Учу эки ача болгон чачтар – чачка кандай кам көрүлгөндүктүн белгиси. Мунун алдын алуу үчүн ар бир 2 ай сайын чачтын учун кыркып туруу кажет. Эгер чачты өстүрүүнү кааласаңыз, анда туура кам көрүңүз.
СЕБЕПТЕРИ
КАМ КӨРҮҮ
Эгерде чачтын учтары узак убакыттан бери начар абалда жүрсө, анда учун кыркуудан башка чара жок. Бирок үзгүлтүксүз туура кам көрүү менен биз кургап кеткен чачтын учтарына жардам бере алабыз. Бул үчүн чачты нымдандырып, азыктандырып турушубуз зарыл. Чачтын учтарынын эки ача болуусу чачтын түбүндөгү баш терисинен чыккан майлардын учуна жетпей жаткандыгынан кабар берет. Мындай учурда чачка кам көрүүнүн эң жеткиликтүү жана табигый жолу – бул майларды колдонуу болуп саналат.
Зайтун майы. Үйдө, кеңселерде кондиционер көп иштетиле баштаганда жардамга келет. Дал ушул приборлор чачтын алсыз жана кургак болушуна себепкер. Зайтун майы бул учурда нымдандыруучу кызматты аткарат. Кечинде жатарда зайтун майын бир аз жылытып туруп чачтын учтарына сыйпайсыз дагы, эртең менен башты жууп саласыз.
Кокос майы. Бул майды ар бир баш жуурдун алдында колдонсоңуз болот. Анткени ал шампундагы зыяндуулукту азайтат. Майды бир саатка же бир түнгө сыйпасаңыз болот.
Бадам майы. Чач боёктон же фенден улам кургап калган чачтарга жакшы жардамчы. Чачтын өсүүсүн активдештирет, клеткалардын жаңырышын шарттайт, ультракызгылт нурлардан коргойт. Андыктан көлгө эс алууга баратсаңыз, бадам майын жаныңызга алып алыңыз.
Жожоба майы. Сыйпагандан кийин жуулбайт. Муну бир нече жолу колдонгон соң жыйынтыгын байкайсыз. Айтмакчы, жожоба майы чачтын өсүшүн да шарттайт.
Авокадо майы. Муну чачтарачка барып келгенден кийин чачтын учунда жаңы эки ачалар пайда болуп кетпеши үчүн колдонсо болот.
Гулийпа Маметосмон кызы
kenesh@super.kg