Күйөө баласы кайнене-кайнатасына бычак сайган деген маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын Ленин көчөсүндө орун алган. Окуя кандай болгонун иликтеп көрдүк.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП МАРКУМДУН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ КАРМАЛДЫ»
Окуя тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:
2020-жылдын 1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана жетекчилиги барган. Окуя катталган үйдүн короосунан 1957-жылы туулган О.Онун киши колдуу болгон жансыз денеси табылган.
Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Мындан тышкары каза болгон жарандын күйөөсү, 1954-жылы туулган Д.О. дагы денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.
Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, баш кийимден эки көздүн орду оюлуп жасалган бет кап жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.
Кылмыштын изин суутпай, Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары маркумдун күйөө баласы, Сузак районунун тургуну, 2002-жылы туулган А.Т. жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын уруп-сабай бергендиктен аялы ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетем деп келгенде апасы О.О. жөнөтпөй койгон. Кетип жатып күйөө баласы “өлтүрөм” деген сөзүн айтып, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында бет кап тагынып алып келген. “Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүз кел” деп жооп кайтарышканда ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын бир нече жолу сайып, оор жаракат келтирген. Скотч менен жубайынын колун, оозун ороп, күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү жашынып жүргөн.
Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
«МАРКУМ ЭЧ КИМГЕ ЗЫЯНЫ ЖОК, ЖАКШЫ КИШИ ЭЛЕ»
Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын башчысы Айбек Акматбеков окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
Жумушка бара жатсам эл чогулуп жатыптыр. Мени чакырышты. Барып эле укук коргоо кызматкерлерин, “Тез жардам” кызматын чакырдык. Баарыбыз муну күйөөсү кылды, ичкиликтен болду деп ойлогонбуз. Ал үйдүн ичинде жатканынан мас экен деп койгонбуз. Маркум эже эшикте жатыптыр, каза болуп калганына бир топ болгон окшойт. Эртең менен үй ээсинин бир досу келиптир. Ити каап үйгө киргизбей, үйдөн киши чыкпаганда кошуналарын чакырыптыр. Ошентип үй ээлеринин кырсыгына күбө болдук.
Кийин күйөө баласы келип жүргөн деген сөз болду. Көрсө, апасы кызын чыгарбай, күйөө баласын кубалап жатканда бычак сайып, кызды мажбурлап алып кеткен имиш. Үйүнө барып тамдын чатырына жашынып алган жеринен милиция кармап кетиптир.
Үй-бүлөнүн 2 уул, 2 кызы бар. Бир уулу каза болуп калган. 1 уулу Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашайт. 2 кызы да Орусияда, абалга байланыштуу келе алышкан жок. Үйүндө дагы 2 небереси бар эле, аларды үй ээсинин бир эжеси келип карап жатат.
«МАГА БИР ЖОЛУ ТИЛ КАЙРЫБАГАН БАЛАМ УШУЛ ИШКЕ БАРГАНЫНА ЭЧ ИШЕНБЕЙМ»
Кылмышка шектелип кармалган А.Т. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылынын тургуну. Анын апасы, 45 жаштагы Тахмина Тургунбаева уулунун мындай иш кылганына ишене албай турганын айтты:
Балам ичимдик ичпейт. Андай бейбаштыгы деле жок болчу. Жакшы окучу. Айылдагы иштерди кылып акча таап, бизди багып жаткан. 18ге жакында эле чыккан, лицейде окучу, 2-курсту бүткөн, дагы бир жыл окуса бүтмөк. Кудама барып жолуктум, жакшы эле экен. Ага “чын эле ушундай иш болдубу, ачыгын айтыңызчы? Бала жаш” деп жалдырадым, эч нерсе деген жок. Баламды милиция алып кеткенден кийин өзүнө барып жолуктум “апа, мен бул ишке барган жокмун, мени ушундай иш кыл деп чоңойткон эмессиз” деп гана айтты.
Баламдын айтымында, келиним үйүнө көп барчу, ошондо да балам барып “үйгө алып кетейин” десе, апасы “жашабайт” деп кууй бериптир.
Кызды алгыла дегенде үйүнө барып жолуктум. Ошондо келиндин апасы “жолдошумдун мүнөзү жаман, кызды алып кетпесеңер болбойт” деди. “Балам экөө сүйлөшсө алып берем, сарсанаа болбогула, колума акча тийсин, августта ырым-жырымын кылам” деп кызды алып кеткенбиз. Экөө жакшынакай эле жашап жатышкан. Урушкандарын деле көргөн жокмун, балам өзү аялзатын аяп турат.
Менин билишимче, бет кап кийген, бычак көтөрүп келген, 16 жерине бычак сайылган дегендин баары жалган. Сөөктү жууган аялдан да сурадым, “моюнуна гана сайылган” деди. Кармап кеткен күнү эле үйгө келдим, келинди байлап койгонуна да күмөнмүн. Жаткан төшөгү деле жыйылбаптыр, үйдө эле укташкан окшойт. Келинимден 2-3 жолу “ортодо таенең өлүп жатат, күйөөң түрмөгө кетип жатат, ачыгын айт, өлтүргөнүн көрдүңбү?” деп ыйлап сурадым. “Көргөн жокмун” деп гана жооп берди. Балким, үйүндө ич ара чыр болгондур. Чындыкты бир гана келиним менен атасы билет. Мага бир жолу тил кайрыбаган балам ушул ишке барганына эч ишенбейм.
Динара Акимова
koom@super.kg