ЯПОН ПОЛИЦИЯСЫ МЫШЫККА РАХМАТ АЙТТЫ

Япониянын Тояма шаарынын полициясы адам өмүрүн сактап калган мышыкка ыраазычылык билдирди. Окуяны жергиликтүү басылмалар жазышты.

Тояма шаарынын тургуну сейилдөөдөн келе жатып кошунасынын Коко аттуу мышыгы канал жакты карап алып мыёолоп жатканын байкаган. Мышыктын жанына барган аял арыктын ичинде эс-учун билбей жаткан улгайган кишини көргөн. Арыктын тереңдиги 40 сантиметрдей жана анын ичинде суу болгон. Аял жакын жерде жашаган кызын жардамга чакырган. Экөөлөп жабырлануучуну чыгара албай жатышканда жардамга Коконун кожойкеси Томоко Нитта аттуу аял 2 баласын ээрчитип келген. Бешөөлөп жатып адамды чыгарып алышкан, ал денесиндеги жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

27-июнда адамды кырсыктан куткарган 5 тургун тең полициянын ыраазычылык катына ээ болушкан. Ал эми Кокону полиция мышыктын тамагы менен сыйлады.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан