Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Эл артисти: “ЭЛМИРБЕК ЭКӨӨБҮЗДҮ НАЗАРБАЕВ ДАЙЫМА ЖАНЫНДА АЛЫП ЖҮРЧҮ”

“Бетке айткан сөздүн заары жок” деген девиз менен жашаган каарманым көп нерселерди айтып берди. Аны эмне үчүн филармонияга жумушка албай коюшканын, кимдин "кара тизмесинде" экенин, ден соолугуна кандай кам көрөрүн жана башка темаларда кенен баарлаштык.

– Курмангазы агай, баш аламан, тынчы жок мезгилди башыбыздан кечирип жатабыз. Бул учур сизге кандай таасир берди?

– Ооба, чындыгында азыр баш аламан учурда жашап жатабыз. Бирөө батыштын сөзүн сүйлөп, бирөө сектанттардын сөзүн сүйлөп, кимди угууну билбей турган заман. Бирок мындай учурда кыргыздын түпкүлүгүнө эле көз жүгүртүү керек. Мен азыр тоодон келдим. “Ден соолукту чыңдайм” деп чет өлкөгө кеткендерге күлкүм келет. Мен 120 өлкөнү көрүп чыктым. Бирок Кыргыз жериндеги сууну эч бир жерден кезиктирген жокмун. Темселеп башка жакка барып акча коротпой эле карыш турган жерден ден соолукту чыңда. Тоого чык, булактын суусун ич. Жаратылыш менен байланышыбызды үзбөй келген калкпыз да, ошону улантышыбыз керек. Баш аламандык ошондо токтойт. Мен дүрбөлөңгө түшпөйм. Таң атканда ойгонуп Жараткан менен учурашам, ыраазычылык билдирем, тиленем. Ушул мантра эле да. Йога же башкадан өзүңдү издеп кереги жок. Илгертеден эле “аялдын тилеги, эркектин батасы күчтүү болот” деген кеп бар. Көп нерсени түшүндүрөйүн десең, эл “баягы тантып калыптыр, экинчи Арстан Алай болуп калган тура” деп ойлошот. Бул нерсеге жетүү үчүн көп окуш керек.

– Анда коронавирус пандемиясы тууралуу баш ооруткан эмес турбайсызбы?

– Андан сактанса болот. Таза бал, Япониядан таза кальций алдырып жейм. Эрте туруп турникке тартылам. Мен үйлөмө аспаптарды көп ойногонум үчүн өпкөм да таптаза. Өзүмдүн боюм кичине эмеспи, сахнада чоң курсакты көтөрүп алып жүргөн туура эмес экен. Ошон үчүн салмак таштап, азыр жаш баладай чуркап жүрөм.

– Сиз өзүңүздү карайт экенсиз. Элдин баары андай эмес да. Медицинабыз алсыз болуп жатса, апааттан кантип чыгып кетебиз деген оюңуз бар?

– Оорукана эмес, канча жылдан бери бала бакча курулган жок. Мен кичине кезде курулган спорт сарай менен филармониядан башка эч нерсебиз жок. Калыгул атабыз айтып кеткен эмеспи, “баштын ордуна бут келип калган заман болот” деп. Ошол заманда жашап жатабыз. Мурда элди ак сөөк, билги, көсөм адам башкарчу. Азыр мамлекетти акчанын кулдары башкарып калды. Айрым министрликтерде өлгөн адамдарды тирүү деп, алардын айлыгын алып жүргөндөр бар. Муну мен жакшы билем. Элге ак кызмат кылыш керек да, баары эле өз көмөчүнө күл тарткандар. Бир нерсе айтсаң, “буга кызмат керек” дешет. Ой, мен кызматты эмне кылам? Чыгармачылыксыз мен өлүп калам. Креслонун богун жейминби, күйгөнүмдөн айтып жатам. Толгонуп жатып бир жакшы чыгарма жаратып койсом, өлгөнүмдөн кийин менин ордума ошол сүйлөйт. Мага башканын эмне кереги бар?

– Жакында бир депутат айымды “мокочо” деп атадыңыз. Чындап күйүп кеттиңиз окшойт...

– Же кыргызча, же казакча, жок эле дегенде орусча өз оюн айта албай уят болду. Жөн эле бирөөнүн оюнуна куурчак болуп берди. Эми бизди ушулар башкарып калгандан кийин күйөсүң да. Ооба, айттым. Эмне кылам анан?

– Сиз үчүн сөз эркиндиги деген эмне?

– Кыргызда улуусу сүйлөйт, бүтүм чыгарат. Улуусу туура эмес айтса, кичүүсү өз оюн айтыш керек. Сөзгө маани берген элбиз. Мурда бир туура эмес сөз үчүн экиге бөлүнүп кетишкен. Көкүрөгүбүздө сөз эркиндиги, демократия уюп калган көчмөн элбиз. Ошону ооздуктайбыз деп жатышат. Биз казактардай же өзбектердей “куп, аке” деп отура албайбыз. Муну түшүнүү керек. Кыргыздын сөз эркиндигин да, башка эркиндигин да чектей алышпайт. Ошону өйдөдөгүлөр түшүнүшү керек. Кийин кеч болуп калат. Жарылат эл.

– Эки жолу жарылдык, эмнени жеңип, эмнеге жеттик?

– Анда бизде билим жок болчу. Кайра эле бийликке келемиш менен чөөлөр келип алышты. Бул жолу жарылса башкача болот.

“Кыргыздын коду” деген кепти көп айтасыз, ал эмне болгон код? Мисалы, балдарыма кантип ошол кодду үйрөтүшүм керек?

– Түйүлдүк курсакта кезинде үйрөтүш керек. Мээрим төгүп, аны менен сүйлөшүп, эркек бала болсо “баатырым”, кыз болсо “акыл карачачым” деп эркелетиш керек. Мурун энелерибиз бешик ырын эмнеге ырдашкан, билесиңби? Ыргагында кыргыздын коду бар. Аны бешикте жатып уккан баланын улуту, көөдөнү ойгонот. Жомоктордо кыргыздын коду бар. Азыр ким ошентип тарбиялап жатат? Балдардын колунда телефон, андан Маша чыгат. Апасы баланы телефон менен эптеп алаксыта салып, өзү түрк же корей сериалын көрүп отурат. Жыйынтыгында тигини же муну кабыл албаган, көкүрөгү көр, туюму алсыз баланы тарбиялап жатабыз. Майда моторикасын өнүктүрөбүз деп укмуш оюнчуктарды алып беришет, ал чүкө эле да. Топ таш ойнотуш керек.

Бала 5 жашка чыкканча нукура кыргыз тилин үйрөнмөйүнчө башка тилди жолотпой туруш керек. Өзү тилге шыктуу калкпыз, кийин деле үйрөнүп кетет. Бала төрөлгөндө бизде сары май менен оозантышкан, бул да генетикалык кодду ойготуунун ыкмасы. Сары май барат да баланын мээсинде “сен кыргызсың” деп сигнал берет. Эненин уузу менен оозантат, кийин эмчек сүтүн берет. Сүт менен балдарга улуттун маалыматтары барат. Ден соолугу чың болот, вирус деген нерселер коркунучтуу болбойт. Азыр энелер эмчек эмизбей кургак сүт берип балдарын ошол коддон айрып жатышканын түшүнүшпөйт. Чоңойгондо жайлоого айдаш керек, ошол жерден табият менен жуурулушуу жүрөт. Мунун баары эле код.

Кээде карап турсам, айрым жаштардын эркек же кыз экени билинбейт. Бери караса, кичине ким экенин боолголоп каласың. Батыштын шымдарын кийип, кытайдын тамагын ичип кыргыздын кодун жоготуп жатпайбызбы? Кыз бала көйнөк кийиши керек, узун юбка менен жерден энергия чогултуп алат. Назик болот. Табиятын жоготпойт. Аял бактылуу болушу керек. Эне бактылуу болбосо, бала эч качан бактылуу болбойт.

– Эл артисти Курмангазы Азыкбаев бул ысымга, даражага кантип жетти?

– Кудай менин чекемден өөп койгон. Талантым менен көп жер кыдырдым. Мени башында чет өлкөдө теңине албай жүрүшчү. “Кодойгон бир азиат эмне көрсөтө алат?” дегендей карашчу. Аспаптарымды чачып туруп ойноп баштаганда еврейиң да, америкалыгың да оозун ачат. 50 музыкалык аспаптын 37син профессионалдык деңгээлде ойнойм. “Ооба, тоодон түштүм. Тоодон түшкөнүм үчүн ушул жан дүйнөгө, өнөргө ээлик кылам” деп аларга сыймыктануу менен айтам. Бирок чынын айтыш керек, чет өлкөлүктөр ооздорун ачып, алаканына салып бааласа, кыргызым баалай албады. Казактардын мурдагы ажосу Нурсултан Назарбаев ыраматылык Элмирбек Иманалиев экөөбүздү дайыма жанына алып жүрчү. Бир жолу “бир музыкалык аспабыңды казактыкы деп таштап кетчи” деп суранды. Албетте, бекер эмес. “Бербейм, кыргыздын аспабы бул. Ата-бабамдын сөөгү сыздап кетпейби” деп төрт балама аспаптарымды килейген чемоданга салдырып сүйрөп кеткем.

– Материалдык байлыкка эч качан берилген жоксузбу?

“Байып кетсем кандай болуп калар экем?” деп ойлочумун. Байлыктын кумарына кирип кетсең, руханий дүйнөң ачка калат экен. Ажыдаар соруп кеткендей эле кирип кетет тура. Бардыгы бар, бирок чыгармачылык “кайф”, толгонууң кана? Карайлап калат экенсиң. Мени Кудай өзү эле теңдеп койду. Эл классиканы укпай, той ырларына өтүп кетти. Филармония мени жумушка албай койду, башкасы да алган жок. Бетке айткан адамдын аларга кереги жок. Ошол боюнча иши жок жүрөм. Менде 100дөн ашык улуттун музыкасы бар. Ак үй болобу, башка болобу чет өлкөдөн өкүлдөр келсе аргасыз бизди чакырат. “Кайра эле Курмангазынын үй-бүлөсү боло береби?” дешет. Бирок баш тартканга чамасы да жок. Уулдарым Нургазы 22 аспапта, Нурсултан 12 аспапта ойнойт. Нурайымды эми айтпай эле коёюн. Үй-бүлөм менен оркестр болуп жатпайбызбы? “Кара тизмеге” киргизгендери менен, кайра чыгарышат.

Неберелериңизден сиздей чыга турганы барбы?

– Нургазы баламдын экинчи баласы Актандан, Нурайымдын кызы Аруукеден чыгат. Азыртадан экөөндө идирек бар.

– Сиздин дүйнөңүздү каза берген чоң ырахат экен. Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Suren
2020-07-06 22:09:56
Кыргыз элинин сыймыгы, кыргыздын таалайына жаралган мыкты талант! Барктай журолу. Омурунузду Кудай узун кылсын.
+3
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан