K-pop музыкасынын бүт дүйнөгө таанымал болгон өкүлдөрүнүн катарында «EXO» тобу сыйлуу орунду ээлейт. Топтун 150дөн ашык наам-сыйлыктары бар. 2014-2018-жылдар аралыгында «Түштүк Кореядагы эң таасирдүү артисттер» аталган топтун камбэгин күткөндөр көп. Бирок алар толук курамда эмес, Сюмин, Дио жана Сухо аскердик кызматын өтөп жүрүшөт. Ошентсе да калгандары бири соло ырчы катары, дагы бири дуэт болуп чыгармачылыктын үстүндө эмгектенип жатышат. Бүгүн биз Инстаграм баракчабыздагы окурмандардын суранычы менен «EXO’нун» таланттуу ырчысы Пак Чанёль тууралуу маалымат берүүнү чечтик.
Толук аты-жөнү: Пак Чанёль
Туулган жылы: 1992-жыл, 27-ноябрь
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары
Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, эжеси бар
Бою: 185 сантиметр
Лейбл: "SM Entertainment"
Кесиби: ырчы, рэпер, музыкант, продюсер, актёр, модель
Тартылган тасмалары: «Ушинтип антифанатыма үйлөндүм» тасмасы, «Менин кошуналарым «EXO», «Альгамбра жөнүндө эскерүү», «Ханышанын жашыруун жаратуучулары» сериалдары жана башка
ЧЫГАРМАЧЫЛ ҮЙ-БҮЛӨ
Бир үй-бүлөнүн кенжеси болгон Пак Чанёль атасынын кыялын орундаткан уулдардын катарына кирет. Өспүрүм куракта атактуу америкалык кинорежиссёр Ричард Линклейтердин «Рок мектеби» комедиясын көрүп музыкага болгон кызыгуусу ойгонуп, кинодогу каармандай болуп барабанда ойногусу келет. Мектепте өзүнө окшоп жаңыдан музыка дүйнөсүнө кызыгып келе жаткан балдарды чогултуп, «Heavy Noise» рок тобун түзгөн. Топ 3 жыл эмгектенип, кийин окуучулар мектепти аяктаганда тарап кеткен.
Чанёлдун чыгармачылыкка болгон умтулуусун атасы колдоп турган. Анткени өзү жашында музыка менен алектенип баштап, бирок жыйынтыкка жеткиче таштап койгон эле. Андыктан 16 жаштагы уулун актёрдук чеберчилик боюнча билим алсын деп жеке менчик окуу жайга берген.
Атасынын колдоосуна Чанёлдон мурун үйдүн улуусу Пак Юра да ээ болгон. Кыз өз кезегинде диктор болууну тандаган. Кореядагы белгилүү телеканалдарда 2019-жылга чейин дикторлук кызматты аркалаган Пак Юраны өзүнөн 3 жаш кичүү иниси Пак Чанёлго аябай окшоштурушат.
РЭПКЕ АЛЫП КЕЛГЕН РОК
Музыкалык сынактан 2-орунду алгандан кийин 2008-жылы Пак Чанёль "SM Entertainment" агенттигине кабыл алынган. Алгач рок жанрындагы музыка аркылуу чыгармачылыкка кошулган ал стажёр кезинде музыканын ар кайсы багытын угуп, акыры жан дүйнөсү рэпке жакын экенин сезет. 2012-жылы дебют жасаган «EXO» k-pop тарыхына өз изин сала алды. Тарыхка из салуучулардын катарында, албетте, Чанёль да бар.
КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ
Каарманыбыз топтун мүчөсү катары тынч оокатын кыла берсе болмок. Бирок ал бир канча шоулорго катышты. Жалгыз ырдады, ар кайсы ырчылар менен дуэт жаздырды. Топко, башка ырчыларга да ыр жазып келет. Актёрдук чеберчилигин да сынасаңыз болот. Тасмаларга саундтрек да жазат. Эң мыкты саундтректердин топтомун камтыган «Гоблин» сериалындагы «Stay With Me» ырын уксаңыз керек? Ырдын аткаруучулары – атактуу ырчы кыз Punch жана Чанёль.
«EXO’нун» 2019-жылы түзүлгөн «EXO-SC» кичи тобуна кирген Чанёль менен Сехун июль айында күйөрмандарын жаңы музыкалык альбому менен кубантуунун алдында турушат.ЧАНЁЛДУН ОЙЛОРУНАН
ЧАНЁЛЬ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Асыл Орозбекова
star@super.kg