу эле искусство тармагы да өнүктүрүүгө муктаж. Бирок элдин курсагы ток болбосо, экономика жарды болуп жатса искусствого суусап, скульптурага суктанган адам кайдан болсун? Ошол себептен бирөөгө жүк артып, нааразы болуунун кажети деле жок го дейм.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Cherik.777
2020-06-29 12:10:20
Биздин алтын кызыбыз экенда азаматсын онорун оркундоп каалоо тилектерин орундалсын...Ала тоо аянтындагы Айтматовдун айкелине алмаштырып койсо болчудай аянттагы айкел ото эле жаш жигиттин образын берип койгон бул менин ойум
+8
Cherik.777
2020-06-29 12:12:47
Оштогу Манас айкели менен борбордогу манас айкелинин айырмасындай
+6
ainura220888
2020-06-29 14:24:02
Аянтагы айкел окшошбой калганго ошонун ордуна коюш керек экен. Эми алда бироонун эмгеги дечи.
+7
Gulzina1993
2020-06-30 02:50:52
Мына сага талант баракелди эжеке бар болунуз.... чынында суктандым аябай
+4
Tiken
2020-07-01 10:53:49
Укмуш десем жанылбаймын... Мыкты экенсин, сенден улуу талант чыгат деп ишенем!!!
+4
Alia82
2020-07-02 12:55:46
Азаматсын, ишине ийгилик, онорун оркундой берсин!
+4
Alia82
2020-07-02 14:54:03
Азамат кыз экен ошончо жерден озунун акчасына алып келген
+5
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан