Айжан Байжиева, актриса: «БОЛОТ ШАМШИЕВ МАГА АРНАП ЧЫГАРМА ЖАЗУУНУ КЫЯЛДАНГАН ЭКЕН»

Айжан Байжиева белгилүү жазуучу, драматург Мар Байжиев менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайгүл Алсеитованын эрке кызы. Эки атактуу инсандын таланттуу кызы ата-энеси, өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Каарманыма сыртынан көрүп көпчүлүк «стерва» деп баа беришет экен. Маектешип отуруп анын жөнөкөй, назик кыз экенине ынандым.

Туулган жылы – 1988-жыл, 12-май

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган

Тартылган тасмалары – «Умей любить», «Чыңгызхандын ак булуту», «Ракета», «Эфир» жана башкалар

– Саламатсызбы? Карантин учурунда үйдө отургандар жакшы билсе керек, «Ракета» тасмасы улам теледен көрсөтүлүп жатты. Ушул тасмага кантип тартылып калганыңызды айтып берсеңиз...

– Салам! Тасманын режиссёру, сценаристтери Элдар Турдумамбетов менен Эркин Эгембердиев бул ролго көпкө чейин актриса издешиптир. Анан бир сайттан менин сүрөтүмдү көрүп калышып чакырышкан. Мени менен сүйлөшүп, бир айдан кийин тартуу башталарын айтышты. Тасманын сценарийи, анда терс каармандын ролун аткарарым жакты. Бирок көпкө чалышкан жок. «Башка актриса таап алышты го» деп ойлоп, узун чачымды кыркып салдым. Алар «чачыңа тийбе» дешкен эле. Бир айдан кийин чакырып калышты. Барсам «чачың кана?» деп аябай урушушту. Акыры кыска чачым менен тартылууга туура келди.

– Аккан арыктан суу агары бышык. Сиз да башка кесиптин ээси болгонуңузга карабай чыгармачылыктын дүйнөсүнө келип калыптырсыз...

– Ооба. Мен кичинемден эле театрда, гастролдордо жүрүп чоңойдум, апам ээрчитип алчу. Чыгармачылык көп көңүл бурууну талап кылат. Ата-энем үй-бүлөгө да, жумушуна да көңүл буруш керек болуп аябай чарчашчу. Аларды көрүп «бул оор иш турбайбы. Эч качан бул чөйрөгө барбаш керек» деп ойлончумун. Бирок жан дүйнөңө сиңип калат экен. Айланып келип мен да актрисалыкты тандап алдым. Мен «жылдыз болоюн, эл мени таанысын» деп тартылбайм. Мага камера алдында иштеген жагат. Ошол учурда көйгөйлөрүң унутулуп, ролго жуурулушуп, башка адам болуп калган жагат. Тасмага тартыла бергеним менен, сахнадан корком. Сахнанын сүрү күчтүү. Аябай чоң жоопкерчиликти талап кылат. Кинодо катаңды оңдоп, кайра тартылсаң болот. Сахнадан ката кетирбешиң керек.

– Ошондо театрда да ойногонду каалайт экенсиз да?

– Ушунчалык коркконум үчүн каалабайм. Театрда деле жөн эле жүргөндөр көп. Бирок чыныгы актёрлорду көрүп суктанам. Ролду ишендирип ойнош керек. Жаман адамдын ролун ойноп жатсаң, көрүүчү сени жек көрүп калгандай, жакшы кишинин ролун аткарсаң, көрүүчү сени сүйүп калгандай ойнош керек. Кичинемде апамды «Махабат жана өлүм» деген спектаклиндеги ролу үчүн жаман көрүп калчумун. Бул илгерки, хандар бир канча аял алган заманды чагылдырган спектакль. Апам хандын экинчи аялынын ролун ойноп, анын башка аялдарын ар кандай жол менен өлтүрөт. Бул спектакль экенин, андагы аял менин апам экенин билип турсам да, дайыма ушул спектаклди көргөндөн кийин апамды бир жумадай жек көрүп, «апа, жаныма жолобочу» деп ыйлачумун. Башка чоң кишилер деле спектаклден чыгып баратып «ий, тиги кандай жаман аял, ушундайларды кантип жер көтөрүп жүрөт?» деп сүйлөнүп кетишчү. Театрда ушинтип ролдун майын чыгарып ойнош керек.

– Актрисалык билим алууну ойлондуңуз беле?

– Москвадан актёрдук же режиссёрдук билим алгым келген. Бирок турмушка чыгып, балалуу болуп, бул оюм ишке ашпай калды. Анткен менен менин үйүмдө чоң университет бар да. Атам жазуучу, апам актриса. Чыгармачыл чөйрөдөгүлөр азыр да келип атамдан, апамдан сабак, кеңеш алып турушат. Кастингдерде «жаттап кел, эртең ойноп бересиң» деп текст беришкенде кээде «кандай ойношум керек?» деп апама кайрылам. Апам түндө уктатпай, мени даярдайт. Аягында чарчап, «каяктан сизге көрсөттүм эле?» дейм. Ата-энем ушундай тартипти катуу кармаган, талапты катуу койгон кишилер. Көпчүлүк «ошол адамдардын кызы болгону үчүн тасмаларга тартылып жүрөт» деп ойлошот. Бирок тааныш салып тасмаларга тартылып көрө элекмин. Айрымдар «сен ошол адамдардын кызы белең? Эмнеге айткан жоксуң?» дешет. Айтып эмне кылам? Ар бирибиздин өз жолубуз бар да. Айрым тасмаларга тартылганымды ата-энем телевизордон көрүп билишет. Анан ар бир кыймылыма сын айтып, баа берип турушат.

– Ата-энеңиз сизге кандай тарбия беришти?

– Катуу эркелетишкен жок. Бирок аябай мээрим төгүштү. Кыз киши кандай болушу керек, кандай эне, кандай эже болушу керек экендигин үйрөтүштү. Үйдө апам тартипке катуу, андан коркобуз. Улуу эжем 45ке чыкты. Азыр да «Айжан, апамдын маанайын карап койчу. Азыр чалып, баланча тууралуу айтсам эмне болот?» деп сурайт.

Атам адилеттүү адам. Ким күнөөлүү болсо, ошону жазалаш керек деп ойлойт. Менин мүнөзүм атамдыкына окшош. Атам дайыма «түбүңдү бил. Бирок эч качан көөп кетпе, жөнөкөй бол» дейт. Ата-энем азыркыга чейин «каякка барасың, ким менен барасың?» деп текшере беришет. «Мен эки балалуу болдум го. Дагы эле ушинте бересиңерби?» десем, «65ке чыксаң да ушинтип текшеребиз» дешет.

– Канча бир туугансыз?

– Атамдын да, апамдын да биринчи турмуштарынан 2ден балдары бар. Апамдын биринчи турмушундагы байкем, эжем менен чогуу чоңойдук. Бир туугандар жакшы мамиледебиз.

– Атактуунун кызы болуу сыймык менен катар чоң жоопкерчилик. Ал кайсы учурда көбүрөөк билинет?

– Ушундай адамдардын кызы болуп калганыма күнү-түнү сыймыктанам. Ата-энеме көз тийбесе экен деп тиленем. Бул жоопкерчилик, жаман иш жасамак түгүл, жаман ойлонбошум керек. Туура эмес сүйлөп албашым керек. Ал үчүн атайын аракет кылбайм. Бул сиңип калган тарбия.

– Кыялыңыздагы роль кайсы?

– Улуу режиссёр Болот Шамшиев менен каза болорунан 3-4 ай мурун бир иш-чарадан көрүшүп калып, көпкө чейин сүйлөшүп отурганбыз. Ал «Айжан, мага аябай жагасың. Сендей актриса жок. Өлүп калам го. Өлүп калбасам, атайын сага ылайыктап чыгарма жазам. Сулуу кыздар көп. Бирок сенин көздөрүң башкача. Көзүң менен баарын ачып берсең болот» деген. Ушундай залкар, айрымдар менен учурашпай койгон киши мени жанына отургузуп алып 3-4 саат сүйлөшүп, ушул сөздөрдү айткан эле. Балким, Болот Шамшиевдин мага арналган чыгармасы жаралып калганда ошол образды жаратууну кааламакмын. Ошондо көптөн бери Осмон Империясы тууралуу сериал тартууну кыялданып жүргөнүн, ишке ашып калса, ал сериалга да мени тартарын айткан. Бирок «өлүп калам го. Ага чейин жашабайм го» деген эле. Ал киши ошондо өлүм жакындаганын сезген окшойт.

– Жаткан жери жайлуу болсун. Сиздин ишиңизге ийгилик! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
BTFB93
2020-07-06 13:04:17
Чынында аябай сулуу экен. Менин кыздарым да сиздей ийгиликтүү, бактылуу болушса экен оо аллахым
+4
karabet
2020-07-06 16:53:07
бул ким ?
-4
Astra12
2020-07-06 17:58:21
karabet,ким экендиги жөнүндө кенен эле маалымат турат го
+5
Jamalym
2020-07-08 13:13:02
"Эфир"сериалы мага жакты.Актерлор да жакшы ойногон.Бул актриса белгилуу адамдардын кызы экенин билбеген экем.Бирок таланттуу актриса экен.
0
katerina.li
2020-07-09 19:15:51
Сендей актриса жок дегени мактаныч болуп кеттиго
+1
Konul-izdep
2020-07-10 03:04:08
katerina.li, Болот Шамшиевдин айткан созун айтып жатат мактанбай эле менимче
0
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан