“Айыл Банк” ААКсынан MasterCard

Сиздерге сонун жаңылыкты айтууга шашылабыз! 2020-жылдын 1-июлунан тартып “Айыл Банк” ААКсынын каалаган тейлөө түйүндөрүндө MasterCard төлөм картасын ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Эми сиз “Айыл Банк” ААКсынын MasterCard картасын пайдаланып, товарлар жана кызматтар үчүн дүйнөнүн каалаган бурчунан төлөй аласыз!

"Айыл Банк" ААКсынын MasterCard'ы менен товарлар жана кызматтарга акча төлөө үчүн банкоматтардын, дүкөндөрдүн жана веб-сайттардын глобалдык тармагын коопсуз колдонсоңуз болот.

MasterCard карталары менен ар дайым оңой жана ыңгайлуу, анткени керектүү акчанын суммасы ар дайым колдо. Саякаттоо учурунда дүкөндөрдүн, кафе жана ресторандардын кызматтары, ошондой эле сатып алуулар үчүн “Айыл Банктын” MasterCard карталарынан төлөө кызматын колдонуңуз. Байланышсыз төлөө технологиясынын жардамы менен бардыгы бир топ жеңилдеп, ыңгайлуу болуп калды – эсептөө терминалынан бир гана кадам менен сиздин сатып алууңуз төлөнөт.

MasterCard – бул дүйнөнүн 210 өлкөсүндө ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүү ыкмасы. Дүкөндөрдө жана кызматтарда сатып алуу үчүн карта менен төлөө ыңгайлуу келип, чоң суммадагы акчаны алып жүрүүнүн жана накталай акчанын бар-жогу жөнүндө ойлонуунун да кереги жок.

Картанын эсебиндеги акча каражаттарынын сакталышы: эгер картаңызды жоготсоңуз, күнү-түнү колдоо кызматына чалып кабарласаңыз, карта токтоосуз жабылып калат.

Кеңири тейлөө тармагы. MasterCard карталары дүйнө жүзү боюнча 29 миллиондон ашык пункттарда, көптөгөн дүкөндөрдө жана ресторандарда кабыл алынат.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө MasterCard карталарын колдонуу мүмкүнчүлүгү (интернет аркылуу да).

Узак мөөнөттүү колдонуу. MasterCard 5 жылга чейин берилет. Картанын мөөнөтү бүткөндөн кийин банк кардарга кызматташууну кеңейтүүнү жана картаны кайрадан чыгарууну сунуш кылат.

Мүмкүнчүлүктөр:

Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү товарлар жана кызматтар үчүн накталай карта аркылуу төлөө;

Интернетте товарлар жана кызматтар үчүн төлөө;

Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү банкоматтардан накталай акчаларды алуу;

Картаны накталай же накталай эмес которуу жолу менен толуктоо;

Телефон номери боюнча накталай эмес которуу.

MasterСard Standard күнүмдүк сатып алуулардан тартып кыялыңыздагы саякатка чейин, MasterСard Standard ыңгайлуу жана коопсуз каражат болуп, чыгымдарды көзөмөлдөөгө жардам берет. Жылдык тейлөө үчүн комиссия төлөнөт: Алгачкы 1 жыл бекер! Кийинки жылдар үчүн 250 сом.

MasterСard Gold.

Мыкты кызмат, арзандатуулар жана дүйнө жүзү боюнча атайын сунуштар. Gold категориясындагы пластикалык карта – бул дүйнө жүзү боюнча каржылык эркиндик. Жылдык тейлөө үчүн комиссия төлөнөт: Алгачкы 1 жыл бекер! Кийинки жылдар үчүн 1000 сомдон.

MasterCard төлөм картасын алуу үчүн сиз “Айыл Банктын” каалаган түйүнүнө паспортуңуз менен кайрылып, MasterCard картасын алуу боюнча өтүнмө калтырып же www.ab.kg сайтына кирип онлайн билдирүүнү толтурсаңыз болот.

“"Айыл Банк” ААКсы сизге жакын!

Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg
сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00
телефондору аркылуу алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан