Мезгил үнү
Жумушсуздуктун айынан эмгек миграциясы күчөп, канчалаган мекендештерибиз чет жакта эмгектенип жүрүшкөнү – чындык. Бүгүн редакциябызга дүйнөнүн ар кайсы жеринде жашоо кечирип жүргөн жердештерибиздин өкүлдөрүн чакырдык. Алар бөтөн элде кандай жашап жатканы, өлкөдөгү акыркы жана башка окуялар тууралуу ой бөлүшүштү.
“КОРЕЙЛЕРГЕ ТУРМУШКА ЧЫГЫП,
ЖАРАНДЫК АЛГАН КЫЗДАРЫБЫЗ БАР”
ЭРКИН АБДЫЖАПАРОВ, Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы «Максат» коомдук борборунун кызматкери. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы. Бишкекте жашаган үй-бүлөсүнө үч айда бир келип, сагынычын таркатып кетет.
– Кыргызстанда ишим жүрүшпөй жатканынан 2002-жылы агамдын чакыруусу боюнча Кореяга иштегени баргам. Агам “Максат” коомдук борборун ачкан эле. Ал борбор Кыргызстандан барган мигранттарга жумуш таап берип, аларды иш менен гана камсыз кылбастан, башка майда-барат маселелерин чечүүгө көмөгүн көрсөтөт. Учурда мен да ошол жерде иштейм. Барган жердештерибизди оруспу, дунганбы, улутуна карабай, “Кыргызстандын жаранымын” дегендерге Сеул шаарынан сырткары башка шаарларга да жумушка жөнөтөбүз. Ар бир шаарга атайын лидер, өзүбүзчө айтканда, губернатор шайлап койгонбуз. Лидерлерибиз кыргыздардын көйгөйүн угуп, бизге айтып келишет, биз биргелешип чечүүгө аракеттенебиз.
Майрамдарды дайыма чогуу белгилейбиз. Өзгөчө Ноорузду. Улуттук тамактарды жасап корей тааныштарыбызды чакырганда алар “тамагыңар күчтүү, бирок аябай даамдуу” дешет. Алардын ашказаны күрүч, чөп-чарга көнгөн да.
Учурда 3 миңден ашуун кыргызстандыктар Кореяда иштейт. Алардын миңден ашууну келишим менен баргандар. Арасында студенттер да кездешет. “Ким иштесе, ал тиштейт” дегендей, ал жакта акча тапканга чоң мүмкүнчүлүк бар. Бир адамдын иштеп тапканы Кыргызстанда орто жашаган 2-3 бүлөнү бага алат. Ай сайын жок дегенде үйүнө 1000 доллардан жөнөтүп турушат.
Негизинен, жигиттер заводдордо, кыздар фабрикаларда иштешет. Көбүнчө жумуш берген киши тамак-аш жана жатакана менен да камсыз кылат. Эмгек мигранттары үчүн аталган өлкөдө жакшы эле шарттар түзүлгөн, албетте, эгер мыйзам жолу менен барган болсо. Мыйзамсыз баргандардын маселеси көп. Бизге андайлар да кайрылышат. Дайыма чечип берүүгө аракеттенебиз. Кореяда жарандыкты алуу өтө кыйын. Ошондуктанбы, айтор, айрым кыздарыбыз жеңил жол деп корей жаранына турмушка чыгып алышат.
“КОРЕЙЛЕР БИЗДИ “БАШ КЕСЕРЛЕР” ДЕП...”
РУСЛАН САРТПАЕВ, 26 жашта. Бойдок. Түштүк Кореянын Ыйджонбу шаарында жашап, иштейт.
– 5 жыл мурун Бишкектен ЖОЖду бүтүргөн соң Кореяга келишим менен фармацевттик заводго иштөөгө жөнөдүм. Ал жакка барсам, “адашып калышкан экен” деп темир боёй турган ишканага киргизип коюшту. Атайын жол кире коротуп келгенден кийин аны актайын деп бардык кыйынчылыктарга моюн сунуп иштеп, жеңип чыктым. Жеңип чыктым дегеним, 3 ай ичинде корей тилин үйрөндүм. Ал жакта тилди жакшы билсең, жогорку маяналуу жана ден соолугуңа зыян эмес ишке оңой орношууга болот. Андыктан иштегени барам дегендерге алгач тил үйрөнгүлө дегим келет. Учурда заводдо менеджер болуп иштейм.
Немистер эмес, корейлер пунктуалдуу, аларда тартип күчтүү дегим келет. Ал жактын ар бир жараны мыйзам бузуудан коркот. Демек, тартип күчүндө. Мисалы, жумушка кечикпеш керек. 8де жумуш башталса, 5 мүнөт калганда келип иш ордуңду даярдап отуруп каласың. Тартипти бузсак, жаман-жакшы айтышпай эле маянадан кесип коюшат.
Өлкөбүздөгү акыркы болгон окуялар бизди да кабатыр кылды. Мекендештерибиз үчүн жүрөгүбүз оорубай койгон жок. Бизди ыза кылганы – маалыматтык согушта уттуруп койгонубуз. Корейлер “силер баш кесерлер турбайсыңарбы?!” деп да жатышты. Телефон аркылуу окуянын чын-бышыгын сурап, кандай болгонун баарына жеткире албай кыжалат болдук. Мекенибиздеги окуяга кайдигер караган жокпуз. 72 миң сомдук жардамды түштүк жергесине, ал эми апрель окуясында жабыр тарткандарга 62 миң сом жөнөттүк.
Канчалык акча таап, баары жайында болгон күндө да, көңүлүң туулган жериңде да. Аларды сагынуу деген күчтүү сезим бар. Мекенимде ата-энем, сүйгөн кызым калды. Кээде 100 долларга чейин акча коротуп, алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Билем, мунун баары утурумдук. Бутка туруп алган соң кайтып келип, билимимди, билгенимди өз жериме, мекениме арнайм, эмгектенем деген ой көкүрөгүмдө.
“АБОРТ ЖАСАТКАНГА 6 МИҢ КЫРГЫЗ КАЙРЫЛЫП...”
ЖАМИЛЯ БЕКИЕВА, Москва шаарындагы “Ала-Тоо” аймактар аралык коомдук уюмдун президенти. 4 баланын энеси.
– 30 жыл мурун жолдошум экөөбүз Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасына тапшыруу үчүн Москвага келгенбиз. Бирибиз окуп, экинчибиз иштеп, турмуштун кырдаалына баш ийип, ошол жакта жашап калдык. Мен биология илимдеринин кандидаты болдум. Учурда ММУда сабак берем. “Голос России” радиоберүүсүндө стилист-редактор болуп иштейм. Мындан тышкары “Ала-Тоо” коомунда иш алып барам. Союз мезгилинде Москвага окуганга гана барышчу эле, азыр эмгек мигранттарынын саны көбөйдү. Москвада жыргал жашоо жок. Кучак толо маселелер бар. Мына ошол маселелерди чечүүгө аракеттенебиз.
“Орусияда таштанды балдар көбөйүп кетти, алардын энелери кыргызстандыктар” деген маалыматтарды силердин деле кулагыңар чалса керек. Ооба, жаңыдан мектепти бүткөн кыздарды ата-энелери жөнөтүп жатышат. Алар “кандай шартта, кайсы жерде иштейт, ким көзөмөлдөйт?” деп ойлонушпайт. Эркиндикке чыккандар билгенин кылып, акыры жанагы боюнан алдырган кырдаалга туш болушууда. Москванын бир медицина борборунда кыргыз дарыгери иштейт. Анын берген маалыматы боюнча, бир жылда аборт жасатканы кыргыздын 6 миң кызы кайрылган. Алардын көпчүлүгү жаш кыздар, анан да маалы өтүп кеткен мөөнөттө жасатышкан экен.
Ал эми сактанууну билбегени аз келгенсип, түрдүү жыныстык ооруга чалдыгып жаткандары канча.
“ИРКУТСКТА ОРУСИЯНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН 30 МИҢ КЫРГЫЗ БАР”
ТЫНЧТЫК АБДЫЛДАЕВ, КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Иркутск облусу боюнча коомдук өкүлү. 31 жашта. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
– Орусиянын Иркутск аймагында 40 миңге жакын кыргыз бар. Алардын 30 миңи Орусиянын атуулдугун алышкан.
2001-жылдан бери ошол жерде эмгектенем. Башында Новосибирск шаарында элем. Ал жерде соодада алданып, банкрот болуп, Бишкектеги үйүмдү сатып, анан ушул жакка келгем. Банкрот болгонумду ата-энеме айтпай, уялганымдан эки жыл дайынымды билдирбей койгом. Мен эне жүрөгүн ойлогон эмес окшойм. Апам Иркутскка чейин издеп келген эле. Көптөгөн кыйынчылыктарга чалдыктым. Бирок максатым ишке ашты. 4 бир тууганымды, апамды алып келип алгам. Баары иш менен камсыз. Өзүм бут кийим сатуу менен бизнес кылам. Заводдордон алып, сатуучуларга таркатам.
Өз ишим жүрүшкөн соң кыйналгандарга жардам берейин деп Миграция министрлигине киргем. Чынын айтсам, ар бир адамдын маселесин чечип берип, жүзүнөн жылмаюуну көргөндөн ырахат алам. Бул жерде деле кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү соода менен алектенишет. Милицияда, мектептерде, ооруканада иштегендер бар. Мындан тышкары Кыргызстандан келип окуган студенттер менен да сыймыктанабыз.
Башка мигранттардын маселеси бизде да бар. Федералдык миграциянын кызматкерлери документтерди ашыкча эле текшерип кыйнай беришет. Бир чети туура, алар өз ишин аткарып жатышат дейсиң, бирок баары жайында болуп турса да, күчкө салган учурлар болот.
Түштүк окуясы болуп жаткан чакта бизде да чыр-чатактардын болуп кетпешине бүт аракетибизди жумшадык. Ал эми Кыргызстандагы абалга кабыргаң кайышат. Жүрөгүң ооруйт. Андыктан материалдык жактан да жардам көрсөтүүнү туура көрдүк. Иркутсктагы кыргыздар акча чогултуп, 1 миллион 550 миң 850 сомдук гуманитардык жардамды жабыр тарткандарга жөнөттүк.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg