СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бул окуя кантип болуп кеткенин кийин Искендер өзү деле түшүнбөй калды. Айтурган ошол учурда Москвага бир айга окуусу үчүн кеткен эле. Балким, бул да себепчи болду. Иши кылып бир караса Аянанын кучагында жатыптыр. Капкара чачтары жаздыкка төгүлүп, ууртунда күлкү ойноп уктап жаткан экен. “Эмне кылдым мен? Сенин убалыңа калдым. Сага үмүт бергенге акым бар беле? Мындай акмактык кылган болбойт да!” Эркек канчалык өзүн-өзү жекиргени менен, бир даам татып алган кумардан өзүн алыстата алмакпы? Искендер да анте албады. Акырын туруп кийине баштады. Анын дабышынан Аяна ойгонуп кетти. Эмнегедир бактылуу жылмайды.

– Искен байке-е, кетип жатасызбы?

– Ооба, бул жерге ачкыч койдум. Менин мурунку бир бөлмөлүү батирим. Азыр бош. Ал жерге эч ким барбайт. Сен кечинде ошол жакка кел.

– Макул.

Кыздын жадыраган жүзүнөн бир искеп алып чыгып кетти. Аяна столдун үстүндө турган ачкычты алып жүрөгүнө басты. Демек, ал жүрөгүнүн ачкычын берди. Кандай сонун! Анын машинесинде эле отурган ага ушунчалык бейпилдик тартуулайт, ал эми үйүндө андан да бактылуу болор. Башка эч нерсе тууралуу ойлогусу келген жок. “Кудайым, мен бир аз болсо да бактылуу болгонго акым бардыр. Көп эмес, бир аз эле убакыт. Мен мындан башка эркек менен эч бир заман бактылуу боло албайм, уруксат бер, бир аз гана бактылуу болуп алайын”.

Сыртка чыкса күн башкача сулуу, аалам башкача көрктөнүп тургандай сезилди.

– Асман көпкөк тура, аба таптаза тура, жашоо керемет экен. Мен муну буга чейин эмнеге сезбегем?..

Ошол күндөрдүн ар бири Аянанын эсинде. Ошол кыштын кары да керемет эле, дайыма кышы бою үшүй берген жаны ошол жылы үшүбөй чыкканы эсинде. Таң атканда уктап жаткан Искендерди караган адаты бар эле. Жүзүндөгү ар бир сызыкты, мурдун, эрдин, каштарын, кирпиктерин карегине катып алчудай узакка тигилчү.

– Караба мени,- деди бир күнү Искендер көзүн ачпай жатып.

– Мен сени унутуп калбашым үчүн көпкө карап жатам.

– Унут мени!- деди да, жуурканды силке туруп кетти. Эртең менен чай ичип жатканда Искендер акырын кеп баштады.

– Кичинекей, сен мени унутушуң керек. Өзүң теңдүү жигитке жолугуп, бала-чакалуу болушуң керек. Сен акылдуу жансың, мен сага эч нерсе убада берген эмесмин, бере да албайм. Менин колу-бутум байлануу экенин да жакшы билесиң.

– Билем.

– Сен экөөбүздүн ортобуздагы нерсе... Мындай болбошу керек эле, мен алсыздык кылдым. Мен сага эч нерсе бере албайм.

Кыздын кичине алакандары оозуна жабыша түштү.

– Мен баарын билем. Эч нерсе каалабайм. Болгону аз убакыт бактылуу болоюн. Убагы келгенде коё берем, сөз берем. Ыйлабайм, кыйнабайм, жолуңдан туура чыга калбайм. Жашооңдо таптакыр болбогондой жок болуп кетем. Сен да мени издебе. Бирок азыр эмес. Убактыбыз бар. Мындай жагымсыз сөздөрдү сүйлөшпөйлү.

– Сен мен берген таблеткаларды ичип жатасыңбы?

– Ооба. Коркпо, боюмда болбойт.

– Макул анда, кечинде көрүшөбүз.

– Макул.

Эшик жабылып чыгып кеткенде кыз текчедеги дарыларды алды да, таштанды салган челекке ыргытты. Күнү кечке жумушта жүрүшөт, чогуу азык-түлүк алып келип Аяна тамак жасайт. Курсак тойгузуп алып кино көрүшөт же узакка сүйлөшүшөт. Мындай кумарлуу, махабаттуу убакыт аз инсандын башына келер. Ошон үчүн таттуудур, ошон үчүн кыскадыр. Айтурган “Бишкекке учуп бара жатам” деп СМС жазганда Искендердин жүрөгү болк этти. Уулу менен Айтурган келе жатат. Азыр бирөө барып Айтурганга айтып койчудай алдастай түштү.

Кирип келип эшикте шалдайып туруп калды.

– Тамак даяр, кийимиңди чечпейсиңби?- деди Аяна моюнуна асыла.

– Жок, мен азыр кетем.

– Кайда?

– Үйгө. Менин үйүм бар экенин, үй-бүлөм бар экенин унутуп калдыңбы?- деди Искендер кыжырдана. Аяна көздөрүн бакырайта отуруп калды. Көзүнүн кыйыгына жаштар толо калды эле, аны чечкиндүү сүртө салды. “Ыйлабайм, коё берем дегем, ыйласам да азыр эмес” деди ичинен. Шалдайып бири-бирин карап туруп калышты.

– Мен кетейин.

– Тамак ич, учак качан конот экен?

– Таңкы саат 5те.

– Убактың бар экен го, тамак ич.

Күндөп-түндөп сүйлөшкөн сөздөрүнүн баары бүтүп калгансып үн катпай тамак ичишти.

– Аяна, мен...

– Убара болбо, эч качан көрүнбөйм сага. Бул тууралуу эч ким билбейт. Бул менин сүйүүм, менин күнөөм. Мен сени ушу жолго алып келдим. Өзүңдү жебе. Мурункудай жашооңду улант.

– Сенчи?

– Менби? Билбейм, башка жакка кетем. Мисалы, Москвага. Ал жакта атамдын туугандары бар. Дипломумду ушул жылы алам, өз кесибим менен жумуш тапканга аракет кылам. Билимимди тереңдетем. Косметолог врачтар ал жакта көчөдө калбайт дешет. Мага башыңды оорутпа.

– Салиманы эмне кыласың?

– Аны да алып кетем. Албетте, сөзүмдү укса,- деди ал жаш аралаш күлүмсүрөп. Канчалык өзүн кайраттуу кармабасын, эриндери титиреп кетип жатты. Искендер чыдабай кетти.

– Мынчалык күчтүү болуштун кереги жок, кичинекей. Ыйла, сөк, теп, ыргыта чап мени. Мен көтөрөм. Ичиңде кандай бороон-чапкын болуп жатканын билем...

Кыз кучактай калды. Искендер айткан нерсенин эч бирин жасаган жок, жөн эле бекем кучактады. Кыздын денеси титиреп турганын билет Искендер, андан кийинкиси анда-санда гана эсинде. Жүзүнөн, көзүнөн, ачык турган жакасынан жанталаша өпкүлөй берди.

ххх

Аяна эртең менен ойгонуп, керебеттин бир тарабы бош экенин көрдү. Эбак муздап калыптыр. Кетиптир! Керебет эле эмес, жан дүйнөсүнүн бир бурчу үшүп, бош калгандай сезди. Туруп кийимдерин жыйнады да, ачкычты экөө билген жерге коюп басып кетти. Бул ачкыч ага убактылуу берилген эле. Искендердин жүрөгү да убактылуу болчу. Баары бүттү! Кар жамынган шаар кайрадан суук болчу.

ххх

– Сен эмне башкача болуп баратасың, эже?- деди шектенген сиңдиси бир күнү.

– Эмне болуп жатам?

– Жүдөп калгандайсың, жумушуңду да таштадың, бизге бирөө акча берчүдөй болуп...

– Дипломдук ишимди жазышым керек. Убакыт тартыш болуп жатат. Менде бир аз тыйын бар, коркпо.

– Эч нерсе жазбай эле, жааган карды тиктеп отурасың го.

– Салима!

– Эк, макул, эмне кылсаң ошо кыл. Бирок мен бир ишти изилдеп жүрөм. Жакында бомба кабар айтам сага.

– Дагы эмнени баштадың?

– Эже...

– Угуп тур, болду, жетет сеники. Канча күндөн бери кайда жүргөнүңдү билбейт деп жатасыңбы!? Же сабагыңа тың барбайсың. Сен келечегиңди кантип курганы жатасың?

– Эрге тием.

– Эмне-е?

– Макул, күйөөгө тием. Албетте, сенчелик сулуу эмесмин, бирок мени да карагандар бар. Бирок кеп азыр анда эмес.

– Эмнеде?

– Мен бир айдан бери апамды издеп жүрөм.

– Эмне-е?

– Сен курбуң жалгыз болуп, чогуу жашайм деп кеттиң го? Ошол убакытта мен экөөбүздүн апабызды издей баштадым. Буюрса, аз калды, табам.

Аянанын төбө чачы тик турду. Өмүрүндө жек көргөн адамы апасы болсо керек. Атасын бул абалга алып келген, балалыгын уурдаган бул аялды издемек турсун, атын уккусу келчү эмес. Оозун ачып туруп калды.

– Эже, ал экөөбүздү төрөгөнү чынбы, чын. Сени төрөгөн адамды алыстан болсо да бир карап койгонго эмнеге болбосун? Мен жөн эле аны көргүм келет. Апам (баккан апасын айтып жатат) мени ар дайым кечиримдүү болуш керек деп үйрөткөн. Мен сендей эмесмин. Кекчил, өзүмчүл эмесмин.

– Жап жаагыңды!

Аяна тура калып Салиманы жакка чаап жиберди.

– Мен өзүмчүл бекенмин, ыя?

Сиңдисинин жаш толгон каректерин көрдү да, эмне дээрин билбей артка кетенчиктей берди. Салима сыртка атып чыгып, эшикти тарс жапты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluumun98
2020-06-29 13:12:16
Бир жума
0
algakaray
2020-07-03 17:28:13
Жомок да бироо ойунан чыгарып жазып койо берет, дагы бир жума кутуп окуганга татыбайт
+1
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан