Стерванын ролу сонун жарашкан Co Йе Жи

«Стерва!» Аны биринчи көргөндө эле ушундай ой жаралат. Сөз азыркы учурда популярдуу болуп жаткан «Жиндимин, бирок баары ойдогудай» дорамасындагы «стерва» кыздын (Го Му Ён) ролун аткарган Со Йе Жи тууралуу. Дораманын алгачкы сериясынан баштап эле көпчүлүк Со Йе Жиге аткарган ролу, «муздак» кыздын образы абдан жарашарын айтышты. Актрисага аткарган образы канчалык жакын, кино дүйнөсүнө кантип келип калды, кандай кыйынчылыктарга туш болду? Суроолорго жооп издеп көрдүк.

Толук аты-жөнү: Со Йе Жи

Туулган жылы: 1990-жыл, 6-апрель

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою: 169 сантиметр

Салмагы: 43 килограмм

Жылдыз белгиси: Кой

Эне тилинен сырткары англис, испан тилдеринде эркин сүйлөйт

Тартылган белгилүү сериалдары: «Мурим мектеби», «Куткар мени», «Хваран», «Мыйзамсыз адвокат», «Жиндимин, бирок баары ойдогудай» жана башка

Тартылган белгилүү тасмалары: «Караңгылык», «Башка жол», «Ким Сон Даль» жана башка

АКТРИСАНЫН ГО МУ ЁНго ОКШОШТУГУ БАРБЫ?

– Окшоштук бар. Го Му Ён чынында эле муздак, орой, текебер адам. Өзүнө каранып жүрөт, сулуу экенин билет. Бирок мунун баары ал үчүн «бронежилет» сыяктуу. Ал орой мүнөзү менен өзүн коргойт, кымбат кийим, аксессуарлардын артына жашынат. Анткени аны эч ким сүйгөн эмес, мээримдүүлүк эмне экенин билбейт. Кичинесинен физикалык да, психологиялык да басымга кабылган. Жан дүйнөсүндө көптөгөн жаракат бар. Чыныгы жашоодо деле биз өзүбүздү дал ушундай болбосо да, кайсы бир элементтер менен коргойбуз да. Менин кинодогу каарманымды түшүнгөнгө аракет кылсаңар, мээрим төксөңөр, ал чыныгы жүзүн ачат. Го Му Ёнго силердин сүйүүңөр керек,- дейт Со Йе Жи.

КИНОГО АЛЫП КЕЛГЕН БАЛЕТ

Сулуулугу, таланты менен көпчүлүктү багынткан Со Йе Жи кичинесинен оригами өнөрүнө кызыкчу. Бөлмөсүндө кагаздан жасалган түрдүү фигуралар көп эле. Баарынан да ак куу жасаганды жакшы көрчү. Китептен, телевизордон ак кууну көрсө алардын койкойгон узун моюнуна, сулуулугуна, суу үстүндө канат жайып бийлегенине суктанар эле. Анын бул кызыгуусу балет мектебинин эшигин кактырган. Ал эми балет бийи аны кино дүйнөсүнө жетелеп келди. Анын актрисалык дебюту 2013-жылы чыккан «Картошка жылдызы» сериалында болуп, анда мурунку балет бийчисинин ролун аткарган.

АКТРИСА КАТАРЫ ТААНЫТКАН ДОРАМАЛАР

Со Йе Жини актриса катары тааныткан 2016-жылы чыккан фантастика, романтика жанрындагы «Мурим мектеби» болду. 2017-жылы тартылган «Хваран» дорамасында драмалык ролду да мыкты аткара аларын далилдеди. Ал эми 2018-жылы экранга чыккан «Мыйзамсыз адвокат» дорамасы Йе Жинин романтикалык тарабын да ачып берди. Бул дорамада анын өнөктөшүнүн ролунда «Алоолонгон жүрөктөр: Корё» сериалынын жылдызы, актёр Ли Жун Ки эле. Эки адвокаттын ортосундагы «химия» күйөрмандар тарабынан жакшы кабыл алынып, "экөө кыз-жигит болсо жакшы жарашат" дегендер да чыкты. Учурда болуп жаткан «Жиндимин, бирок баары ойдогудай» дорамасы дагы Йе Жиге ийгилик алып келет деген ишеним чоң.

ООРЧУЛУК ЖАРАТКАН РОЛЬ...

– Карьерамдагы эң оор роль «Куткар мени» сериалындагы Ии Сан Миники болду. Анда каарманым бир кооптуу сектанын таасиринде калат эмеспи. Сан Минин ролун түшүнүшүм керек деп жатып кантип өзүм ага айланып кеткенимди сезбей калыптырмын. Ар бир күнүм съёмкадан сырткары да Ии Сан Минин жашоосуна айланды. Өзүмдү бактысыз сезип калдым. Көп ыйлачу болдум, тартуу иштеринде көз жашымды токтото албай кыйналган учурлар болду. Тартуу иштери 4 айга созулду, а менде «түнкү шал оорусу» деп коёт экен, ошол дарт пайда болду. 4 айдын ар бир түнүндө булчуңдарым тырышып, кыймылга келбей калат. Ага кошумча коркуу сезими күч алды. Артымдан бирөө ээрчип жүргөндөй, эшигимди тыкылдатып жаткандай сезиле берди. Чындап эле депрессияга кабылдым. Дорамага тартылып бүткөндөн кийин башка долбоорлордон баш тартууга туура келди. Анткени мага тыныгуу керек эле. Психикалык абалымды оңдош үчүн көп убакыт короттум,- дейт Йе Жи.

КИНОДОН СЫРТКАРЫ...

Актриса болгонго чейин Йе Жиде журналист болуу кыялы бар эле. Кыялды максатка айланткан ал Испаниянын Мадрид шаарына барып 2 жыл журналистика тармагында билим алып келген. Испан тилинде эркин сүйлөгөн ал бул мүмкүнчүлүгүн алып баруучулук кесипте да колдонуп келет. Актриса жана алып баруучулуктан сырткары ал суроо-талапка ээ модель.

Со Йе Жи сексуалдык тарбия боюнча да билим алып, мугалим деген сертификат алган. Ал келечекте көп балалуу болгусу келет жана балдарды чоңойтууда сексуалдык тарбия боюнча билимдин кереги тиерин айтат.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2020-07-13 13:12:23
Хваранда ханбийкенин ролун жакшы аткарган.
0
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан