ЭРМЕК

Бул жолу сиздерди жаштардын сүйүктүү «Каалайсыңбы?» деп аталган романтикалуу ырын жогорку деңгээлде жүрөктөргө жеткире ырдаган жаш ырчы жигит Эрмек менен тааныштырабыз. Эрмектин мындан башка «Багыңа кондум бир өзүм», «Пери» ырлары, Аида менен ырдаган «Ата журт» дуэти бар.

Эрмек 1984-жылы 13-октябрда Жалалабат облусунун Майлысуу шаарында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Учурда Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын экономика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти.

– Эрмек, элибизде “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт, ырчылык өнөр­дөн башка кандай өнөр­лөрүң бар?
– Кичинекей кезимде апам аккордеон ийримине берип койгон. Бул ийримге 11-класска чейин катыштым. Аккордеондо ойнойм. Спорттун эркин күрө­шү менен машыгам.
– “Атуулдук ырлар” долбоорунда биринчи орунду алганың күйөр­мандарга маалым болсо керек. Даярданууда кыйынчылыктар болдубу?
– Ата журт жөнүндөгү мыкты ырларга жарыяланган бул конкурска Аида экөөбүз да “Ата журт” аттуу дуэтибиз менен катышканбыз. Биз аткарган ырдын сөзү акын Сыпарбек Медербековко таандык. Ал эми обону композитор Мурзали Жээнбаевдики. Биздин биринчи орун алганыбызга кээ бирөөлөр көрө албастык кылышып, “биринчи орунду сатып алдыңар” деп да айтып чыгышты. Ал эми башкы байге жүз миң сом акчалай сыйлыкты алгандан кийин аны толугу менен ырдын композиторуна бергенбиз. Мурзали агай ал акчаны мага, Аидага, Назгүл эжеге, өзүнө тең кылып бөлүп берди.
– Өзүңө бөлүнгөн акчаны эмнеге жумшадың?
– “Каалайсыңбы?” деген ырыма клип тарттырдым. Клипти жакын арада көгүлтүр экрандан көрө аласыздар. Бул клипти Канат Култаев тартты. Чынын айтыш керек, Канат байке кылган ишинин майын чыгарат экен. Келечекте дагы иштешебиз деген чоң үмүттөмүн.
– Жаңы чыгып келаткан ырчылар “оңой оокат” деп башка өлкө­нүн ырчыларынын ырларын которуп алып, хит кылып ырдап жатышат. Сенин репертуарыңда да которулган ырлар барбы?
– Жок, менин репертуарымда андай ырлар жок. Мен өз эмгегим менен оокат таап жашагым келет. Башка бирөөнүн ырын которуп ырдоо ою­ма да келбептир.
– Окууңду аяктагандан кийин кесибиң боюнча экономист болуп иштейсиңби?
– Мектепте окуп жүр­гөн­дө ырчы болом деген оюмда да жок болчу. Ал убакта мен мамлекеттик иштерде иштесем деп кыялданчумун. Окуумду аяктагандан кийин ырчылыкка берилип кеттим. Бирок, келечекте өзүмдүн чакан бизнесимди ачам деген оюм бар. Негизи, шоу-бизнеске деле экономика боюнча билим керек деп ойлойм.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Бир жарым жылдан ашык сүй­лө­шүп жүргөн кызым бар болчу. Эмне болду билбейм, же жылдызыбыз жанбай калдыбы, айтор, урушуп кеттик. Учурда сүйлөшкөн кызым жок.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан