"ПАДЫША" ЛЕБРОН ЖЕЙМС

Леброн Жеймс... Баскетбол дегенде ойго келе турган каармандардын бири. Ал дайыма тарых жаратуунун үстүндө. Анда кеп УБАнын эң мыкты оюнчусу – "падыша" Жеймс тууралуу болсун.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1984-жыл, 30-декабрь

Туулган жери – АКШ, Огайо штаты, Акрон шаары

Бою – 206 сантиметр

Салмагы – 113 килограмм

Лакап аты – Падыша Жеймс

Ойногон клубдары – “Кливленд Кавальерс” (2003-2010), “Маями Хит” (2010-2014), “Кливленд Кавальерс” (2014-2018), “Лос-Анжелес Лейкерс” (2018-жылдан тартып)

Баскетбол боюнча АКШ курама командасынын жана УБАда (Улуттук баскетбол ассоциациясы) “Лос-Анжелес Лейкерс” баскетбол клубунун оюнчусу. 2 жолку Олимпиада чемпиону (Пекин-2008, Лондон-2012), Америка чемпиону (2007), УБАнын 3 жолку чемпиону.

КӨЧҮП-КОНУУ МЕНЕН ӨТКӨН БАЛАЛЫК

Лебронду кыйынчылыкта өткөн балалык чыйралткан. Апасы Глория Жеймс уулун 16 жашында төрөгөн. Атасы менен кош бойлуу кезинде эле ажырашып кеткен. Атасы курсакта калган баласынан эч качан кабар алган эмес. Ачка калган, жетишпеген өп-чап турмуш эне-баланы бир топ калчаган. Жокчулуктун айынан батир акысын төлөй албай, жыл ичинде 6-7 жолу орун которуп жашоого туура келчү. Леброн мектеп алмаштыруудан абдан тажайт. Ал тургай бир мектептен дос күтүп, таанышууга үлгүрчү эмес. Ал эми 4-классында апасы коомдук тартипти бузуп, абакка 1 апта отуруп чыгат. Классташтарына шылдың болууну каалабаган Леброн жарым жыл сабакка баруудан баш тарткан. Кандай кыйынчылык болбосун көчө балдарына кошулуп уурдап-тоноо сыяктуу жаман жорук жасоо ал үчүн эмес экенин туйчу.

10 жашынан спортко кызыгуусу күчөйт. Алгач Америка футболунда мыкты оюн көрсөтүп, ылдамдыгы жана координациясы менен теңтуштарынан айырмаланган. Жеймстин жөндөмүн байкаган машыктыруучу аны балдар командасына алган. Дал ушул жерден Леброн машыктыруучу Фрэнк Уокер менен таанышып калат. Анын спортко болгон шыгы, зиректиги Фрэнктин да купулуна толот. Көп өтпөй апасы Глория кезектеги көчүүгө камынат. Муну уккан Фрэнк баланы өз үйүнө алып калууну сунуштайт. Эне-балага өзүнчө жашоо оор болгону менен, шартка жараша ушундай кылыш керек эле.

Бул чечим сабактарды калтырбоого эле шарт түзбөстөн, баскетболдо тарых жаратууга чоң өбөлгө түзгөн. Фрэнк футболдон кийин дайыма Лебронду алып калып, экөө баскетбол ойношчу. Ал болочок спортчунун бир дагы ыкманы куру кетирбей, оюнду бат өздөштүргөнүнө баа берген.

Леброн Америка футболу менен баскетболду бирге алып кетет. Футболдон алган жаракаты аны биротоло баскетболду тандоосуна түрткү болот.

БАСКЕТБОЛ ЖАНА ЛЕБРОН

Форвард 2003-жылы болгон драфтта атаандаштарынан озуп, УБАнын «Кливленд Кавальерс» клубуна кабыл алынат. Клуб Жеймске 23 номерин ыйгарат. Ал дебюттук оюнда эле УБАнын тарыхында жаңы экенине карабай 25 упай топтоп, 9 салымга өбөлгө түзгөн алгачкы оюнчу болууга жетишкен. Ошентип профессионалдык карьера ийгиликтүү башталат. Леброн ойногон жылдары «Кливленд Кавальерс» Баскетбол ассоциациясындагы 10 мыкты команданын катарына кирген.

Жеймс 2010-жылы «Майами Хит» клубу менен келишим түзгөнүн жар салат. 2011-жылы дагы тарых жаратып, баскетбол жылдыздарынын оюнунда трипл-дабл (29 упай, 12 топту алдашуу, 10 өткөрүп берүү) жасоого үлгүрөт. Ага чейин трипл-даблды 1997-жылы Майкл Жордан жасаган. Леброн “Майами Хитте” өткөргөн төрт жылында УБАнын 2 жолку чемпиону болуп, 2 жолу УБАда “Финалдын жана сезондун эң мыкты оюнчусу” наамына ээ болот. 2013-жылы 20 миң упай топтогон эң жаш спортчу аталган. Анда Леброн 28 жашта болгон. Ага чейин мындай ийгиликти 29 жашында Коби Брайант жараткан.

“Майаминин” курамында ийгиликтүү өткөргөн 4 сезондон кийин Жеймс кайрадан «Кливленд Кавальерс» менен келишим түзөт. Ошол сезондо клуб УБАнын финалына чейин жетсе, 2016-жылы тарыхында биринчи жолу “Кавальерс” УБАнын чемпиону болот.

Ал эми 2018-жылдын июль айынан тартып Жеймс «Лос-Анжелес Лейкерс» клубу менен төрт жылдык, суммасы 154 миллион долларлык келишимге кол койгон. Ага чейин «Кливленд Кавальерстин» 35,6 миллиондук сунушунан баш тарткан.

ТОП-5. ПАДЫША ТАКТЫНЫ КӨЗДӨЙ

Леброн УБАдагы оюндарында топтогон упайларынын саны боюнча Майкл Жордан, Коби Брайантты ашып өтүп, 3-саптан орун алды. Упайлардын саны Жордандан ашканда мындай дегени бар: “Бала кезимде мага позитив, эргүү керек болчу. Мага бул нерселерди Жордан бере алды. Дайыма аны алыстан карап турар элем. Ага ушунчалык окшошкум келчү. Айлампага алыстан топ ыргытсам, балдар мени Жорданды карагандай суктануу менен карашса дечүмүн. Бирок азыр Жорданды ашып өттүм, бул акылга сыйгыс нерсе”.

Спортчу 35 жашта болгону менен, мыкты деңгээлде ойноп келет. Жаракаттан алыс болсо бүтүндөй тарыхты жаңылап, Карим Абдул-Жаббардын түбөлүктүү рекордун басып өтүүсү толук мүмкүн. Падыша тактыга жетүү үчүн карьерасынын соңуна чейин дагы 4300дөн ашык упай топтошу керек.

Карим Абдул-Жаббар – 38 387

Карл Мэлоун – 36 928

Леброн Жеймс – 34 087

Коби Брайант – 33 643

Майкл Жордан – 32 292

ҮЙ-БҮЛӨ. УУЛУ ДА БАСКЕТБОЛЧУ

“Үй-бүлө мен үчүн өтө маанилүү. Жашоодогу ар бир чечимим үй-бүлөмдү эске алуу менен болот” деген спортчу убактысын жакындары менен өткөргөндү жактырат. Ал жубайы Саванна Бринсон менен мектеп жашынан бери бирге. Учурда 2 уул, 1 кызы бар. Үйлөнүү тою 2013-жылдын 14-сентябрында Сан-Диего шаарында өткөн. Леброндун улуу баласы Бронни Жеймс да келечекте баскетбол жылдызы болору бышык. Ал учурда 15 жашта. Мыкты ойнойт, атасынан кем калышпайт.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • «Forbes» басылмасынын рейтинги боюнча 2019-2020-жылдардын сезонундагы эң жогорку төлөмдүү УБАнын оюнчуларынын сап башында турат. Анын жалпы кирешеси – 92,4 миллион долларды түзөт. Маянасы – 37,4 миллион доллар, жарнамалык келишимдерден түшкөнү – 55 миллион доллар.
  • Баскетбол менен 3 жашында таанышкан. Ага Рождестводо апасы кичинекей баскетбол айлампасын жана топ белек кылган. Бул анын эң сүйүктүү оюнчугуна айланган.
  • Велосипед тепкенде өзүн эркин сезет. “Достор менен велосипед тепкен учурда канат өсүп кеткендей ырахаттанып, өзүбүздү ааламдын ээси болгондой сезчү элек” деген спортчу азыр да оюндарга велосипед менен барып келет. Туулуп-өскөн Акрон шаарына мектеп ачкан. Андагы ар бир окуучуга велосипед берүүнү салтка айландырган.
  • Спортчу кичинесинде рэпер, актёр, кээде Беверли-Хиллздин ханзаадасы болгусу келчү. Убакыттын өтүшү менен рэпер эмес, баскетбол падышасы болду. Балалык кыялын орундатып, тасма айдыңына да аралашкан жайы бар.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Daniy
2020-07-10 09:06:35
Бул рокорд баратат го ушундан жазбаса
0
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан