АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Оо бир топ отургандан кийин адам-жапайы тишин кычыратып, онтогондой болду да, тээ ары көздөй жөнөдү.
Аны күтүп турган Отунчу таң кала узатып карап кала берди. Тигил болсо урчукту айлана берип көрүнбөй калды.
Отунчу анын ички жан дүйнөсү кыйналып жаткандыгын сезип, токой тарапка отун чогултууга кете берди. Мезгил чак түш болгондо гана адам-жапайы Отунчуну таап келди. Унчукпай келди да чекесинен жыттап койду. Отунчу анын жүзүнөн кусалыктын залдарынын издерин окуду.
Адам-жапайы ошол күнү кечке түнөрүп жүрмөк беле ким билет, баарын аюу бузду. Токойдон кокустан аюу чыга калбаспы. Дал маңдайынан чыга калган буларга карап күркүрөп коё берди. Канчалык айбат көрсөткөнү менен, анын өтө эле картаң аюу экендигин билген адам-жапайы Отунчуну артына калкалай, аюуга сес көрсөттү. Көзү чанагынан чыга тостоюп, заары бетине чыккан адам-жапайы белин бүкүрөйтө аюу менен кармашууга даярдангандай. Отунчу бул тегеректеги аюуларды билчү, алар буга тийчү эмес. Бул аюу башка жактан ооп келген сыяктуу. Эсин жыя, артынып келаткан отун ичинен жоон бутакты адам-жапайыга кармата салды. Аюу кантсе да күчү жетпестигин сездиби, артына бурулуп кете берди. Отунчу мунун кайратын бааладыбы, айтор, башын көкүрөгүнө жөлөп, жылмайды. Тигил болсо мунун чекесинен жыттап койду. Ошентип, экөөнүн көңүлү ачыла түштү. Күн да ысып чыккандыктан, арыдагы өзөнгө сууга киринип, сергип алуу үчүн бет алышты.

ххх

Токой ээси бул экөөнө жаз алды менен тоо бооруна токой болор көчөт тиктирди. Алардын ичинде алманын да, теректин да, деги койчу, бир топ жемиш дарактарынын көчөтү бар эле.
Аларды сугаруу үчүн арык чаптырып, суу бурдурду. Кыялында бул көчөттөр жетилип, өзүнө канчалык киреше алып келерин эстеп, санаасында байыды да калды. Эми чөптү чаптырып, үйдүрүп алса, анан кышкыга көп отун чогулттуруп алса... Ушинтип токой ээсинин көңүлү шат жүрдү. Алтургай үч-төрт жолу марттыгы кармап, бышкан эттен экөөнө көп бөлдүрүп бердирди.
Анан кар түшөргө аз калганда бир күнү Отунчунун жыгылып түшкөнүн, көп баса албай калганын, атүгүл бир жолу адам-жапайыга көтөртүп алганын көрүп калды. Ооба, токойчу кош кат эле. Элдей болуп келиндерге аралашпагандыктан, бойго бүткөндө кандай болорун билчү эмес. Болгону, ички туюму менен бала төрөөрүн сезген.
Талгак тууралуу да түшүнүгү жок неме кычкыл алманы самап калгандыгын билген. Алманы эстегенде эле колдон иши түшүп, токой жакты карамай адат тапты. Анан эки жагын секин карап, алмалар көп өсчү жакты көздөй жөнөйт. Кычкыл алманы болушунча жеп, качан ыраазы болгондо жоолугуна да түйүп, кайтып келет. Анын бул адаты адам-жапайыга түшүнүксүз. Бирок ал да ичинен Отунчуда өзгөрүү болуп жатканын жана ичи чоңоюп баратканын сезип, ага көп үйрүлүп түшчү болду. Демек, жакында жашоосунда кезигер жаңылыкты күтө берсе болот...

ххх

Ошол кышта токой ээсинин жигиттери Отунчуну жыгач арабага салып, тээ алыс кыштоодогу анын бир досунукуна алпарып салышты. Токой ээсинин оюнда Отунчуну ошол жакта кыштатып, анан убагы келгенде эч кимге билгизбей төрөтүү. Анан баласын өлүп калды деп көрсөтпөй ээн талаага алпарып таштатуу. Отунчуну кайра алып келип, адам-жапайы экөөнү ишке чегүү турган эле. Ошентип, Отунчу кыштоодо кала берди...
Кышта кар жылдагыдан оор түштү. Убакыт өтсө да, Отунчу негедир кайрылып келе бербеди. Отунчуну жоктогон адам-жапайынын озондогон үнү айыл ичин жаңыртып, күнү тынчтык, түнү уйку бербей калды. Бооз малдар төл салып, койлор үркүп, жылкылар дүрбөп, бул жакты беймарал жойлоочу сүлөөсүн да, суусар да, карышкыр да, түлкү да жоголду.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
adelima
2011-09-02 21:13:35
токойчу кош кат эле дептир, отунчу деп жазбайбы! Токойчу эркек болгондон кийин
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан