РЕЖИССЁР БАКЫТ КАРАГУЛОВ КАЗА БОЛДУ

27-июнь күнү 70 жаш курагында Кыргыз Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, сценарист, публицист, «Кыргызфильм» фондунун директору Бакыт Карагулов катуу оорудан кийин дүйнө салды.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Режиссёр «Токтогулдун урпактары», «Биринчи генерал», «Тынчы жок күндүн жылдары», «Айылдагы фабрика», «Бадам качан гүлдөйт?», «Атчандын көлөкөсү», «Айтматовдун ааламы» жана башка даректүү тасмаларды тарткан. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун «Келгин куштун ыйы» («Бетме-бет» повестинин негизинде), «Бороондуу бекет», «Саманчынын жолу», «Найман эненин ыйы» чыгармаларын экрандаштырган.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бакыт Карагуловдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын азасын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан