КОРЕЙ ТОЛКУНУ БИЗДИН ЖЭЭКТЕ

Учурда Кореянын сериалдары модада.Жаштардын көбү андагы каармандар менен кошо ыйлап, күлкүлүү окуяларына каткырып, романтикага кошо чулганып жаткан учуру. Эмесе, “Мыкты жигиттер” тасмасында далай жаштарды уйкусуз калтырган каармандар Ку Хе Сон (Гым Чан Ди) жана Ли Мин Хо (Гу Чжун Пё) тууралуу.

КУ ХЕ СОН
Туулган жери – Инчхон, Түштүк Корея
Туулган жылы – 1984-жыл, 9-ноябрь
Бою – 163 см
Салмагы – 42 кг
Билими – Сеул искусство институтунун радио жана телекөрсөтүү бөлүмүн бүтүргөн
Хоббиси – Ырдоо, сүрөт тартуу
Учурда – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Мыкты жигиттер”, “Король жана мен”, “Со Дон”, "Нон-стоп 5"

УСТАТТЫ УГУУ КЕРЕК
“Мыкты жигиттер” тасмасында Чан Ди менен кошо ыйлаган күндөрүңүз болдубу? Таанышып алыңыз, баарыбызга 100 пайыз позитив тартуулаган актрисанын аты-жөнү – Ку Хе Сон. Анын кыйындыгын ушундан билиңиз, кыска мөөнөттүн ичинде бүтүндөй Азияны багындыра алды. Актриса Түштүк Кореянын Инчхон шаарында туулган. Ку Хе Сон үй-бүлөдөгү экинчи кыз. Ата-энеси жана эжеси актрисанын ийгилигине кубанып турушат.
Кичине кезинде Хе Сон ырчы болгусу келчү. Бул максаты ал үчүн өтө ыйык эле. Натыйжада өзү окуган колледжде достору менен вокалдык топ түзүүгө жетишет. Бирок көңүл ачуу борборунун жетекчиси Ян Хен Сок “сенин жан дүйнөң музыкага жакын болгону менен, келечегиң актрисалык” деп айткан. Устатынын сөзү менен Хе Сон 2004-жылы “Анаграмма” аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми 2009-жылы тартылган “Мыкты жигиттер” тасмасы ага атак алып келди. Автограф сурагандар, аны көрүү үчүн узун кезекке турган күйөрмандары тууралуу айтпай эле коёлу. Актрисанын бетиндеги уяча кооздогон жылмаюусу Кореяны каптап, “Биздин Чан Ди” деген көрнөктөр шаардын ар кайсы жерине илинген.

ИЙГИЛИКТИН СЫРЫ – ПОЗИТИВ
Атактуулукту багындырган актрисанын энергиясына таң кала берсеңиз болот. 2009-жылдын 1-апрелинде анын “Танго” аттуу китеби жарык көрдү. Жаш жазуучунун бул биринчи романы 30 миң нускада басылып, Хе Сон аздыр-көптүр жазуучу катары тааныла алды. Китепте кыйынчылыкка туш болгон жаш кыздын тагдыры сүрөттөлөт. Кай бири муну “Мыкты жигиттер” тасмасындагы сюжет” деп да айтып келишет.
Хе Сон муну менен эле тынчып калган жок. “Кубанычтуу официант” аттуу кыска метраждуу тасма тартып, ал тасмага өзү режиссёр, сценарист, композитор болгонго жетишти. Хе Сондун бул тасмасы Азия кинофестивалында көрсөтүлүп, “Элдин сүйүктүү тасмасы” сыйлыгын жеңип алды. Баса, Хе Сондун дагы бир таланты бар. Ал – сүрөтчүлүк. Ал 2009-жылдын 1-июлунда Сеулда “Танго” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсүн элге тартуулаган. Ага достору жана кесиптештери Ли Мин Хо менен Ким Сан Бо сюрприз даярдап, куттуктап келишкен. Ага удаа "Дем алуу" деген альбомун чыгарганга үлгүргөн. Актрисанын ийгиликтеринен улам журналисттер “сенин ийгилигиңдин сыры эмнеде?” деп көп сурашат. Буга Хе Сондун табышмактуу жылмаюусу гана жооп боло алат.

“МЕН КУШМУН”
Хе Сон өзүнүн жеке турмушу тууралуу көп айткысы келбейт. Бирок чыгармачылыгы тууралуу сүйлөгөндөн рахат алат. Эмесе, Хе Сон өзү тууралуу кабарлайт...
“Мен роль аткарганда өзүмдү капканга түшкөндөй сезем. Жан дүйнөмдөгү көп эмоцияны бере албай, режиссёрдун айтканы менен гана чектелип калам. Кийин гана режиссёр болгонумда эркиндик эмне экенин түшүндүм”.
“Менимче, мен мурунку жашоомдо эркин куш болуп төрөлсөм керек. Кичинемден эле эркиндигимди чектеген адамдар – менин элдешкис душмандарым”.
“Көпчүлүк чыгармачыл адамдар бир гана нерсени көздөшөт. Мен эч качан бир нерсе менен чектеле албайм. Бир эле учурда сүрөтчү, жазуучу, актриса жана режиссёрмун. Бир сөз менен айтканда, искусство адамымын. Силердин Хе Сон так ушундай!”


ЛИ МИН ХО
Туулган жери – Сеул, Түштүк Корея
Туулган жылы – 1987-жыл, 22-июнь
Бою – 185 см
Салмагы – 69 кг
Бала кездеги кыялы – Атактуу футболчу болуу
Билими – Конкук университетинин кинематография бөлүмүн аяктаган
Хоббиси – Спорт менен машыгуу
Тартылган фильмдери – “Мыкты жигиттер” "Ойгон", "Биздин мектеп", "Жеке тандоом" жана башка

АРЫК ЖАНА УЯЛЧААК
"Мыкты жигиттердин" эң мыктысы, Чан Динин жүрөгүнө ээ болгон Гу Чжун Пёнун ролун аткарган актёр – Ли Мин Хо. Биздин эле борбор калаабызда бул жигиттин харизмасына арбалган бийкечтер миңдеп саналат. Таланттуу актёрдун апасы баласынын кичине кези тууралуу мындай интервью берген: “Мин Хо боюмда экенинде ачуу калемпир менен куурулган этке талгак болгом. Ошол учурда эле боюмдагы бала эркек экенин билгем. Кичине кезинде ал тез-тез ооруй берчү. Канча тамак жесе да семирчү эмес. Анын тили эрте чыккандыктан, “апа” деген сөздү төрт айында айткан. Үй-бүлөдө мага абдан жакын”.
Тасмада чириген байдын уулу Чжун Пёнун ролун аткарган Мин Хо чыныгы жашоодо карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Алардын үй-бүлөсү чакан маяна менен жашайт. Мин Хо апасы берген акчаны үнөмдөп, майрам сайын ага гүл белек кылганды жакшы көрөт. Баса, актёр болуу Мин Хонун планында жок нерсе эле. Ал футболго кызыгып, төрт жыл футбол менен алектенген. Бирок келишимдүү келбети менен көзгө илинген Мин Хого актёр же модель болуу сунуштары түшө баштаган.

БИРИНЧИ ГОНОРАРЫНА АПАСЫНА ҮЙ АЛЫП БЕРГЕН
Мин Хо мектепти бүткөндөн кийин журналда модель катары иштей баштайт. Анын алгачкы эмгек маянасы 50 000 вонду түзгөн. Алгачкы жылдагы гонорарын чогултуп, апасына белек тартуулайт. Ал – учурдагы ыңгайлуу квартиралардын бири. Ушундан баштап ар кандай долбоорлорго катышып, актёрлук кесибин баштайт. Аны популярдуулуктун туу чокусуна жеткирген тасма, албетте, “Мыкты жигиттер”.

БОЙДОКПУ?
Популярдуулуктун биринчи баскычында эле Мин Хону ушактар ээрчий баштаган. Анын бири – “Кан Мин Гён аттуу тележылдыз менен сүйүү романы бар” деген ушак. Алтургай экөөнүн төшөктө жаткан сүрөттөрү да интернет булактарында пайда болгон. Бул маалыматты четке каккан актёр кино тартып жатканда уктап калгандыктан, бирөө тартып алып монтаж жасаганын, өзү Кан Мин Гён менен достук байланышта экенин айткан. Ошентип, кыздар, сиз сүйгөн каармандын жүрөгү да, жүгөнү да бош.

УЧУРДА...
Сүйүктүү каарманыбыз жакында автокырсыкка кабылып, бутун кокустатып алды. Ошондуктан фильмге тартылуу сунуштарын кабыл ала элек. Бош учурунда англис жана япон тилин үйрөнүү менен алек. Белгилүү актёр болгону менен, Мин Хонун жашоосу жөнөкөй. Ал күнүгө апасынын таттуу тамагын ичип, эжеси менен тамашалашып, интернет аркылуу күйөрмандары менен баарлашат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Gulzada
2010-09-18 21:35:54
Lee Min Ho учун мен аябай кубанычтамын! Min Ho СУУУУУУУУУУУУУПЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕЕР!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
ZemiCH
2010-09-19 14:35:17
Korea kinoloru menen Koreanyn 4ynygy jashoosu asman menen jerdei. Alar 4ynygy jashoodo suiuu emne ekenin bilishpeit, kyzdary tolko ak4aga karap uilonushot. Oshonduktan Koreada jashy otup kalgan dale uilono elek myrzalar abdan kop.
0
meerimkameerim
2010-09-23 14:18:57
Бул тасма мага абдан жакты! Бирок балдары кызга окшош!
0
Дикуся
2010-10-27 13:23:24
Омурумдо ушундай сонун кинону биринчи корушум
0
lider-kg
2010-11-15 06:45:35
биз кыргыздар жасалмасы жок чыныгы эркекче кино тартып салабыз бизделе назик болуп аткарсак онугобуз
0
Kiza
2010-12-14 13:35:11
мага Чжун Пе жагат
0
ayokokim
2011-01-02 16:17:26
блиин, написали бы такие же статьи про Ким Хен Джунга, Ким Джуна
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан