(Башы өткөн сандарда)
Аяна үчүн ушул жаз оор болду. Кандай кылса да Искендердин элесин көз алдынан кетире албай койду. Кудум аба жетпей жаткандай сезилчү болду. Жок дегенде машинасын көргөнгө зар. Канчалык оор болсо да, бир секунд дагы аны күнөөлөгөн жок. “Мен сүйдүм, артынан ээрчидим. Азыр жазасын тартып жатам. Бир аз убакыт өтсө жеңилдеп калармын. Аяна, сен бир аз күчтүү бол. Аркасынан ээрчип, издеп кетпе. Жакында бүтүшү керек”. Өзүнө өзү ушул сөздөрдү айтып жатты. Бирок жашоо сюрприздерге бай эмеспи. Ал кош бойлуу болуп калганын кийин билди.
– Сен көп тамак ичип калдың,- деди сиңдиси бир күнү таң кала.
– Жок, ай, андай деле эмес.
– Эже, сен бир текшерилип көрсөң кантет?- деди сиңдиси ого бетер тынчсыздана.
– Эмне деп жатасың?
– Билбейм, боюңда болушу мүмкүнбү?
Аяна какап кетти. Сиңдиси, болгондо да мектеп окуучусу муну айтат деп эч күткөн эмес эле. Эмне дээрин билбей отуруп калды.
– Эже, мен билем. Искендер байке экөөңөрдүн ортоңордо болгон нерсени билем. Кичинекей кыз эмесмин го. Сен ошондон бери өзүңө келе албай жүрөсүң. Балким...
– Дөөрүбөчү...
– Чын айтам, эже.
Аяна жалгыз калды. Бөлмөнүн ичинде ары басат, бери басат, ичин кармалайт. Мүмкүнбү? Боюнда болушу мүмкүнбү? Чекеси тердеп кетти. Шарт кийине калып дарыканага барды да, тест сатып келди. Эки бутун кучактап күтүп отурду. Эки-үч мүнөт ага кылымдай сезилди. Бир аздан кийин эки кызыл сызык сызылып чыга келди. Мына сага! Ичин кучактаган боюнча дендароо боло түштү. Жүзү албырып чыкты. Ыйлаарын же кубанарын билбей, бир топко отурду. Искендердин баласы! Искендерди өздүк кыла албаса да, баласы аныкы болот. Бирок кантип? Ушул бир бөлмөлүү батирде аны кантип чоңойтот? Эртең эл “баланын атасы ким?” деп сурайт. Ага эмне деген жооп айтат? Деги эле жалгыз бой баланы тарбиялап чоңойто алабы? Коркунуч каптап кетти. Ойлору ала сала бирин-бири кубалап жөнөдү. Мындайда ээ болуп көр. Акыл айткан да жанында адамы жок эле. Бул дүйнөдө Салимадан башка эч кимиси жок болчу.
ххх
Салима көк бет болчу. Изилдеп, сураштырып отуруп акыры энесинин дарегин тапты. Коркуп эки жагын карап алды да, шалдыраган дарбазаны түрттү. Ар жерде таштанды жаткан узун бир үй болчу. Четтен бирөө чыкты эле, ага үн катты.
– Байке, ушу жерде Бактыгүл деген аял жашайбы?
– Бактыгүлдөр толтура, кайсынысын сурап жатасың?- деп тиги бурк этти.
– Өмүралиева Бактыгүл. Мына бул сүрөттөгү аял.
Колундагы сүрөт апасынын жаш кези болчу. Сүрөттөгү бейкапар күлүп турган сулуу аялды карап тиги баш чайкады.
– Билбейм, мындай аялды көргөн эмесмин.
– Бирок ушу жерде жашайт дешти.
Тиги киши ийинин куушуруп кирип кетти. Ал жолу тапкан жок.
ххх
Аяна ооруканага келди.
– Сен бала ушунча чоңойгончо каякта жүрдүң?
– Билген эмесмин, эже, эптеп бир нерсе кылып...
– Аяна, сен жашсың. Балага төрт ай болуп калыптыр. Алдырып салсаң, экинчи балалуу болбой калышың мүмкүн.
– Эже, айлам жок,- деди ал эрдин бек кымтып.
– Издесең бир жол табылат. Өмүр бою өкүнүп калгыча азыр ойлон.
– Мен ойлондум, эже, башка айлам жок. Салиманы бутуна тургузушум керек.
– Баланын атасы ким деп сурабай эле коёюнбу?
– Ооба.
– Жылчык жокпу?
– Жок.
– Макул, эртең менен кел, анализ тапшырасың.
Аяна ордунан араң туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Эртең баары бүтөт. Жаңы турмушту баштайт. Москвага кетет. Салима окуусун бүтсө эле кетет. Бул жерде эмне болгонун, Искендер деген адамды, ага болгон сүйүүсүн унутат. Баарын унутат. Бир аз убакыт калды.
Үйгө келсе Салима телефон чукулап отурган экен. Маанайы жоктой.
– Сага эмне болду?
– Эч нерсе.
– Бери карачы, ыйлаптырсың го?
– Апабызды издедим. Тапкан жокмун.
– Кайра баштадыңбы?
– Сен эч нерсени түшүнбөйсүң. Ал мага керек. Кандай абалда болсо да керек. Сен... Сен сагынган жоксуңбу? Мен сагындым, өз апамды сагындым. Жүрөгүм жарылып кетчүдөй сагындым. Аны көргүм келет. Сүйлөшкүм келет, кандай адам болду экен деп түнү менен ойлонуп чыгам. Сенде эч кандай сезим жокпу?
– Билбейм, Салимаш. Мен деле сагынсам керек. Ал мага азыр аябай керек. Мен андан бир эле суроомо жооп алгым келет. Мен сагынсам керек, бирок мен...
Аяна андан ары улай албады. Ичиндеги дартты мындан ары жапканга да, токтотконго да болбоду. Ыйлап жиберди. Экөө кучакташып ыйлап жатышты. Түн бир оокумда туруп сиңдисинин жаштуу көздөрүн өптү. “Мен да бул жарыкка биздей болуп атага зар болгон бала алып келишим керекпи? Өмүр бою өксүк болушуна уруксат беришим керекпи?” деди ичинен.
Эртең менен кайрадан ооруканага жөнөдү. УЗИден текшерип жаткан врачтын өңү өзгөрүлө түштү. Көпкө карады. Улам өлчөп, ичинен сүйлөнүп жатты. Текшерүү бүткөндөн кийин столуна отурду да, Аянанын алдына кагазды койду.
– Кара, жакшылап кара. Дени сак, эгиз эркек баланын өмүрүн кыйганы жатасың. Канчалаган аялдар өмүр бою эңсеп, жетпей жүргөн наристелерди сен өз колуң менен өлтүргөнү жатасың.
– Э-эгизби?
– Эгиз экен.
Сүрөттө эки чекит. Аяна тиктеп турду. Сүрөттүн бир касиети бар сыяктуу, эч көзүн албай тиктеп отура берди. Эркек, эки уул!
– Менин сага кеңешим. 15 жылдан бери бир аял мага келип жүрөт. ЭКО да кылып көрдү, болбоду. Кудайга ыраазы болуп эле алып алышат. Колунда бар, күйөөсү экөө тең жакшы немелер. Эч болбосо ошолорго бер. Убал болот. Каалаган суммаңды беришет.
– Жок! Мен төрөйм. Дүйнө терс айланып кетсе да мен бул балдарды төрөйм,- деди көзүндөгү жашын аарчыган кыз.
– Мына, азаматсың! Башында бир аз кыйын болот. Бирок аялдар кыйын келебиз. Эки балага эки эсе күчтүү болуп чыга келебиз. Коркпо, баары жакшы болот. Мен сендей жаш кезде акылсыздык кылдым. Өмүр бою балага зар болдум. Кийин мага рахмат айтасың. Азыр болсо үйүңө бар. Жакшылап укта. Өзүңдү кара, витаминдерди ал.
– Рахмат, эже.
– Рахматыңды кийин айтасың. Болду эми, ыйлаба.
Аяна сыртка чыкты. Жаздын илеби мурдуна ура берди. Жаштуу көздөрү менен асманга тигилди. Чаңкайып көпкөк. Жашагың келет. Эсине Искендер келди. “Сен күчтүүсүң. Анчалык күчтүү болуштун кереги жок”, “Мени унут, кичинекей”, “Сенин жолуң ачык болот, сен болгону ишен”. Дагы далай сөздөрдү айткан. Кызык, эгерде азыр эгиз уулдуу болорун билсе эмне демек? Сүйүнмөк беле, же?
Аяна чечкиндүү башын чулгуп алды. Ал бир сөз айтты. Жолуна тоскоол болбойм деди. Демек, сөзүнө турушу керек.
ххх
Аяна ошол күндөн баштап жан талаша жашоо үчүн күрөшө баштады. Ичи чоңойгончо салондордо иштеп жүрдү. Кийин ар кимдин үйүнө барып кызмат кылчу. Ичи чоңойгон сайын кардарлары көбөйүп, аты тааныла баштады. Ансайын эмгектенди. Ансайын окуп, ийне-жибине чейин анализдеп, тез эле мыкты косметологдордун катарына кирди. Кошумча кардарларды боёп да акча тапчу. Бир жолу чакыруу боюнча барып калды. Мурун барып жүргөн эле кардары эле, бирок ал Искендердин аялынын курбусу экени такыр оюна келген эмес. Эшикти ачып эле чакчайып токтоп калды. Алдында сүрөттөн көп жолу көргөн Искендердин аялы турган эле. Теңселе түштү...
Курган аял эч нерсени түшүнгөн жок. Көздөрү бакырайган жапжаш кыз ага эмнеге бакырая тигилгенин, ичин эрксизден колдору менен калкалай калганын сезбеди. Жөн эле кадимки аялзаты катары анын жаштыгына, сулуулугуна суктанып турду.
– Канча ай болуп калды?-деди ал кызыга.
– Жакында...
Кыз тез-тезден ишин бүтүрүп чыгып кеткенге далалат кылып жатты. Аңгыча Айтургандын телефону шыңгырап калды.
– Искендер, мен Айнураныкында отурам. Кааласаң бул жакка келип ала кет. Иштериң көп болсо жөн эле кой, өзүм барам. Макул, жаным,-деп сүйлөшүп бүтүп курбусун карады.
–Искендер чарчаптыр, үйгө бара бер дедим.
– Биздикине келип кетсе болмок.
Аянанын көздөрү бакырая түштү. Мурдуна жетип турган курсагы менен анын көзүнө көрүнүшү эле калды эле. Ого бетер тез-тезден кыймылдай баштады. Ошол убакыттын созулганы, ай. Ишин бүтүп сыртка чыккан Аяна жеңил дем алды. Ичин сылап алды.
– Атаңар жок. Мени кечиргиле, балдарым, мен силер тууралуу ага айта албайм. Биз атаңарсыз жаңы жашоо баштайбыз. Бул жерден алыста жаңы жашоо баштайбыз. Баары жакшы болот...
(Уландысы кийинки санда)