(Башы өткөн сандарда)
Шашылыш жетип бардым. Жанагы жол тандабас жолдон чыгып, арыкка түшүп кетиптир. Эки бала анын ичинен бирөөнү көтөрүп бир жеңил машинага салышты да, бир жакка зуу коюшту. Ары жакта бир машина турат, маркасы кандай экенин билбедим. Жол тандабаска он метрдей жете бербей машинамды токтотуп, чуркап барсам Юлай менен 12-05 экөө жол тандабастын арткы орундугу тараптан бир нерсе издеп жатышыптыр. Юлай мени көрүп эле:
– Сен тигилердин чөнтөктөрүн карап, эмне болсо баарын ал. Эч нерсеси калбасын. Айрыкча рация сыяктуу байланыш аппараттарын кара,- деп машинанын аркы капталы жакты кол жаңсай көрсөтүп, кайра кирип кетти.
Жол тандабастын ары жагына өтсөм жерде төрт адам жатыптыр, бирөө аларга автомат такап турат. Жерде жаткандардын биринин башына тапанчамды такап:
– Кыймылдасаң, сүйлөсөң өлөсүң!- деп чөнтөктөрүн тинте баштадым. Тапанча, тамекинин кутусундай болгон рация, документтер, акча бар экен чөнтөгүндө. Моюнундагы алтын чынжырчасын, колундагы саатын, шакектерине чейин чечип алдым. Баарын тинтип чыктым, баарынан акча жана рация табылды. Айрымдарынын жанынан баңгизатка окшош ак түстүү зат табылды. Рациядан кабар берүүгө жетишиптир, чуркап барып Юлайга айтсам:
– Ооба, билем. Эки мүнөттүн ичинде кетип калышыбыз керек. Сен тигилердин рацияларын сууга ыргыт да, машинаңды жүргүзүп даяр тур. Биз кетерибиз менен артыбыздан жүз метр аралыкта айда. МАИлерден, менттерден этият бол, аларга да кабар жеткен,- деди. Дагы бир нерселерди айтайын деп баратты эле, аңгыча ары жактан Юлайдын шериги кыйкырып калды:
– Таптым, кеттик!- деди ал. Баарыбыз өз машиналарыбызга отуруп шаарды аралай кичине көчөлөргө кирип кеттик.
Үйгө барып жаттым. Кармалган кезде 12-06 Ерхандын кишилерине эмнелерди айтып салды экен? Же аны суракка алганга жетишпеди бекен? Жетишпей калган болушу да мүмкүн. Ар нерсени ойлонуп жатып кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм. Рациянын үнүнөн ойгондум, саат тогуздан өтүп калыптыр. Чарчап калган экенмин, төшөктөн тургум келбейт. Юлайдын үнү чыкты бир маалда:
– 12-02, рациянын каналын жетиге кой, азыр баарыңарга сөз бар.
– Түшүндүм.
Күтүп отурдум. Бардык балдарга айтып чыкты окшойт, беш мүнөттөн кийин минтти:
– 12-02?
– Угуп жатам, 12-01.
– 12-03?
– Угуп жатам, 12-01.
Баарыбызды текшерип чыкты. 12-06 дагы биз менен экен, азамат. Демек, Ерхандын балдарына сыр ачпаптыр.
– Сөз мындай, бүгүн бир айлык ишибиздин жыйынтыгын көрөбүз. Биз кандай жол менен болсо да жеңип чыгышыбыз керек. Ерхан Кудай эмес, бизге окшогон эле адам. Макул, көп сөздү жаман көрөм, бүгүн жеңип чыксак, ар бириңе жыйырма миң доллардан берилет. Ишибизге ийгилик! Эми ар кимиң өз каналыңарга улагыла.
Өз каналыма улап күтүп турдум. Мени бүгүн эң негизги ишке жөнөтсө керек, балдар деле чарчап калышкандай. Анын үстүнө акыркы окуялар шаштыны кетирип койгондой. Ушуларды ойлонуп жатканда Юлай байланышка чыгып калды:
– 12-02, кандай угуп жатасың?
– Угуп жатам, 12-01.
– Аэропортту айланып өтүп эгин талаасын аралай кеткен жол бар, көрдүң беле?
– Жок, аэропортко баргам. Жолду байкаган эмес окшойм, балким, эсимде жок.
– Макул, ошол жол жакын жердеги айылга алпарат. Жол менен бара берсең аэропорттун тосмосу бүтүп бурулган жерде арык бар. Ошол жерге бир тактай ташталган. Эми угуп тур. Аэропортко 5 чакырым жетпей жол боюнда бир эски сары бусик турат. Ачкычы айдоочунун орундугунун астында. Ошол бусикти айдап талаага барып, жолдорду байкаштырып кой. Ал машина ошол жердеги дыйкандардан сатып алынган, эч ким шекшибейт. Жолдорун көр, кайсы жагынан чыгып кетсек оң болот. Бир саатта барып каласың, чак түш болуп калат. Бул маалда талаада эч ким деле калбайт. Аэропорттун күзөтчүлөрү болушу мүмкүн. Алар деле сыртка көп чыга беришпейт, текшерип көргөм. Бусиктин ичинде төрт тактай болот, ошол тактайларды бусик арыктан өтө ала турган көпүрө кылып койсо болобу, байкаштыр. Тактайларды ары-бери өткөндөргө көрүнбөй турган кылып таштап кой. Саат эки жарымда жообуңду күтөм. Бусикти кайра трассага алып чыгып, алып кеткен жериңе кайра таштап кет. Өзүң такси кармап шаарга жетип аларсың, сенин машинаңды балдар алып кетишет. Кандай түшүндүң?
– Түшүндүм, 12-01.
– Макул, ийгилик.
Юлайдын эмне ойлоп койгонуна башым жетпеди. Эмне, Ерханга аэропорттон кол салабызбы? Алты адамдын күчү жетеби? Ерхандын адамдарынан башка аэропорттун күзөтчүлөрү да болот, баары куралчан. Буга чейин байкагам, күзөтчүлөрдүн айрымдарынын жүзү тааныш. Айтор, аэропорттон ызы-чуу салууга мүмкүн эмес. Тополоң болсо, аарынын уюгуна тийип аларыбыз белгилүү.
Жигулимди айдап аэропортко жөнөдүм. Белгиленген жерде сары бусик токтоп туруптур.Тузак коюлуп жүрбөсүн деп айлананы байкап бир аз турдум. Шектүү кыймыл байкалбайт. Бул машина менен качып кете албайсың куугун болсо. Жигулини дарактардын көлөкөсүнө токтотуп коюп, бусикти айдап талаага жөнөдүм. Салондо узундугу 2 метрлик калың тактайлар жатат. Аэропорттон ары кеткен жолго салып айтылган жерге жеттим. Машинаны токтотуп, талаага кирип кеттим. Күн карама эгилиптир. Талаада иштегендер деле жок, анда-санда чымчыктардын чыр-чур деген үндөрү угулуп жатты. Он мүнөттөй будканы карап отурдум, күзөтчү чыкпады. Эми чыкканда деле мени көрсө дыйкан деп ойлойт да. Арыкка тактай таштай турган жерди байкаштырып жаттым. Арык өтө деле чоң эмес экен, оңой эле өтсө болот. Аэропорттун тосмосунда да бир адам баткыдай чакан тешик бар экен. Чөп бийик өскөндүктөн мен көрүнбөй деле тургандаймын. Бусиктен тактайларды алып түшүп, бекитип койдум.
Шаарга кете турган бир эле жакшы жол – келген жолум экен. Башка жактары арык, суу агып баткак. Шаарга чыгып кетчү башка жолу барбы деп айылды да бир айланып чыктым. Шаар менен айылды ушул жалгыз жол байланыштырат экен. Жолу жакшы эле, шагыл төгүлүү, кыйынчылык болбойт.
Бусикти кайра трассага айдап чыгып ордуна таштап, такси менен шаарга жеттим. Юлайга байланышып баарын түшүндүрдүм.
– Түшүндүм, 12-02, сен үйүңдө болуп тур, өзүм чыгам байланышка,- деп койду Юлай.
Юлайдан алган тапанчамды бир сыйра тазалап, окторун чыгарып, аарчып, магазинин да тазалап чыктым. Жатып эс алайын десем тынчым кетет. Уктай алчудай эмесмин. Негизи эле алдымда оор милдет турганда уйкум качып, түнү менен уктай албай чыгам. Адыл аганын тапшырмаларын аткарып жүргөм, ишти ийгиликтүү бүтүрмөйүн менде тынч уйку жок. Кээде операцияны ойдогудай бүтүрүү үчүн суткалап уктабай калган учурлар көп эле болду. Бирок сыр берчү эмесмин. Адыл аганын көзүнө алсыз жагымды көрсөткүм келчү эмес. Саат кечки жетиде рациямдан сигнал келди:
– 12-02, эки сааттан кийин, баягы бусик токтоп турган жерде бол. Такси менен барып, байкатпай түшүп кал. Мен ошол жерде болом, кандай түшүндүң?
– Түшүндүм, 12-01.
Саат тогузда айтылган жерге келдим. Жарнамалык тактайдын эле жарыгы болбосо айлана караңгы.
Юлай артымдан акырын ышкырып чакырды:
– Кеттик, Самат, барганда түшүндүрөм эмне кылышты. Ме, азыр эле кийип ал. Иш бүткөнчө чечпе,- деп маска берди. Көзү менен оозу эле ачык, жука кара түстөгү жумшак материалдан тигилиптир. Юлай өзү да маска кийип, шыпылдап алдыга түшүп жол баштады. Талааны аралаган жолдорду каяктан билет, тим эле күндө ары-бери өтүп жүргөндөй ишенимдүү баратат. Артынан жөнөдүм, тапанчамды октоп калсам Юлай бурулуп:
– Тапанчаңды ыргыт, бизге керек болбойт,- деди. Таң калдым, ушундай иште кантип тапанчанын кереги тийбесин? Тамашалап жатабы десем, жок, сөзүн кайра кайталады:
– Ыргыт, Самат, кокусунан атылып кетип бүт ишти өлтүрбөсүн. Жаныңда болсо ызы-чууда атып жиберишиң толук мүмкүн. Эч кандай чуу чыкпашы керек. Ишти эч ким эч нерсе билбей калгыдай тынч бүтүрүшүбүз керек...
(Уландысы кийинки санда)