Нидерландыдагы айылдардын биринде жашаган кемпирдин үйүндөгү чаң басып жаткан ваза 11 миллион 600 миң долларга бааланды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Алыскы айылдардын биринде жашаган улгайган аял Йохан Бош ван Розенталь аттуу искусство таануучуну чакырып, үйүндөгү шкафта сакталып турган эски вазага баа коюп берүүсүн өтүнгөн.
Бош ван Розенталь чакырууга барып, вазаны көргөндө эле илгерки баалуу буюм экенин түшүнгөн. Фарфор ваза XVIII кылымдагы Кытайдын Цин династиясындагы чыгыш керамикасын жыйнаган коллекционер Гарри Граднерге таандык болгон. Искусство таануучу вазанын 1742-жылдарга таандык экенин аныктаган. Аукциончулар болсо вазаны 9-11,6 миллион долларга (болжол менен 673 042,85 миллион сом) баалашкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg